Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:44

Элдик курултай: Жапаров сын, сунуштарга жооп берди

Курултайды Улуттук телерадио корпорациясы, облустук телеканалдар жана алардын социалдык баракчалары түз көрсөтүүдө. "Азаттык" радиосунун кабарчыларына курултайды чагылдырууга уруксат берилген эмес.

12:03 25.11.2022

Президент Садыр Жапаров 25-ноябрда Бишкекте башталган элдик курултайда сүйлөгөн сөзүндө Кемпир-Абад маселесине токтолду. Анда аталган суу сактагычка байланыштуу эки тараптуу келишимге каршы чыккандарды "өз кызыкчылыгын көздөгөн" деп айыптады.

"Бул көйгөйдүн чындап бир жаңсыл болуп чечилишине каршы болуп, Кемпир-Абадды бетке кармап, маалыматтарды, фактыларды, чындыкты бурмалап, элдин аялуу сезимине ойноо менен жеке кызыкчылыктарын ишке ашырууну көздөп, өлкөдө туруксуз абалды жаратып, коомчулукту ары-бери чайкоо ниеттери ишке ашкан жок. Чек аранын биздин пайдага чечилип жатканын көрө алган, түшүнө алган, салмактуу ой жүгүртө билген, "Чубактын кунундай чубалжытпай ", дагы канча кагылыштарга себеп кылбай чек ара маселесин биротоло чечүүнү колдоп берген эл-журтубузга дагы бир жолу ыраазычылык билдирем", -деди Жапаров.

11:51 25.11.2022

11:45 25.11.2022

Эламан Карымшаков:

Элдик курултайга 1 072 делегат катышууда.

Курамында 12 улуттун өкүлдөрү бар, 924үн эркектер, 148ин аялдар түзөт.

Жаш курагы боюнча төмөнкүдөй:

  • 18ден 30 жашка чейин — 23 делегат;
  • 30дан 40 жашка чейин — 141;
  • 40тан 50 жашка чейин — 197;
  • 50дөн 60 жашка чейин — 268;
  • 60тан 70 жашка чейин — 330;
  • 70тен 80 жашка чейин — 97;
  • 80 жаштан жогорку — 14.

11:19 25.11.2022

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG