Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:33

Өткөнүн билген келечегин аныктайт


Көл-Суу. Кыргызстан.
Көл-Суу. Кыргызстан.

Үч акылман жолдо келатып талашып калышат.

Бири айтат:

-Мени адам кылып жүргөн өткөн чагым. Азыркы билгендеримдин баарын Өткөн чактан алдым. Кандай ийгиликке жетсем, ошонун баары Өткөн чагымдан болду, мага ар дайым ошол кездеги кишилер менен сүйлөшкөн аябай жагат, ошол кездеги кишилер көбүрөөк болсо экен, ошолор узак жашаса экен деп тилейм, - дейт.

-Эгер чын эле бул айткандарың туура болсо кошулат элем, бирок адам деген өзүнүн желесинен сыртка чыкпай, качан бирөө келип түшөр экен деп күндүр-түндүр торун күзөтүп олтурган жөргөмүшкө окшоп өз кылык-жоруктарынан чыгалбай калганы жакшы эмес го дейм. Адамды адам кылган келечек болот. Мага менин бир нерселерди билгеним, билимим анча маанилүү эмес, мага келечегим өзгөчө маанилүү. Ошол келечегим жакшы болуш үчүн мен билбегенимди дагы билсем дейм, билим алам. Менин эки жыл мурда кандай болгонумдан да эки жыл кийин кандай болорум, келечекте кандай болорум алда канча маанилүү, - дейт экинчиси.

- Силер эң башкы нерсени унутуп салдыңар. Адамдын Өткөн чагы менен Келер чагы анын оюнда гана жашайт. Өткөн чак деген жашап өткөн же жок болгон, небак өтүп кеткен нерсе. Ошондой эле Келер чак да жок. Анткени келечек кандай болорун эч ким билбейт, эч кимге али белгисиз. Ошондуктан өз турмушуңду Өткөн чагың да эмес, Келер чагың да эмес, Учур чагың гана өзгөртөт. Учур чагыңда гана жасайм дегениңди жасай аласың, сүйөм дегениңди сүйө аласың, достошуп бактылуу боло аласың, ал эми Өткөн чакты эстесең—сагынып, эңсеп, куса болосуң, Келер чакты күтсөң—кандай болор экен, жаман болбой жакшы болгой эле деп тынчсызданасың. Эң жакшысы Учур чак же Бүгүнкү күн менен жашоо, мындан өтөрү жок, - дейт үчүнчү акылман.

* * *

Ар бир адам улам бир кырдан, экинчи кырга чапкылап же улам бир оюнан экинчи бир оюна оой бербестен, тең салмагын сактап, ар дайым жашоонун өзөгүндө болуш керек. Бүгүн кандай экендигибиз биздин Өткөн чагыбызга байланыштуу, мындан ары кандай болгубуз келгени Келер чагыбыз үчүн күч-кубат, дем, дымак жыйнаганыбыз. Ал эми кандай жашап жатканыбыз Учур чагыбыз. Ошондуктан үчөө тең маанилүү, үчөө тең бири-бирисиз жашай албайт.

Бүгүнкү күн менен жашоо-демек, алдыңдагы анык жашоону болушунча жашап калуу жана анын ачуу-таттуусун татуу, жакшысын, ыракатын көрүү дегендик, анткени “эртеңиң” бат эле эскирип, кечээги күнгө айланат.

Биздин оюбуз менен аракетибиз - эң маанилүүсү ушулар, анткени оюбуз, аракетибиз менен биз Өткөн чагыбыздан Учур чагыбызды жасайбыз.

Оюбуз, аракетибиз менен Учур чагыбыз аркылуу Келер чагыбызды жасайбыз.

* * *

Кыргыз тилинин грамматикасында “Өткөн чак”, “Учур чак”, “Келер чак” дегендер бар экени баарыбызга белгилүү.

Ал эми “өткөн” деген сөздүн өтмө мааниси—андан да мыкты, андан да сонун дегенди билдирген учурлары кездешет. Мисалы: “Касымдан өткөн чыдамкай адам жок” дейт. “Улакчылары мыкты экени, тим эле бири биринен өткөн жигиттер экен” дейт. “Өткөнүн жакшы билген адам, келечегин туура аныктайт” деген ылакап кеп да айтылып келет.

* * *

Бирөө:

-Ии, келген меймандарыңды кантип узаттың?, - десе.

-Колдон келди кылдым, - деген экен.

“Колдон келди” деген, “Колумдан келгендей узаттым. Алымдын жетишинче, өзүм билгендей узаттым” дегенди түшүндүрөт.

Мындай мамилеге таарынгандар да болгон. “Сен мени колдон келди кылгандай, жаш бала эмесмин да!” деп.

* * *

“Кел-кел” деген сөз барын көбүңүздөр билесиздер. “Кел-кели келип турган кези” дейт. Маалына келип турган, күч-кубатына толуп турган, ашып-ташып турган, гүлдөп турган дегенди да түшүндүрөт.

Кыргыз макал-ылакаптарынын арасында “Кел-келине келгенде келинден мурда кыз төрөйт” деген да бар экен.

“Бүгүн Кытайдын кел-кели келип турган кези, бардык тарабынан өнүгүп-өсүп баратат” дейт.

XS
SM
MD
LG