"Тулпардын" тушоосу кесилди
Бишкекте куралган "Тулпар" аттуу улуттук туңгуч машиненин бет ачары 8-августта болуп өттү. 6 дизайнерден турган чыгармачыл топ алгач эксклюзивдүү унаа менен шаар көчөлөрүн кыдырып, шаардыктардын бүйүрүн кызытты. Креативдүү дизайнерлердин башында турган Медер Койлубаев көрүүчүлөргө "Тулпардын" артыкчылыктарын санап берди.