Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:58

Элдик курултай: Жапаров сын, сунуштарга жооп берди

Курултайды Улуттук телерадио корпорациясы, облустук телеканалдар жана алардын социалдык баракчалары түз көрсөтүүдө. "Азаттык" радиосунун кабарчыларына курултайды чагылдырууга уруксат берилген эмес.

15:07 25.11.2022

Рыскүл Акимжанова:

Курултайда бала-бакча, мектептин ремонту, жолдун ремонту, суу, жбус маселелер айтылып жатат. Анын баарын чече турган айылдык, райондук, облустук, республикалык масштабдарда чиновниктер ар түрдүү бийлик бутагында отурушат да, иштейбиз, чечебиз деп. Чечип койгонбуз деп отчетторду бергишкен үчүн Акылбек Жапаров жалпылап туруп сонун отчетторду берди да.

Ошол маселелерди айтканы атайы курултай уюштурулса, ал маселелер жеринен чечилбесе, анда ошол маселелерди түздөн-түз чечкенге милдеттүү болгон жергиликтүү бийликтин башчыларын эмнеге кармап отурушат айлык төлөп. Реформа кылабыз деп акимдерди да ротация кылышкан, эмне болду, реформа иштебей калдыбы ошондо?

Жергиликтүү бийлик иштебесе, эл үнүн жеткире турган депутаттар иштебесе, анда жалпысынан бийлик менеджер катары эффективсиз болуп калабы?

Логика боюнча, демек бийликтин жалпы вертикалы иштебей жатыптыр да.

Же мен туура эмес түшүнүп алдымбы?

Же курултай башка форматта жана масштабда өтүш керек беле?

15:10 25.11.2022

Гүлсара Мадаминова:

Гапыр Мадаминов агайдын курултайда сүйлөгөн сөзү:

1. Чек арада эми бир да ок айтылбайт, биз тынчтыкты камсыздайбыз деп элге ишеним бергиле болбосо баары Чүйгө көчүп келе берсе айылдарда, чек арада ким калат?

2. "Чүйүбүз - баарыбыздын үйүзбүз" деген адамга рахмат бирок Баткен, Лейлегибиз баарыбыздын үйүбүз да болушу керек.

4. Чек арадагы жаш балдар, боюнда бар энелер түндөсү ок үнүнөн ойгонбосок экен деп уйкуга кетип жатат. Тилектери орундалса экен. Бул өтө олуттуу маселе.

5. Биз Баткен эли жалаң эле көйгөй айтып даттанбайбыз чечүү жолдорун да сунуштайбыз. Саркенд, Айкөл, Козу Баглан дарыяларынан канал аркылуу суу өткөрүп, суу сактагычтарды курсак, 10.миңдеген кургак жерлерди өздөштүрүп миграция токтоп, жергиликтүү эл иш менен камсыз болмок. Болбосо азыр чет өлкөдөгү мигранттардын эң көп пайызы баткендиктер болуп жатат.

6. Сүйүнчү кабарды да айтайын булар жалаң кыжалалат маселелер айтат экен дебегиле. Биздин ошол бир көчө нары өтсөң Тажикистан болуп кеткен чек арадагы 200 бала окуган гимназиядан 80 баланы Мед. Академиянын бюджеттик бөлүмүнө окууга өткөрдүк. Тажикстандын президенттик 3 этаждык гимназиясынын окуучулары менен биздин Дүйшөндүн гимназиясындай болгон 1 этаждык мектеп окуучуларабыз жарышып 1-орунду алышчу чек аралар ачык кезде. ОРТ боюнча орточо балл 173 болуп республика боюнча 1-орунду алганбыз. Бул жетишкендиктредин баары шарты жок мектепте патриоттук менен иштеп келе жаткан мугалимдердин эмгегинин жемиши. Эми бир гана суранычыбыз ошол чек арага бизге шарты жакшы болгон бир гимназия куруп бериңиздерчи.

6. Эртеден бери сөз сүйлөгөн элдин баары коррупция менен күрөшүү керек деп жатасыздар ошол коррупциянын алдын алуу ҮЙДӨН БАЛДАРГА ТУУРА ТАРБИЯ бергенде гана ишке ашат. Андыктан биздин ЭНЕЛЕР МЕКТЕБИ окууларыбызды бут 7 облус боюнча ачып жатабыз, бир колдоп бериңиздерчи.

7. Азыр информация заманында жашап жатабыз, бүгүнкү маалымат эртең эскирип калууда андыктан сөзсүз түрдө ар бир баланы АКЫЛ ЭМГЕГИНИН МАДАНИЯТЫНА үйрөтүүбүз керек. Ошондо акылын иштетип, информацияны ылгап алат.

15:11 25.11.2022

15:30 25.11.2022

Баткендин Ак-Сай айылынан келген делегат Жалил Каработоев: Мен Көк-Таш айылынан болом. Азыркы учурда бала бакча да, мектеп да, үй да керек эмес. Анткени анын баары үч саатта күйүп кетет. Бизге азыр тынчтык керек. Азыркы күндө үйүн таштап Ош, Чүй, Орусияга кеткендер болуп атат. Бирок алар аз. Биз өз жерибизди таштап кетпейбиз. Садыр Нуркожоевич, чек арага жакын турган адамдарга курал берүүнү, тагыраагы курал колдонууга уруксат кагазын берүүнү тездетүү керек. Эгер бизде курал болсо киргизбейт элек. Кечээги урушта биздин айылга кире алган жок. Алыстан аткылап эки-үч үйдү кыйратышты. Самаркандекке да кире алышкан жок. Жергиликтүү тургундар жардам берди. Биз коркпойбуз. Чек араны тездетип, зым менен тоссок мышык да кире албайт эле. Мал уурдалат, изи барып Тажикстанга кирип кеткен болот.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG