Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:10

ЕАЭБ форуму: Токаев тоскоолдуктарды кескин сындады


Экинчи Евразиялык экономикалык форум. Москва, Орусия. 24-май, 2023-жыл.
Экинчи Евразиялык экономикалык форум. Москва, Орусия. 24-май, 2023-жыл.

Евразиялык экономикалык форумунун экинчи айлампасы кайрадан ички таарынычтарды ачыкка чыгарды. Бул ирет Казакстандын президенти Орусия менен Беларустун ашыкча жакындашканын мисал тартып, ошол эле маалда беш өлкө курган Евразия экономикалык биримдигинде тоскоолдуктар сакталып жатканын сынга алды.

Кыргыз президенти уюмдун көз карандысыздыгын кубаттаса, орус президенти кайрадан Батышка тиш кайрады.

Үч өлкө бөлөк, экөө бир

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Москвада өткөн форумдагы сөзүндө негизинен Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) ички-сырткы маселелери, анын ичинде тоскоолдуктар жана келишпестиктер жөнүндө кеп козгоду.

Токаев уюм түзүлүп жаткандагы, 2015-жылкы келишимди бир нече жолу эске салып, 2020-жылкы интеграция жөнүндө стратегиялык документти улам-улам атап өттү. ЕАЭБ уюшулган маалда анда төрт эркиндик болору жарыяланган. Алар жарандардын каттоо эркиндиги, товарды жүгүртүү эркиндиги, тейлөө кызматтарын алып баруу эркиндиги жана капиталды айлантуу эркиндиги.

Касым-Жомарт Токаев
Касым-Жомарт Токаев

“Мен, Казакстан 2015-жылкы келишимдин негизиндеги интеграцияны толук жактай турганын дагы бир жолу белгилегим келет. Башкача айтканда, ошол эле “төрт эркиндиктин” жана инфратүзүмдөргө тоскоолдуксуз ээ болуу, адилеттүү атаандаштык, тең укуктуулук, улуттук кызыкчылыктарды эске алуу сыяктуу базалык принциптерди ишке ашырууну кубаттайбыз. Казакстан куду ушул принциптерди жылдырат. Тынымсыз чыгып жаткан өз ара барьерлерди жана чектөөлөрдү, көптөгөн фактыларды эсептеп отура турган убакыт эмес. Мен бул кырдаалды ашкере көбүрткүм келбейт, бирок чыгып жаткан көйгөйлөрдү мына ушул жерде чечиш керек. Мында өтө чоң нерсе жатат. Жогоруда айтып өткөнүмдөй, бул биздин биримдиктин уюм катары аброюна тиешелүү маселе”, – деди Касым-Жомарт Токаев.

Казакстан ЕАЭБдин ичинде салыштырмалуу күчтүү экономикага ээ болгону менен баары бир андан кубаттуураак Орусиянын көзүн кароого аргасыз. Демек, кайсы бир барьерлер жана тоскоолдуктар тууралуу айтылганда кеп Москванын аракеттери жөнүндө болуп жаткан болот.

Астана адатта уюм ичиндеги тышкы соодага чектөөлөргө, техникалык регламентке, бажы алымдарынын үлүшүнө, тарифтик саясатка жана башка нерселерге карата нааразы болуп жүрөт. Уюм түзүлгөн соң Орусия Казакстанга экспортун көбөйтүп, Казакстан Орусияга экспортун анчалык арбыта албаганы буга мисал катары айтылып келет.

Ушул сыяктуу көйгөйлөрдү жалпылаштырып сүйлөгөн Касым-Жомарт Токаев ЕАЭБдин ичиндеги эки өлкөнүн интеграциясы менен калган үч катышуучу өлкөнүн интеграциясындагы айырмачылыктарга басым жасады:

Токаев жана башка президенттер.
Токаев жана башка президенттер.

“Дагы бир, кылдат карай турган нерсе – концептуалдуу реалдуулук же биз эске ала турган жагдай. Бул - Евразия экономикалык биримдигинин ичинде Беларус менен Орусиянын союздук мамлекеттер уюму бар экендиги. Башкача айтканда, дүйнөнүн саясий тарыхында уникалдуу прецедент, же феномен пайда болду. Саясий, юридикалык, аскердик, экономикалык, валюталык, маданий, гуманитардык жактан бирдиктүү мейкиндик түзүү менен, бирдиктүү союздук өкмөтү жана бирдиктүү парламенти бар “Эки өлкө – бир мамлекет” формуласы менен түзүү. Кечирим сурайм, керек болсо азыр алардын экөөндө бир өзөктүк курал бар. Бирок ошол эле маалда Казакстан, Кыргызстан жана Армения кирген, интеграциянын башка бир деңгээли да бар. Биз ошол чындык менен да эсептешүүбүз керек. Мындай шартта биз кандай кылып иштейбиз. Бул концептуалдык маселе. Менимче, аталган маселени биз, ушул экономикалык форумда талкуулап алуубуз зарыл”.

Токаев ЕАЭБ саясий уюм эмес, экономикалык бирикме экенин эске салып, мүмкүн болсо аны кеңейтүүнү сунуштады. Мурдараак ал Кытай да мүчөлүк кылган Шанхай кызматташтык уюмун экономикалык альянска айлантууну демилге кылган, бул ирет Евразия экономикалык эиримдигине мүчө мамлекеттерди Кытай менен жакындашууга чакырды.

ЕАЭБ түзүлгөндөн бери анын Орусиядан башка бардык мүчөлөрү ар кайсы платформаларда өз дооматтарын айтып чыгышкан. Анын ичинде Кыргызстандын бийликтери да барьерлер жана чектөөлөр тууралуу маселе көтөргөн. Бишкек буга байланыштуу Москвадан сырткары Астанага да нааразылыктарын кеп кылып турчу.

Президент Садыр Жапаров бул форумдагы сөзүндө алгач уюмду мактап, “биримдик өз алдынча жана эч кимге көз каранды эмес уюлга айланганын жана башкалардын керектөөлөрүн да канааттандыра аларын” билдирди. Ошол эле маалда ички рыноктогу тоскоолдуктарды да кеп кылып, аларды жоюу үчүн Евразиялык экономикалык комиссиясынын жана ЕАЭБ сотунун ролун күчөтүүнү талап кылды.

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

“Бул институттар товарларды ташуудагы талаш-тартыштарды ыкчам чечүүгө жөндөмдүү, улуттуктан жогору турган иштиктүү органдар болууга тийиш. Бул үчүн алар мүчө-мамлекеттер тарабынан ЕАЭБдин укуктарын бузуу фактылары боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүү, мындай бузууларды четтетүүнүн так мөөнөттөрүн белгилөө менен, ошондой эле ЕАЭБге мүчө мамлекеттер Биримдиктин алкагындагы чечимдерди аткарбагандыгы жөнүндө ЕАЭБ Сотуна доо арыздарды берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек. Биздин бирикмеде адам - биздин көңүлүбүздүн борборунда, башкача айтканда, ар бир адам, ар бир жаран кайсы бир мүчө мамлекеттин аймагында жүрбөсүн, өзүн үйүндөгүдөй сезиши керек. Ал эми бул үчүн алардын эркин жүрүүсүн камсыз кылуу, ишке орношууга, билим алууга, квалификациясын жогорулатууга, саламаттыкты сактоого жана спортко бирдей укуктарды камсыз кылуу зарыл”, – деди Жапаров.

Евразиялык экономикалык форумдун биринчи отуруму 2022-жылдын 26-майында Бишкекте, Кыргызстанда өткөн. Туура бир жылдан соң жыйындын экинчи отуруму Москвада өтүп жатат.

Путиндин кыйытмасы

24-майда Евразиялык экономикалык форум өтсө, 25-майда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйыны өттү. Башкача айтканда, алгачкы күнкү отурумдарга майда аткаминерлер жана эксперттер катышса, экинчи күнкү жыйын жалаң лидерлер үчүн.

Орусиянын президенти Владимир Путин форумдагы сөзүндө, глобалдык геосаясий кырдаалга токтолуп, ыкчам өзгөрүп жаткан дүйнөдө Евразия экономикалык биримдигинин кадыры өсүп жатканын белгиледи. Ал башка жыйындарда сүйлөгөндөй эле бул ирет да Батыш өлкөлөрүн бир сыйра каарып өтүп, ЕЭАБди ыдыратуу аракети да болгонун кеп кылды.

Муну менен Путин бир чети уюмдагы мамлекеттерге да эскертүү бергендей болду:

“Биздин Батыштагы атаандаштар ар кандай тил эмизүү менен, түрдүү убадалар жана шантаждар менен биздин көпчүлүк өнөктөштөрдү Орусия менен пайдалуу кызматташуудан баш тарттырууга аракет кылып, мажбурлап жатышканы жашыруун эмес. Ошол эле маалда аларды мындай жагдай тиешелүү мамлекеттерге жана алардын элине кандай зыян келтирерин ойлондурбайт. Ушуга байланыштуу мен, Орусия бардык өлкөлөр менен өз ара карым-катышка жоопкерчилик жана ак ниеттүүлүк менен мамиле кыларын белгилеп койгум келет. Биз Евразия экономикалык биримдигинин алкагында кабыл алынган келишимдерди өз убагында жана толук аткарып жатабыз”, – деди Владимир Путин.

Орус аскерлери былтыр февралда Украинага басып кирген соң Орусиянын ЕАЭБдеги өнөктөштөрү арасат абалда калышкан. Казак президентинин “Луганскидеги жана Донецкидеги түзүмдөрдү мамлекет катары тааныбайм” деген сөзүнөн башка уюмдагы мамлекеттердин эч кимиси Москвага каршы чыга алган жок. Алар өздөрүн согушка карата нейтралдуу позицияда кармашканы менен экономикалары жабыр тартып жатканын түшүнүп турушат. Ошол эле маалда аталган мамлекеттер бирикмеден чыгып да кете алышпайт, анткени көп жактан байлануу.

Кыргызстандык саясат талдоочу Эмил Жороев соңку форумда айтылган сөздөрдү мындайча чечмеледи:

Эмил Жороев
Эмил Жороев

“Бул бир топтон бери айтылып келе жаткан ойлор, узактан бери көтөрүлүп жаткан көйгөйлөр. Казакстан тараптан айтылып жаткан сөздөрдү “зарыл болсо уюмдан чыгып кетебиз” деген маанидеги сөз эмес, бирок ошол багытта бараткан сөз деп түшүнсөк болот. ЕАЭБдин ичиндеги пикирлердин келишпестиги интеграциянын деңгээлинин ар түрдүүлүгүн билдирип турат. Муну биз жарака деп атай албайбыз, бирок уюмдун бүтүндүгү жана теңдик жөнүндө маселе кабыргасынан коюла баштады деп кабылдаш керек”.

Согушту Орусия өзү баштаганы менен ага каршы салынган санкциялар анын уюмдагы өнөктөштөрүн да бутага алып жатат. Орус аскерлери Украинага Беларус аркылуу да киргени үчүн Минск Москва менен чогуу эле Батыштын жаза чараларына илешкен.

Казакстан менен Кыргызстанды АКШнын Финансы министрлиги былтыр эле Орусия менен Беларуска ташып барууга тыюу салынган товарларды жеткириши ыктымал деген мамлекеттердин тизмесине кошкон. Казакстандагы ишканалар азырынча “кара тизмеге” илеше элек, бирок Кыргызстан менен Армениянын бирден компаниясы Вашингтондун санкциялык тизмесине кошулду.

Казакстандык саясат талдоочу Досым Сатпаев Фейсбуктагы баракчасында мындай пикирин жазды:

Досым Сатпаев
Досым Сатпаев

“Токаевдин Москвадагы Евразия экономикалык форумдагы сөзү “Казакстандын ЕАЭБдин ичинде турганы, өзгөчө Украинадагы согуштан кийин биздин улуттук кызыкчылыктарга туура келеби?” деген башкы суроого жооп берген жок. Форумда ал көтөргөн тезистер ЕАЭБ түзүлгөндөн бери бийлик айтып келатат, ал ойноло берип, желип калган пластинка. Маселен, “ЕАЭБдин алкагындагы интеграция Казакстан үчүн биринчи кезекте экономикалык мүнөзгө ээ” деп айтканын алалы. Анда “Эгер ошондой болсо бул уюм түзүлгөндөн бери Казакстан кандай экономикалык пайда тапты?” деген суроо туулат. Казакстандын ЕАЭБге кошулушу башынан эле дурустап ойлонулбаган чечим болгон. Бул экономикалык эсептерге карап эмес, ошол учурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин гана пиар акциясы болуп калган. Ал тышкы саясаттагы өз аброюн постоветтик мейкиндиктеги негизги кыймылдаткыч катары көрсөткүсү келген. Кремль ошону колдонуп, өз максатына жетти”.

Кеп болуп жаткан биримдик 2010-жылы Беларус, Казакстан жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы уюмга Кыргызстан менен Армения кошулуп, бешилтик Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) деп атала баштаган.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG