Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:16

Экс-спикердин эки кызы эмнеге кармалды? Ташиев пикирин билдирди


Айдай Турсунбекова атасы менен түшкөн сүрөт. Сүрөт анын Фейсбуктагы баракчасынан алынды.
Айдай Турсунбекова атасы менен түшкөн сүрөт. Сүрөт анын Фейсбуктагы баракчасынан алынды.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбековдун кыздарыны кармалышы Кыргызстандагы коррупцияга каршы күрөш жана менчиктин кол тийбестиги маселесин күн тартибине чыгарды.

Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо) боюнча иш козголгон.

Ысык-Көлдөгү “Акун” пансионатын иштеткен Айдай Турсунбекова кармалып, 24-августка чейин камакка алынганы жума күнү белгилүү болду.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, анын бөгөт чарасы 26-июнда каралган.

Ушул күнү райондук сот Турсунбековдун кармалган дагы бир кызынын бөгөт чарасын карап, ал 26-августка чейин үй камагына алынган.

"Азаттык" буга байланыштуу саясатчылардын жана эксперттердин пикирлерин сурады.

Коррупцияга каршы күрөш, менчикке болгон укук

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева бул жагдайды ишкерликке кысым катары баалады:

"Өкмөт сырттан чоң инверсторлордун келишине үмүт артып, президент инверстор издеп, чакырып жаткан чакта өлкөнүн ичинде өз ишкерлерин минтип кууратып атышса, инвестициялык климатка аябай терс таасирин тийгизет".

Экономист Эркин Абдыразаков Чыныбай Турсунбековдун кыздарынын кармалышына байланыштуу күч органдары кененирээк маалымат бериши зарыл деп эсептейт:

"Атасынын убагында сатып алынган мүлктөр үчүн кыздарга чабуул коюлганы суроо жаратат. Мен бул эки кыз салыктан качты же ал жерди мыйзамсыз ээлеп алды деген ойдон алысмын. Бардык маселени ачык жарыялашса жакшы болмок. Антпесе, ишкерлерди коркутуп эле мүлкүн тартып алууга жол салынып жатабы деген ой жаралат. Жакында эле телеканалдарда "Чыныбай Турсунбековдун жаркын элесине" деп көрсөтүүлөр эфирге берилди. Коомдук ишмерлер, саясатчылар ал кишини мактап, жылуу сөздөр айтылды эле... Бир көзүң бир көзүңө душман болуп турган маал окшойт азыр".

Парламенттин дагы бир депутаты Балбак Түлөбаев Турсунбековдун кыздарына байланыштуу окуянын чоо-жайын билбей турганын, бирок жалпысынан өлкө бийлигинин мыйзамсыздыкка каршы күрөшүн кубаттаарын айтты:

"Коррупция менен ушундай күрөшүү керек. Өнүгүү үчүн тарыхта инсандар балдарын курмандыкка да чалган. Ошондуктан, жемкорлукка жана криминалга каршы күрөш аёосуз болушу керек. Кимдин тууганы экенине карабай, аёосуз күрөшө берүү зарыл. Ошондо гана алдыга жылабыз".

"Рейдерлик менен тартып алышкан"

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 7-каналга берген интервьюсунда Турсунбековдун кыздарынын кармалышы тууралуу пикирин билдирди.

"Биздин тушубузда эч кандай жеке менчикке кол салуу деген болбойт. Анын баары мурунку замандарда калган, азыр андайга жол берилбейт. Булар 2010-жылы Максим Бакиевке тиешелүү "Акылинвестбанкты" рейдерлик жол менен тартып алышкан. Чыныбай Турсунбеков аялы Нуржан Тентимишовага каттатып, атын "Капитал банк" деп өзгөртүшкөн. Ошондон бери "Капитал банк" болуп иштеп келе жатат", - деди Ташиев 22-июлда жарыяланган интервьюда.

Мындан тышкары, Бишкек арак заводун 1,5 гектарга жакын жери менен кошо мыйзамсыз менчиктештирип алышканын, Ысык-Көлдө 18 гектар жерди да мыйзамсыз алып, пансионат салып алышканын белгиледи. УКМКнын төрагасы ал жерлер мамлекетке кайтарылып жатканын кошумчалап, Бишкектеги заводдун жерине Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу үй салынарып, банкты сатып, акчасы ошол курулушка жумшаларын билдирди.

Айыпталып жаткан тарап буга азырынча комментарий бере элек.

"Акун Ысык-Көл" пансионатынын каратадан көрүнүшү.
"Акун Ысык-Көл" пансионатынын каратадан көрүнүшү.

Пансионатка байланыштуу талаш

Атайын кызмат 2022-жылы 24-декабрда “Акун” пансионатына Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылындагы 17,65 гектар жер тилкеси мыйзамсыз берилгенин, 371 миллион сомго бааланган участок мамлекеттке кайтарылганын билдирген.

УКМК “Ысык-Көл райондук соту 2008-жылы "Акун" пансионатына Кара-Ой айылындагы жер тилкесин берүү боюнча мыйзамсыз чечим чыгарганын, анын натыйжасында Мамлекеттик каттоо органы жеке менчик укугуна мамлекеттик актыны мыйзамсыз бергенин” маалымдаган.

Мындан кийин Чыныбай Турсунбековдун кызы Айдай Турсунбекова Фейсбук баракчасында билдирүү жасап, “Акун” пансионаты турган жер мыйзамдуу түрдө аукциондо сатып алынганын жазган.

Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, бир нече компаниянын башын бириктирген “Акун” холдингин Чыныбай Турсунбеков 1997-жылы түптөгөн. Компания 1999-жылы Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылындагы “Чынар” пансионатын сатып алып, 2002-жылдан тарта “Акун Ысык-Көл” деген ат менен иштете баштаган.

Чыныбай Турсунбеков 2020-жылдын июлунда 60 жашында дүйнөдөн кайткан.

XS
SM
MD
LG