Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:13

Элдик курултай: Жапаров сын, сунуштарга жооп берди

Курултайды Улуттук телерадио корпорациясы, облустук телеканалдар жана алардын социалдык баракчалары түз көрсөтүүдө. "Азаттык" радиосунун кабарчыларына курултайды чагылдырууга уруксат берилген эмес.

12:30 25.11.2022

Акылбек Жапаров: Эки жылда 140 мектеп салдык. Бишкектин өзүндө эле 15 мектеп салынды.

12:29 25.11.2022

Бишкекте башталган элдик курултайда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөдөгү оппозицияны сынга алды.

"Бизге биримдик гана жарашат. "Өз агасын агалай албаган, бирөөнүн агасын сагалайт" болуп, чет өлкөлүктөрдүн жана олигархтардын анча-мынча акчасына азгырылып, демократия деген сөздү бетине кармаган, өзүн оппозициябыз деген бир ууч адам жасалма көшөгөнүн аркасында мамлекетти талкалоого даяр. Дарбазабыз он метр ары жылабы, бери жылабы, аларга баары бир, эптеп дүрбөлөң чыгаруу. Саясатыбызды шоуго айлантып, "бөйрөктөн шыйрак чыгарып", кылдан кыйкым издеп, чукулап жазган айрым журналист, айрым бейөкмөт уюмдун эле жашоосу болуп калды", - деди Жапаров.

Кыргызстанда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу келишимге каршы болгон 30га жакын саясатчы, активисттер “жапырт башаламандык уюштурууга даярданган” деген шек менен камакка алынган. Алар муну саясий куугунтук катары баалап жатышат.

12:20 25.11.2022

12:15 25.11.2022

Президент Садыр Жапаров 25-ноябрда элдик курултайда административдик-аймактык реформага камылга башталганын билдирди. Анын алкагында Ысык-Көлдүн Түп району пилоттук аймак катары тандалып алынганын маалымдады.

"Бүгүнкү күндө башкаруунун жаңы системасын киргизүү менен административдик-аймактык түзүлүштүн жаңы модели зарыл болуп турат. Учурда реформа жүргүзүүгө даярдык башталып, пилоттук аймак катары Ысык-Көл облусунун Түп районун тандап алдык. Бул реформанын алкагында райондогу 13 айыл аймагынын базасында беш эле айыл аймагы түзүлөт. Бул райондогу реформанын жыйынтыгы ар тараптан иликтенип чыккандан кийин анын натыйжасы эске алынып, реформа бардык республика боюнча ишке ашырылат", - деди Жапаров.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG