Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:33

"Эч ким айткан пикири үчүн жоопко тартылбашы керек"


Сөз эркиндигин коргоого чакырган акция, Бишкек, 25-ноябрь 2022-жыл.
Сөз эркиндигин коргоого чакырган акция, Бишкек, 25-ноябрь 2022-жыл.

2022-жылы Кыргызстанда адам укуктарынын абалы жакшырган жок. Мындай пикирин баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Amnesty International укук коргоо уюмунун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Хизер МакГилл “Азаттыкка” маегинде айтты.

- Жакында Amnesty International уюму дүйнөдөгү, анын ичиндеги Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы тууралуу 2022-жылдын жыйынтыгын чыгарган баяндамасын жарыялады. Кыргызстандагы адам укуктарынын азыркы абалына кандай баа бердиңиздер? Бир жыл ичинде Кыргызстанда адам укуктарынын абалы кандай өзгөрдү?

- Жакшы суроо. Мен бир жылдай башка жерде болдум. Келгенимде менин кесиптештерим бул мыкты баяндаманы даярдап койгон экен. Баяндаманы окуп чыккандан кийин көңүлүм чөктү. 2022-жылы Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы жакшырбаганын көргөн ар бир кишинин эле көңүлү чөксө керек. Адамдардын фундаменталдуу укуктары бузулган учурларга күбө болдук. Биз бул маселелерде Кыргызстан өз көрсөткүчтөрүн жакшыртат деп үмүттөнгөн элек.

- Мисалы, сиздин көңүлүңүздү так кайсы жагдайлар чөгөрдү?

Amnesty International уюмунун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Хизер МакГилл.
Amnesty International уюмунун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Хизер МакГилл.

- Көп жагдай. Сөз эркиндигинин абалы начарлаганы биздин көңүлүбүздү чөгөрдү. Жарандарга “массалык башаламандыкка чакырды” деген кылмыш беренелеринин негизинде айып коюлду. “Анык эмес маалыматтан коргоо” тууралуу мыйзамдын жоболору да колдонулду.

Учурда мен 19 жаштагы блогер Ырыс Жекшеналиевге байланыштуу тынчсыздануу жараткан ишке көз салып жатам. Жетим-Тоо кенине байланыштуу эски видеону бейкапар эле жарыялап койгону үчүн бул аптада прокурорлор аны 6 жылга эркинен ажыратууну соттон сурады. Бул тынчсыздандырган окуя.

Эч ким өз пикирин тынч, ачык билдиргени үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылбашы керек. Ырыс Жекшеналиевдин өз оюн эркин билдирүүгө болгон укугу бузулуп жатканы талашсыз. Ага керек болсо айып тагылбашы керек эле. Ал бошотулушу керек.

- Сиздердин баяндамада бийликке сын айткан кыргыз журналисттери жана активисттери негизсиз айыптоолорго жана социалдык тармактардагы онлайн чабуулдарга кабылып жатканы айтылган. Ошондой эле баяндамада “Азаттык” радиосунун сайты бөгөттөлгөнүнө жана алдыңкы иликтөөчү журналисттердин бири Болот Темировдун өлкөдөн депортацияланганына да көңүл бурулган экен. Мындай окуялар Кыргызстандагы медиа эркиндигинин жалпы абалына кандай таасирин тийгизди? Басма сөз эркиндигинин учурдагы абалына кандай баа бересиз?

- Начар. Бул талашсыз. “Азаттык” радиосу туш болгон маселелерге жакындан көз салып жатабыз. Иш бир нече айдан бери уланып келе жатат. 2022-жылы Кыргызстандын Маданият министрлиги “Азаттык Медианын” вебсайттарын бөгөттөп койду. Октябрь айында “Азаттыктын” Кыргызстандагы банк эсеби да бөгөттөлдү. Ооба, бул сөз эркиндигин чектөө.

Кыргызстандагы окуяларды ар тараптуу чагылдырган көз карандысыз маалымат каражаттарына муктаждык бар. Ошондо гана элде кеңири маалымат болот. Соңку аракеттер Кыргызстанда коомдук талкууларды чектеп коет.

- Amnesty International уюмунун соңку баяндамасында Кыргызстандагы жарандардын эркин жыйынга чогулуу укугун чектеген жагдайлар тууралуу да сөз болуптур. Ушул аптада эле Бишкектин айрым аймактарында митинг өткөрүүгө чектөө койгон чечимдин мөөнөтү июль айына чейин узартылды. Бул эмне үчүн тынчсыздануу жараткан жагдай экенин түшүндүрүп бересизби?

- Бул тынчсыздандырган жагдай. Кыргызстан “Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө пакт” сыяктуу адам укуктарына байланыштуу эл аралык келишимдерди ратификациялаган. Бул стандарттарга ылайык, бийлик өкүлдөрү эркин жыйынга чогулган же митингге чыккан адамдарды куугунтуктамак турсун, жарандарга бул укугун колдонууга, коомдук жайларда топтолууга шарт түзүп бериши керек.

Жарандар өз демонстрациясы үчүн маанилүү деген жерге чогула алгыдай болушу керек. Мисалы, эгер адамдар парламенттин кайсы бир чечимдерине нааразы болуп жатса, анда парламенттин имаратынын же президенттин кеңсесинин алдында митингге чыгууга укугу бар. Ага уруксат берилиши керек. Бул маанилүү.

Эл аралык стандарттар өкмөттөрдү буга шарт түзүүгө милдеттендирет. Соңку чечимдер Кыргызстандын адам укуктары боюнча эл аралык милдеттемелерин бузууга жатат.

Жарандардын эркин жыйынга чогулуу укугун айрым учурларда чектөөгө жол берилет. Бирок ал үчүн белгилүү бир негиздер болушу керек. Кыргызстандагы себептер жарандардын бул укугун чектөөгө негиз боло албайт.

Адамдар чукул митингге чогулууга да укуктуу. Муну региондогу өлкөлөрдүн бийлиги оор кабыл аларын көрүп жатабыз. Кайсы бир окуя болуп кетсе, жарандар ага өз пикирин билдирүү үчүн дароо демонстрацияга чыга алгыдай болушу керек. Эркин коомдо мындай чектөөлөр кабыл алынгыс.

- Amnesty International Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардын абалына да көңүл бурган экен. Баяндамада айтылгандай, былтыр Кыргызстанда коммерциялык эмес уюмдарды чет жактан алган каражаттары тууралуу отчет берип туруууга милдеттендирген жаңы эрежелер киргизилген. Сиздер бейөкмөт уюмдарга мындай отчет үчүн бир жума гана берилгенин баса белгилеген экенсиздер. Кыргыз өкмөтү чек жактан каржыланган коммерциялык эмес уюмдардын ишинин ачыктыгын камсыз кылуу үчүн мындай отчеттуулук зарыл экенин белгилеп келет. Кыргыз бийлигинин мындай билдирүүлөрүнө сиз кандай жооп берер элеңиз?

- Бейөкмөт уюмдар финансылык ишмердиги тууралуу отчет берип турушу керек. Бул дүйнөнүн булуң-бурчунда кеңири колдонулган практика. Ал отчетто каржы булагы так көрсөтүлөт.

Бирок чет жактардан каржыланган уюмдарды жаманатты кылуу же стигмага кириптер кылууга болбойт. Бул кабыл алынгыс.

Коммерциялык эмес уюмдарга каражат берген эл аралык фонддор Кыргызстанда жайгашбаганы айдан ачык. Эгер чет жактан каржы алууга бөгөт коюла турган болсо, анда Кыргызстандагы жарандык коомду өнүктүрүү аракетине тоскоолдук жаралат.

Эгер кайсы бир уюмга байланыштуу шектенүү бар болсо, анда каражат кайдан келип жатканын текшерип туруунун жолдору бар. Бирок отчет берип туруу сыяктуу катаал чектөөлөрдү киргизүү менен чет жактан каражат алган бейөкмөт уюмдарды жаманатты кылуу – бул уюмдардын адам укуктарын коргоого болгон аракетине тоскоолдук жаратууга барабар. Аларга бул талапты аткарууга бир жума гана берилгени кабыл алынгыс.

- Бийлик өкүлдөрү Кыргызстан демократиялык өлкө экенин, өкмөт адам укуктарын жана сөз эркиндигин камсыз кылып жатканын белгилеп келишет. Ошол эле маалда журналисттер жана жарандык активисттер эркиндиктер чектелип жатканын айтышууда. Кыргызстан адам укуктарынын абалы жакшыртуу үчүн эмне кылышы керек? Сиздердин сунуштар кандай?

- Көп иш жасалышы керек. Биздин баяндаманы окусаңыз, бир дагы өлкө адам укуктарына байланыштуу бардык милдеттемелерин толук аткара албаганын көрөсүз. Дүйнөнүн бардык жеринде маселе бар. Ар бир өлкө коопсуздукка байланыштуу тынчсызданууларынын жана адам укуктарынын ортосундагы балансты табышы керек.

Кыргызстанда “чет өлкөлүк агенттер” сыяктуу мыйзам долбоорлору четке кагылышы керек. Өз оюн ачык айткан адамдар жоопко тартылбашы керек. Бийлик өкмөттү сындагандарга каршы Кылмыш кодекстин колдонбошу кажет.

Гендердик зомбулук сыяктуу башка да маселелер бар. Өкмөт аялдарга каршы зордук-зомбулукту токтотуу үчүн көбүрөөк иш жасашы керек. Гендердик зомбулуктан жабыркагандардын саны такталышы зарыл. Мисалы, үй-бүлөлүк зомбулуктун айынан качан аял майып болуп калганын так билбейбиз. Коомчулукка белгилүү болгон зомбулук фактылары өтө тынчсыздандырат.

Андан тышкары, абактардагы кыйноого жана жабык жайлардагы шарттардын начардыгына байланыштуу да көйгөйлөр бар. Буга чейин эл аралык уюмдар түрмөлөрдөгү абалга тынчсыздануусун билдиришкен. Жабык жайлардагы шартты жакшыртуу анчалык кыйын эмес. Бийлик бул маселелерге артыкчылык бериши керек.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG