Швейцариянын эл аралык өнүгүү институту Түштүк Кореянын билим берүү системасы 60 өлкөнүн ичинен 26-орунда турарын аныктаган. Электрондук технологиялар багытындагы адистерди даярдоонун сапаты боюнча Корея дүйнөдө биринчи орунда.
Чет элден Кореяга бара турган студенттерге эки түрдүү окуу ыкмасы бар. Биринчиси - акысыз эки жылдык колледж, бакалавриат, магистратура жана докторантурадан билим алуу болсо, экинчиси - акы төлөп билим берген университеттерге тапшыруу.
Түштүк Корея 2015-2016-окуу жылында кыргызстандыктар үчүн биринчи жолу толугу менен каржыланган эки жылдык колледжде бекер окуу мүмкүнчүлүгүн ачышты.
Быйыл ага эки киши өтүп, Сеулга кетти. Алардын бардык каражатын Корей мамлекети мойнуна алганын айтат Бишкектеги Корей Билим берүү борборунун директору Ли Енг Хун:
- Корея өкмөтү быйыл биринчи жолу эки жылдык колледжден кыргызстандык бүтүрүүчүлөр үчүн акысыз билим алуу мүмкүнчүлүгүн ачты. Кореядагы коллеждерге быйыл эки кыргызстандык барып, үч жыл билим алышат. Алгач алар корей тилин бир жыл, андан кийин эки жыл атайын адистикте окушат. Жол кире, жатакана, тамак-аш, китеп, кагаз, калем сыяктуу бардык чыгымды Корея төлөйт.
Технологиясы өнүккөн өлкө
Кыргызстандан Кореяга барып, акысыз билим алгандардын саны азырынча жыйырма чакты. Хун мырзанын айтымында, алардын ичинен компьютердик технологиялар багытында окугандарды корей компаниялары ишке чакырып, жакшы маяналуу жумуш менен камсыздоо мүмкүнчүлүгү чоң болгонун айтты.
Негизи эле Түштүк Корея жаңы технологиялар багытында өнүккөн өлкө болуп саналат эмеспи. Бул өлкөдө жогорку ылдамдыкта интернет колдонгондордун саны 20 миллиондон ашык.
Кореяда билим алуу үчүн биринчи кезекте жалпы билим берүү мектебинде окуган сабактарды жогорку деңгээлде билип, Корей мамлекеттик studyinkorea.go.kr веб сайтынан англис тилиндеги атайын анкетаны толтуруу зарыл.
Белгилей кетели, бул веб-сайтта Кореядагы чет элдик жарандарга бекер билим берүүчү программаларга шилтеме улам жаңыланып берилип турат.
Мындан тышкары жогорку окуу жайлары биринчи кезекте англис тилин мыкты билүүнү башкы талап кылып койгон.
Мыктылар гана иргелип алынат
Эл аралык TOEFL, ILTS сыяктуу сынактардан жогорку балл алгандар гана корей окуу жайларына өтө алышат. Корей тилин билүү болочок студент үчүн шарт болбосо да, аны тандап жатканда эгер корей тилин мыкты билсе артыкчылык берилип, өтүү мүмкүнчүлүгү жогорулайт. Сынактар тууралуу Ли Енг Хун мырза буларды айтты:
- Сынактарды жазуу түрүндөгү тест катары өткөрбөйбүз. Себеби биз дүйнөнүн чар тарабындагы студенттерди чакырабыз да. Эки жылдык кесиптик колледжге 50 чакты гана өлкөнүн студенттери катыша алат. Ал эми төрт жылдык бакалавриатка тапшыргандар жүздөн ашуун өлкөдөн болушат. Миңдеген документтер келет. Ошонун баарын атайын комиссия текшерип, толтурулган анкеталардын ичинен биздин окуу жайларга ылайыктуусун тандап алабыз. Веб сайтта көрсөтүлгөн анкетаны толтуруу, эмнеге Кореяда окугусу келгенин тастыктаган жүйө катын жакшы жазуу жана корей, англис тилдеринен берилген сертификаттар талап кылынат.
Корей тили демекчи, акыркы мезгилде корей тили жана маданиятына кызыккандардын саны бизде аябай көбөйдү. Мындан беш жыл мурда Бишкектеги Корей Билим берүү борборуна тил үйрөнүү үчүн жылына 2-3 гана киши барса, азыр алардын саны 2 миңге жеткенин айтат борбордун директору.
Айырма дээрлик жок
Корей тилин билүү жогоруда айтылгандай кошумча артыкчылык болот. Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрү ичинен Кореяда окуган жаштардын саны боюнча алдыда турат. Сеул, Йонсей, Соганг, Ханкук сыяктуу университеттерде кыргыз магистрант жана докторанттары бар.
Кореяга кыргыздар маданий айырмачылык аз болгондон улам бат эле көнүп, кыйналбай окуп кетет дейт Ли Енг Хун мырза:
Жол кире, жатакана, тамак-аш, китеп, кагаз калем сыяктуу бардык чыгымды Корея төлөйт.
- Корея менен Кыргызстандын бир гана айырмачылыгы – туткан дининде. Мисалы, кыргызстандык студент корей окуу жайынын жатаканасынан тамактануудан кыйналышы мүмкүн. Анткени корейлер чочконун этин жейт да. Бирок азыр дүйнөнүн чар тарабынан ар кайсы диндеги студенттер келгенден улам тамактанууда да өзгөчөлүктөр эске алынып, мусулман студенттерге ылайыкташтырылып калган.
Жыл сайын корей бийлиги чет элдик студенттердин иш менен камсыз болуусу үчүн Gold Card жана Science Card деген эки программаны уюштурган. Бул программаларга катышып жеңгендер Кореядан жумуш таап, же илимий изилдөө жүргүзө алышат. Ошондой эле чет элден барып корей тилин өздөштүрүп, же окуу жайда окуп жаткан студенттер Кореяда алты ай жашагандан кийин мыйзамдуу иш издөө укугуна ээ болушат.