Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:30

Элдик курултай: Жапаров сын, сунуштарга жооп берди

Курултайды Улуттук телерадио корпорациясы, облустук телеканалдар жана алардын социалдык баракчалары түз көрсөтүүдө. "Азаттык" радиосунун кабарчыларына курултайды чагылдырууга уруксат берилген эмес.

15:07 25.11.2022

Рыскүл Акимжанова:

Курултайда бала-бакча, мектептин ремонту, жолдун ремонту, суу, жбус маселелер айтылып жатат. Анын баарын чече турган айылдык, райондук, облустук, республикалык масштабдарда чиновниктер ар түрдүү бийлик бутагында отурушат да, иштейбиз, чечебиз деп. Чечип койгонбуз деп отчетторду бергишкен үчүн Акылбек Жапаров жалпылап туруп сонун отчетторду берди да.

Ошол маселелерди айтканы атайы курултай уюштурулса, ал маселелер жеринен чечилбесе, анда ошол маселелерди түздөн-түз чечкенге милдеттүү болгон жергиликтүү бийликтин башчыларын эмнеге кармап отурушат айлык төлөп. Реформа кылабыз деп акимдерди да ротация кылышкан, эмне болду, реформа иштебей калдыбы ошондо?

Жергиликтүү бийлик иштебесе, эл үнүн жеткире турган депутаттар иштебесе, анда жалпысынан бийлик менеджер катары эффективсиз болуп калабы?

Логика боюнча, демек бийликтин жалпы вертикалы иштебей жатыптыр да.

Же мен туура эмес түшүнүп алдымбы?

Же курултай башка форматта жана масштабда өтүш керек беле?

15:03 25.11.2022

14:56 25.11.2022

"Азаттыктын" сурамжылоосу: Курултайда эмнени айткыңыз келет?

14:47 25.11.2022

Бактыбек Максүтов: Балыкчы шаарынын кире беришине Манас бабабыздын эстелигин тургузуу керек. Акыркы кезде Кыргызстанда туризм өнүгүп жатат. Бишкектин темир жол вокзалына түшкөн адам кара айгырын алкынтып минип турган Фрунзенин эстелигин көрөт. Андан кийин Ново-Покровка айылын басып, Көл тарапка бет алат. Кемин шаарчасына киргенде орус офицеринин кийимин кийген Шабдан баатырды карап өтүшөт. Андан кийин жүрүп отуруп Балыкчы шаарына жеткенде атын, итин жетелеген Семенов Тянь-Шанскийдин эстелигин, Көлдүн башынан Прежевальскийдин эстелигин көрүшөт. Ушулардын баарын көргөн кишиде Кыргызстан Орусиянын бир автоном облусундай сезилиши мүмкүн. Ошондуктан Балыкчы шаарынын кире беришине Манас бабабыздын эстелигин орнотуу зарыл деп ойлойм.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG