Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:22

Жогорку Кеңеш: Айлык азаят, эки башкармалык биригет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарынын айлыгын кыскартты. Парламенттин чарба иштерин жүргүзгөн иш башкармалыгын Президенттин иш башкармалыгына бириктирди.

Мындай чечимин “мамлекет каражатка карап иш кылыш керек” деген принцип менен түшүндүрдү. Айрым депутаттар маяна мурда деле ушул өлчөмдө болгонун айтып, президенттин чечимин ар кандай баалап жатышат.

Президент Жапаровдун парламенттик шайлоодон кийинки алгачкы жарлыктарынын бири парламент депутаттарынын айлыгын кыскартуу жана Иш башкармалыктарды бириктирүү болду.

Депутаттардын айлыгын президент аныктады

Өлкө башчысынын администрациясы мындай чечим бюджеттин чыгаша бөлүгүн оптималдаштыруу жана бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн кабыл алынганын билдирди.

“Жарлыктын алкагында Жогорку Кеңештин депутаттарына кеткен чыгымдарды азайтуу боюнча зарыл чаралар кабыл алынды, атап айтканда, парламентарийлердин кызматтык оклады төмөндөтүлдү. Ошентип, Жогорку Кеңештин төрагасынын кызматтык айлыгы 30 миң сом, вице-спикерлер – 27 миң сом, парламенттик фракциялардын лидерлерине жана комитеттердин төрагаларына - 26 миң сом, депутаттарга - 25 миң сом айлык аныкталсын”, - деп жазылган жарлыкта.

Президенттин алдындагы антикоррупциялык кеңештин эксперти Айдар Мамбеткадыров президенттин жарлыгын туура деп эсептейт.

“Мурда Жогорку Кеңеш өкмөттүн курамын түзгөндүктөн, чоң башкармалык берилип, көп акча каралган. Азыр эки башкармалыкты бириктирип койгон туура эле. Анткени, чарбалык иш бир эле. Ал эми айлык акыны кыскартуу дагы туура чечим. Анткени Европанын кээ бир өлкөлөрүндө же башка мамлекеттерде коомдук башталгыч негизде иштейт. Азыркы кыйын абалдан ушундай кыскартуулар менен чыгышыбыз керек”.

Сарамжалдыкпы же популизмби?

Анткен менен айрым эл өкүлдөрү депутаттардын айлыгы мурда деле ушул өлчөмдө болгонун айтып чыгышты.

Мисалы, 2020-жылы май айында депутаттык мандатын тапшырып берген экс-депутат Исхак Масалиев акыркы жолу канча айлык алганын айтып берди.

Исхак Масалиев
Исхак Масалиев

“Өткөн жылы акыркы жолу май айында 25 миң сомдун тегерегинде айлык алгам. Буга мыйзамда бардык жарандарга кепилденген кошумча төлөмдөр кошулат. Мисалы, мен эмгек сиңирген юристмин, андан тышкары эмгек тажрыйбага жараша кошулат. Ошентип баш-аягы биригип, 41 миң сомдой алчумун”.

Президенттин жана Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы депутаттардын айлыгы кыскартууга чейин канча экени тууралуу маалымат даярдалып жатканын айтуу менен гана чектелди.

Садыр Жапаровдун басма сөз кызматы депутаттарга эмгек тажрыйбасы, чини үчүн мыйзамда кепилденген кошумча төлөмдөр дагы кыскартылдыбы деген сурообузду жоопсуз калтырды.

Президенттин жарлыгында буга чейин парламент депутаттарына турак жай үчүн компенсация төлөнүп келгени, бул жарлык менен компенсациялар жана кызматтык автоунаалар алынып салынганы белгиленген. Ал эми кызматтык батирлер турак жайы жок парламент депутаттарына бөлүштүрүлөрү айтылат.

Жогорку Кеңештин депутаты Евгения Строкова президенттин жарлыгын "популизм" деп атады.

Евгения Строкова
Евгения Строкова

“Бул шайлоодон кийинки көйгөйлөрдөн алаксытуу үчүн чылкый популизм. Мага абдан күлкүлүү. Депутаттардын айлык акысы мурда деле ушундай болчу, болгону 25 миң эмес 25 500 болчу. Биз 2015-жылы эле кызматтык автоунаалардан, консультанттардан баш тартканбыз. Ал эми кызматтык батирлер калган. Анткени үй-жайы жок аймактардан келген эл өкүлү каякта жашашы керек? Ал үйлөрдү деле текшерип көрсөңөр, депутаттар жашабайт. Жашоо абдан кымбат. Кышында 18 миң сомго чейин төлөмдөр чыгат. Ушундай кыскартуу керек болуп жатса, өзүңөрдөн дагы кыскартпайсыңарбы. Мисалы, президенттин жана өкмөттүн аппарат кызматкерлери Жогорку Кеңештин кызматкерлеринен көп айлык алат”.

Кыргыз парламенти 2015-жылы кыскартууларга барып, консультанттарынан, кызматтык автоунаалардан баш тарткан.

Бирок депутаттын бир айлык чыгымы үчүн 40 миң сом бөлүү чечимин кабыл алышкан. 40 миң сом депутаттын ай ичинде жасаган ишине, кагаз-калем, байланыш, бензинине керектелчү.

Жогорку Кеңештин депутаты, “Ихлас” курулуш компаниясынын кожоюндарынын бири Айбек Осмонов депутаттардын айлыгы Бишкектеги мугалимдердики менен бирдей болуш керектигин айтат.

“Шаарда үй болгон болсо, 25 миң сом жетет деп ойлойм, 15 миң сом менен мугалим, медиктер деле жашап жатпайбы. Ушул күнгө чейин ошол сумманын тегерегинде эле алып жүрчүбүз. Бирок алты ай иштеп мен колума айлык алган жокмун. Анткени кайрымдуулук иштерине жумшадым”.

28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо баштапкы жыйынтык боюнча бир мандаттуу Кочкор округунан жеңишке жеткен, акын Мирлан Самыйкожо депутаттардын айлык акысын кыскартуу тууралуу мындай пикирин бөлүштү.

Мирлан Самыйкожо
Мирлан Самыйкожо

“Мен азыр айлыкты деле ойлонгон жокмун. Айлыкты азайткандан айырмасы аз эле болуп жаткан турбайбы. Ошондуктан такыр түшүнгөн жокмун. Мурда депутаттар 25 миң сом менен иштечү беле билбейм. Мен, мисалы эл ичинен чыккан адам катары ушундай акча менен эле жашап келгем. Эми депутат катары үч районду кыдырам, үч райондо 78 айыл бар. Мисалы, квартал сайын эл менен жолугушуп турайын деп аткам. 25 миң сом берсе, бензиндин баасы бул болсо, Ак-Талаа, Кочкор, Жумгалды кыдырып келиш кыйын го. Шайлоочулар менен сүйлөшүп, жолун табабыз. Эгер мамлекетте ушундай азап күн болуп жатса, ар бир жаран бекер иштегенге даяр болушу керек. Жакыр өлкө синдромунан кеткенче ошентебиз да”.

Иш башкармалыктар биригет

Президент Садыр Жапаров депутаттардын айлыгын кыскартуудан тышкары башка жарлыгы менен Жогорку Кеңештин иш башкармалыгын президенттин иш башкармасына бириктирди. Жарлыкта бул чечим мамлекеттик бийлик органдарынын ишин материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоо системасын оптималдаштыруу жана өркүндөтүү максатында жарыяланганы айтылат.

Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын жетекчиси Эмил Сыдыков буларды айтты.

“Жогорку Кеңештин иш башкармалыгы парламенттин чарбалык ишин жүргүзөт. Мамлекеттик кызматкер катары 50 адам иштейт. Бала бакча, 51 автоунаа, 37 батир бар. Учурда 25 депутат кызматтык батирде жашайт. Депутаттар кызматтык машине колдонбойт. Кызматтык автоунаа спикерде, вице-спикерлерде, фракция башчыларында жана катчылыктарда бирден бар. Буга чейин президенттин 30% оптимизация боюнча буйругу келген. Бирок биз эмне үчүн кыскартпай келдик? Анткени, Жогорку Кеңеш мыйзам боюнча өзүнүн түзүмүн өзү бекитет. Ошондуктан парламенттин жаңы чакырылышынын келишин күтүп жатканбыз”.

28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо баштапкы жыйынтык боюнча 5% босогодон өткөн “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен катышкан Исхак Масалиев бириктирүү чечими туура эмес деген ойдо.

"Президенттин иш башкармалыгы менен өкмөттүкү бириккени туура эле. Ал эми Жогорку Кеңештикин дагы кошкон кандай болоор экен? Анткени Жогорку Кеңеш менен өкмөт бийликтин эки башка бутагы болгондуктан, акчаны кантип сарптайт, талаш жаралат. Азыр депутат каякка барат, президент чечеби? Эми депутаттар "бизге кагаз алып бериңиз, компьютер алып бериңиз" деп жазып калат".

Аппарат кыскарат

Президент Садыр Жапаров 3-декабрда республикалык бюджеттин чыгашаларын оптималдаштыруу жөнүндө дагы бир жарлыкка кол койду. Анда Министрлер кабинетине, Эсеп палатасына жана Жогорку Кеңешке чыгымдарды кыскартуу боюнча бир катар сунуштар айтылган.

Буга чейин президент июнь айында “Мамлекеттик аппараттын санын кыскартуу жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкерлеринин саны дагы 30% кыскарышы керек.

Жогорку Кеңештин аппарат башчысы Алмазбек Сабырбеков парламенттин аппарат кызматкерлери кыскартыларын билдирди.

Алмазбек Сабырбеков
Алмазбек Сабырбеков

“Жогорку Кеңештин аппарат кызматкерлери кыскарат. Биринчиден, президенттин кызматкерлерди кыскарткыла деген жарлыгы бар. Экинчиден, 120 депутат 90го кыскарды. Ошон үчүн кыскарат. Президенттин жарлыгы жана жаңы Конституция менен оптимизациянын үстүндө иштеп жатабыз”.

Президенттин “мамлекеттик аппараттын санын кыскартуу жөнүндө” жарлыгында үнөмдөлгөн каражаттын негизинде аппарат кызматкерлеринин айлык акысын көтөрүү тапшырылган.

Сабырбеков парламенттин аппарат кызматкерлери учурда 17-18 миңден аз айлык алышарын белгиледи.

Ал эми президенттин басма сөз кызматы аппарат кызматкерлери канча айлык алары тууралуу сурообузга жооп берген жок. Жеке булактар кызматкерлердин маянасы 50 миң сомдун тегерегинде экенин маалымдашты.

Өкмөттүн ачык бюджет порталындагы маалыматка ылайык Жогорку Кеңеш ушул күнгө чейин 617 млн. сом коротту. Ал эми президенттин аппараты жана президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгы 990 млн. сом сарптаган.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG