Өзбекстан ЕАЭБге кошулабы? Коронавирустун мээнин иштешине таасири. АКШда түбү казакстандык, учурда чоң кызматка талапкерлиги сунушталган Сауле Омарованы колу туткактыкка айыптаган макала жарык көрдү. Апта ичиндеги эл аралык басма сөзгө баян.
Өзбекстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулуу мүмкүнчүлүгү The Diplomat басылмасынын 15-ноябрдагы санында талданган.
Аналитик Умида Хашимова Ташкент бул багытта акырындык менен баратканын, балким өзүнө жеңилдиктерди алууга аракеттенгенин боолгойт.
Бул сөздөрүнө далил катары автор өзбек тышкы иштер министри Абдулазиз Камиловдун октябрда орусиялык “Коммерсантъ” гезитине берген интервьюсун мисал келтирген. Маекте министр өзбек өкмөтү уюмга мүчөлүктү коштогон ыктымал тобокелдиктерди жана артыкчылыктарды ар тараптан изилдеп жатканын айткан.
“Биз азыркы мүчө-мамлекеттердин сын пикирлери менен таанышып жатабыз, аларды нааразы кылган учурларды талдап чыгууну каалайбыз”, - деп айткан Камилов.
Аналитик бул сөздөрдү Ташкент, сыягы, экономикалык кызыкчылыктарын коргоо үчүн өзгөчө бир шарттарды сурашы мүмкүн деп чечмелейт.
Министр Камилов Өзбекстан биримдик тартуулаган артыкчылыктардан пайдаланууга дилгир экенин кошумчалаганы айтылат. Ошондой эле, Ташкенттин жогорку расмий өкүлдөрү уюмдун жыйындарына катышып келатканын эске салат.
Хашимова орус тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденконун “Биз Өзбекстанды тезирээк чечим кабыл алгыла деп шаштырган жокпуз. Өлкө качан зарыл деп эсептесе, ошондо кошулат. Биримдик экономикалык өнүгүүгө чоң өбөлгө түзөт”, - деген цитатасын мисал келтирет.
Автор тобокелдиктер жогорку гана деңгээлде талкуулангандай, төмөнүрөөк кызматтардагы кээ бир расмий адамдар биримдикке тезирээк кирүүгө дилгир деген оюн ортого салат. Ошондой эле, бир нече мисалга таянат. Алсак, депутат Актам Хаитов өткөн айда бул темадагы макаласын жарыялап, "уюмдун жардамы менен Өзбекстан экономикасын модернизациялоого, жашоо стандарттарын көтөрүүгө мүмкүнчүлүк алат, мигранттарга жеңилдиктер түзүлөт" деген ойлору менен бөлүшкөн.
Аналитик сөзүн жыйынтыктап жатып, Ташкент экономикалык чөйрөдө радикалдуу өзгөрүүлөргө барууга эмес, жакшылап ойлонуп, ар бир нерсени таразалап кадам жасоону артык көрөрүн жазат.
"Сауле Омарованын дүкөндөгү уурулугу"
17-ноябрда америкалык Fox news телеканалы Финансы министрлигинин алдындагы Валюталык көзөмөл башкармалыгынын жетекчилигине көргөзүлгөн теги казакстандык Сауле Омарова 1995-жылы дүкөндө уурулук кылып кармалганын, полициянын тиешелүү протоколу бар экенин жазды.
Каналдын кабарчысы Хьюстон Кини протоколго таянып жазганына караганда, ал кезде 28 жаштагы Омарова Висконсин штатындагы Мэдисон шаарында T.J. Maxx деген дүкөндөн 214 долларга тете буюм – төрт жуп бут кийим, эки бөтөлкө атыр, эки кур жана байпак уурдаган жеринен колго түшкөн.
Дүкөндүн коопсуздук кызматкери Омарова башка буюмдар үчүн төлөп, баштыкка салган калган товарларды алып чыгууга аракеттенгенин тартип коргоочуларга айтып берген.
Андан ары Омарова “төлөөгө мүмкүнчүлүк берүүнү суранып”, “кызматташууга барганы” айтылат.
Полициянын протоколунда ал “товарларды уурдаганын моюнга алганы” жазылган, - деп улантат журналист.
Америкалык полициянын протоколун бийликтин ишин ачык-айкын жүргүзгөнүн, элге отчет берип турганын көзөмөлдөгөн бейөкмөт уюм Твиттерге чыгарды.
Макалада Ак үй редакциянын комментарий берүү өтүнүчүнө жооп бербегени, администрация чоң кызматка көрсөтүлгөн Омарованын талапкерлигин телеканалга жөнөткөн буга чейинки билдирүүсүндө колдогону жазылган. Ак үйдүн ошол билдирүүсүндө талапкер “өз ара түшүнбөстүк жана чаташкан жагдайдан улам келип чыккан” ал окуя тууралуу дайыма “эч нерсени жаап-жашырбай, ачык” айтып келатканы жазылган.
Сенаттын банк системасы боюнча комитетинин төрагасынын басма сөз өкүлү Шеррод Браун Омарова "каралоо кампаниясынын бутасына" айланганын телеканалга айтты.
“Ал окуя ондогон жыл мурун болгон, Омаровага каршы иш токтотулган”, - деп айтты Браун.
Макалада президент Жо Байден сентябрда жогорку кызматка көргөзгөн Омарова марксизм жөнүндө илимий иш жазганы да белгиленет.
COVID-19 мээни дагы жабыркатат
Франциянын Le Figaro гезити COVID-19 адамдын мээсине кандай таасир этерине кызыккан. 17-ноябрдагы санында жарык көргөн материал Nature Neuroscience илимий журналдагы макалага негизделип жазылган.
Анда айтылгандай, баарыбыз башында бул илдеттен адамдын өпкөсү гана жабыркайт деп ойлогонбуз, бирок жадакалса жеңил форма менен ооруган бейтаптарда да эс-учун, жыт сезүүнү жоготуу, эс-тутумуна, ой жүгүртүү, сүйлөө жөндөмүнө байланышкан кыйынчылыктарга, башка неврологиялык белгилерге да күбө болуп келатабыз.
Окумуштуулар вирус адамдын мээсиндеги кан жеткирген тамырлардын клеткаларын талкалап, кан менен камсыз болуу процессин үзгүлтүккө учуратат деген гипотезаны сунуш кылышкан.
Лилль университетинде эмгектенген илимпоз, изилдөөнүн авторлорунун бири Винсен Превонун айтымында, “мээнин кан тамырларлы өзгөчөлөнөт, алар кандын түз куюлушуна бөгөт түзүп, глюкоза, кычкылтек өңдүү пайдалуу заттарды гана өткөрөт. Бирок белгилүү бир клеткалар вирус тарабынан жок кылынса, анда кан тамырдан чыгып кетип, мээге чакан көлөмдөгү кан куюлат”.
Гипотезасын текшерүү үчүн алар COVID-19дан көз жумган 17 кишинин жана реанимацияда башка себептерден өлгөн адамдардын мээлерин микроскоп менен изилдешкен.