12:37
25.11.2022
12:43
25.11.2022
12:44
25.11.2022
12:45
25.11.2022
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламент “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоорун жакынкы аралыкта карай турганын билдирди. 25-ноябрда Бишкек өтүп жаткан Элдик курултайдагы баяндамасында Жогорку Кеңештин алдында документти карап кабыл алып берүү милдети турганын айтты.
Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда 1072 делегат катышкан курултай өтүп жатат. Курултайга президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, өкмөттүн мүчөлөрү жана укук коргоо органдарынын жетекчилери катышууда.