Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:51

Элдик курултай: Жапаров сын, сунуштарга жооп берди

Курултайды Улуттук телерадио корпорациясы, облустук телеканалдар жана алардын социалдык баракчалары түз көрсөтүүдө. "Азаттык" радиосунун кабарчыларына курултайды чагылдырууга уруксат берилген эмес.

09:42 25.11.2022

Жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоону уюштурууну жергиликтүү кеңештер чечкен. Бишкек шаарында квота боюнча делегаттардын жалпы саны 800 адамды түзгөн, административдик райондордун калкынын санына жараша - Ленин району - 203 делегат (278,5 миң жашоочу), Октябрь району - 228 делегат (313,2 миң жашоочу), Биринчи май району - 164 делегат (225,3 миң жашоочу), Свердлов району – 205 делегат (281,4 миң жашоочу). Булардын ичинен борбордон Элдик курултайга 60 делегат шайланып бара турганы кабарланган.

09:36 25.11.2022

5-ноябрда Бишкек шаарында Элдик курултайга шаардан делегаттарды бекитүүдө Октябрь району боюнча талаш жаралган. Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөн жергиликтүү курултайда Октябрь районунан 16 делегат сунушталган. Бирок айрымдар тизме макулдашылбай түзүлгөнүн айткан.

“Азыркы берилген тизме эч ким менен макулдашылган эмес. Бул мэриядан келген тизме. Дүжүрлөр. Биз да жаңы тизме беребиз”, - деген катышуучулардын бири.

09:35 25.11.2022

Элдик курултайды уюштуруу комитети 3-ноябрда жыйынга чогулуп, курултайдын күн тартибин бекиткен. Президенттин басма сөз кызматы буга чейин жер-жерлерде уюштуруу маселелери, делегат шайлоого байланыштуу бир катар жыйындар болгонун кабарлаган.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында жана чет өлкөлөрдөгү мигранттар арасынан делегат шайлоого байланыштуу жыйын 5-ноябрда өткөн.

"Курултайдын максаты - президенттин эл менен түз байланышуусу, анда делегаттар менен пикир алмашат. Мурдагыдай даярдалган "дүжүр" делегаттар болбойт. Бийлик менен элдин ортосунда эки тараптуу байланышты түзүү жана өлкөнүн өнүгүүсү боюнча берилген өзөктүү сунуштарды эске алуу менен мындан ары кадам таштоо",- деген мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов.

Маалыматта курултайда делегаттардын суроолору каттоого алынып, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу коомчулукка жарыяланары белгиленген.

"Аймактардан шайланып келген 1074 делегаттын суроо-талаптары, сунуштары жерде калбайт. Курултайда берилген сунуштар, каралган маселелердин жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алынат. Чечим мамлекеттик бийлик бутактарына, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунуш иретинде жиберилет",- деп көрсөтүлгөн.

09:33 25.11.2022

Мамлекеттик катчы, Элдик курултайды уюштуруу комитетинин башчысы Сүйүнбек Касмамбетов "Биринчи радиого" курган маегинде элдик курултайдын сайты ачыла турганын билдирген. Анда курултайда көтөрүлгөн маселелер, сунуштар жазылып, иш-чаранын программасы жарыяланарын, анда кабыл алынган сунуштар, мыйзамдар тууралуу да маалыматтар чыгып турарын айткан.

"Мурдараак курултайдын жыйынтыгы боюнча кандай иш жүрөт деген суроо көп берилчү. Айрымдар курултайды жылына бир өтүп, анан унутулуп калчу жыйын катары түшүнчү. Курултай - бийлик менен элдин эч кандай ортомчусуз, түз байланышы", - деген Касмамбетов.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG