Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:09

Казакстан ажырашууну азайткысы келет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстанда жыл сайын ар бир үчүнчү үй-бүлө ажырашат.

Казакстанда акыркы он жылда ажырашкан түгөйлөрдүн саны бир жарым миллионго жеткен. Октябрда казак президенти Нурсултан Назарбаев абалдын оордугун белгилеп, аткаминерлерге ажырашууну азайтууну тапшырган.

Казак өкмөтү бул маселени чечиш үчүн атайын мыйзам долбоорун иштеп чыгып, парламентке жөнөткөн. Аткаминерлер беш жылда өлкөдө ажырашуу 30 пайызга азаярын билдиришүүдө.

Коомдук өнүгүү министрлиги Казакстанда "үй-бүлөлүк тарбия жана коргоо борборлору" ачылаарын кабарлады. Андай борборлордо никелешүүгө арыз менен кайрылгандар атайын даярдыктан өтүшмөкчү:

Дархан Калетаев.
Дархан Калетаев.

"Биринчи кезекте жаңыдан баш кошуп жаткан жаштар менен иштеш керек. Адамдарга үй-бүлө куруу оңой эмес экенин түшүндүрүү зарыл. Бул жакта ченемдик-укуктук, ошондой эле башка маселелер да бар" дейт коомдук өнүгүү министри Дархан Калетаев.

Андан тышкары, министрлик мыкты үй-бүлөлөрдү аныкташ үчүн сынактарды, никеде бактылуу болуу боюнча изилдөөлөрдү өткөрүп, бактылуулуктун рейтингин аныктамакчы. Ошондой эле «мыкты» деп тандалган үй-бүлөлөр жалпы журтка үлгү катары көрсөтүлөт.

Мындай өкмөттүк программаны ишке ашырууга тиешелүү чөйрөлөрдүн адистери да көмөктөшүүгө даяр. Психолог Лимана Койшиева никеге туруп жаткандар үчүн атайын тестирлөө киргизилиши керек деп эсептейт.

«Башкы маселе – түгөйлөр бирин бири түшүнбөгөнү. Үй-бүлөлүк турмушта күйөөсү жумушсуз калышы мүмкүн же башка маселелер чыгат. Керектөө, чыгаша көбөйөт. Түшүнбөстүк да ушундан чыгат», - дейт психолог.

Казак өкмөтүнүн кызматкерлери ажырашууну азайтууну жаштарды тарбиялоодон башташ керек экенин белгилешсе, Казакстандагы жаш үй-бүлөлөрдүн көбү өлкөдө турак жай көйгөйүн чечип, жаңы үйлөнгөндөргө каржылык колдоо көрсөтүлүшү зарыл деп эсептешет.

Астана.
Астана.

«Ажырашууга турмуш-тиричиликке жакшы шарттын жоктугу гана эмес, социалдык абал да түрткү болуп жатат. Биздин борбордо көздү чачыраткан нерсе көп, бирок аларга жетишүүгө жумуш таап, өндүрүштө өзүңдүн ордуңду табууга мүмкүнчүлүктөр аз. Эгерде эркек жолун таппаса, аялга да керек болбой калат», - дейт көчөдө сурамжылоого катышкан Астананын тургуну.

«Башынан жайланышпагандык. Батир жок. Сүйүү го сүйүү менен, бирок жашаш да керек да. Балдар төрөлгөндө аларга да шарт түзүш керек» дейт улуу муундун өкүлү.

Сурамжылоого катышкан казакстандыктардын көбү ажырашуу маселесин каржылык кыйынчылыктар менен байланыштырышкан. Казакстанда жашаган жаш үй-бүлөлөрдүн 70 пайызы турак жай маселесинде кыйналарын, 60 пайызы каржыдан кысталаарын билдирген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG