Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:49

Ойго салган онлайн окутуу


Биринчи класстар гана мектепте окуп жатышат
Биринчи класстар гана мектепте окуп жатышат

2020-2021-окуу жылы 1-класстардан башка окуучулар үчүн онлайн башталды. Бардык мектептер электорондоштубу? Интернет жетпеген айыл балдары кантип окуйт? Мугалимдер техникалык жактан камсыз болгонбу?

«Арай көз чарай» талкуусуна Билим берүү жана илим министрлигинин адиси Гүлшан Абдылдаева, «Online University» платформасынын негиздөөчүсү Элира Турдубаева жана аймактардагы мугалимдерге аралыктан сабак өтүү боюнча тренингдерди өтүп жүргөн, кадамжайлык мугалим, “Code Academy” платформасынын негиздөөчүсү Асылбек Мадалиев катышты.

“Азаттык”: - Гүлшан айым, быйылкы жаңы окуу жылы мына ушинтип кайра эле аралыктан окуу менен башталды. Буга мектептерде даярдык кандай эле?

Гүлшан Абдылдаева: 1-сентябрга карата мамлекеттик органдар биргелешип, анын ичинде Билим берүү жана илим министрлиги, Мамлекеттик байланыш жана телекоммуникация кызматы, айтор бардык тараптар чогулуп, аралыктан окутууну уюштурууга катышты.

Жер-жерлерде Интернет провайдерлер уюштурулду. Биринчи чейрекке 1-класстын эле балдары барды. Бул чечимди биздин министрлик Саламаттыкты сактоо министрлиги, Республикалык штаб менен бирге кабыл алды.

Пандемиянын деми кайткыча 2-класстан 11-класска чейинкилердин баары онлайн окуйт. Биз алгач башталгыч класстын баары эле мектепте окуса деп ойлоп жатканбыз. Бирок эпидемиологиялык кырдаал кооптуу болгондуктан, аралыктан окууну 4-чейректегидей эле уланталы дедик.

“Азаттык”: - Элира айым, Дүйнөлүк банк сыяктуу айрым эл аралык уюмдар кыргызстандык окуучулар, студенттер Европадагы курдаштарынан билим деңгээли боюнча 1,5 – 2 жылга артта калды деп жазып чыгышты. Эми буга аралыктан окуунун түйшүгү кошулуп, билим деңгээли да артта калат деп болжошууда. Аралыктан окутууну канткенде сапаттуу кылса болот?

Элира Турдубаева: - Кечээ эле дагы бир илимий анализ чыкты, анда пандемиянын айынан Борбор Азия чөлкөмүндөгү 5-6 миллиондой окуучу мектепке барбай, билим ала албай калары айтылат. Себеби алардын көбүндө Интернет байланышы, ноутбук же телефону жок. Айрыкча аймактардагы окуучулардын көйгөйү өтө көп. Ошондуктан биз артта калып жатабыз.

Өзгөчө онлайн окууга мугалимдер да, балдар да, ата-энелер да даяр эмес, даярдыктар жетиштүү көрүлгөн жок. Эгер мындай ыргак менен кетсек дагы 5-10 жылга артта калабыз, ансыз деле алдыда эмес болчубуз да. Илим-билимдин жаңы ачылыштары, технологиялык жаңылыктар, билим берүүдөгү жаңыча ыкмалар, студенттер, окуучулардын билимин заманбап баалоо боюнча алда канча эле артта келатканбыз.

Билим берүү жаатында реформаны ишке ашырбаса салттуу окутуп жатканда артта калып жаткан биздин системабыз онлайндын шарттарына коошпой, абдан эле аксап калары шексиз. Себеби бетме-бет окутканга караганда аралыктан билим берүүдө өзгөчө так илимдерди окутуу аябай кыйын. Химия, физика, математика, өзгөчө медицинаны онлайндан окутуу дээрлик мүмкүн эмес. Лабораториялык, практикалык абдан көп көндүмдөрдү үйрөтүү зарыл. Бул үчүн виртуалдык чындык, 3-4 өлчөмдүү моделдөө сыяктуу программалар иштелип чыга элек.

АКШ так илимдерди онлайн окутуу жаатында дүйнөдө алдыда турат. Биздин мугалимдер виртуалдык чындык эмес, жөнөкөй "Zoom" программасын колдонгонду билбей жатпайбы.

Гүлшан Абдылдаева: - Мен Элиранын бул айткандарына кошула албайм. Биздин билим берүү системабыз 4-чейректе аралыктан окутууну мыкты өздөштүрдү. Атүгүл окуучуларыбыз эл аралык олимпиадалардан жеңип жатышпадыбы. Башка мамлекеттерге караганда Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигинин онлайн сабак өтүү ыкмасы алдыда деп бааланды. Жазында видео сабактарды жаздырып таркатып жаттык, июнь айынан бери тынбай видео сабактарды даярдадык. Негизи эле жалпы санариптештирүү жараянынан улам биз онлайн билим берүүгө эртеби-кечпи, пандемия болбосо деле өтмөкпүз да. Ошого даярдыгыбыз жакшы эле болчу.

“Азаттык”: - Асылбек мырза, азыр айыл жериндеги мугалимдерде аралыктан окутууда кандай көйгөйлөр болуп жатат?

Асылбек Мадалиев: Мугалимдерди санариптик технологияга окутуу боюнча жалпы республикада биз 200дөн ашык мектепке атайын окууларды уюштурдук. Алардын компьютердик, санариптик билим деңгээлин өтө төмөн деп айтсак болот жана алар эч качан онлайн окууга даяр эмес болчу. Кайтарым байланышты түзүүдө 4-чейректе абдан кыйналышты.

Дагы бир маанилүү нерсе бар - аларды Интернет, компьютер менен камсыз кылуу башка нерсе, аралыктан сабак өтүүнүн методологиясын үйрөтүү да чоң көйгөй.

Кээ бир мектептерде компьютери бар, онлайн сабак өтүүгө болгон шарты турса деле мугалимдери балдарга аралыктан сабакты таасирдүү бере албаган учурларды көрдүк. Телесабактардын деле аймактагы окуучуларга түшүндүрүү усулу туура келбей жатат. Видео сабактардан окуучулар эч нерсе ала албай жатат.

Менимче, аралыктан сабак учурунда кыргызстандык окуучулардын билим деңгээли балким башка коңшу мамлекеттерден алдыда тургандыр. Бирок онлайнды ата-эне, окуучу, мугалим деле олуттуу кабыл алышпады.

Былтыркы окуу жылдын акыркы чейреги кандай болсо, азыркы жаңы окуу жылы деле ошондой эптемей болот. Ата-энелер болушунча, жакшы деңгээлде даярдык көрө алышпады.

Оңунан чыкпаган онлайн окутуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:24:58 0:00
Түз линк

Чейректер сапаттуу билим берүү менен жыйынтыкталат деген ойдон алысмын. Бирок, жазгыга салыштырмалуу мугалимдердин сабакка даярдануу сапаты бир аз жогорулады. Эптеп өз каражатына техника алышты, Интернетке кошулушту дегендей.

Анткен менен окуучу жана ата-эне аралыктан окууну олуттуу кабыл албай жатат. Бул жагдай мугалимдерге бир топ кыйынчылыкты алып келет. Маселен сабаккка катышуу бир класста 25 окуучу болсо, анын 50%, кээде 7-8и эле онлайн сабакта отурду.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG