Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:10

Телетаймашта бийликчил партияга сын жаады


КТРКдагы теледебат. 2-октябрь, 2020-жыл.
КТРКдагы теледебат. 2-октябрь, 2020-жыл.

Коомдук телерадио корпорациясында (КТРК) шайлоо алдындагы лидерлер катышкан негизги дебаттар аяктады.

2-октябрдагы дебатка "Мекенчил", "Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагылышууларга катышкандардын партиясы", "Чоң казат", "Замандаш", "Биримдик" жана "Бүтүн Кыргызстан" партиялары катышты.

Алты партиянын дебаты

"Мекенчил" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев менен “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров дээрлик ар бир сөзүндө бийликти жана “Биримдик” партиясын кескин сындап жатты.

“Чү” дегенде эле дебат башында “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров жаңы түзүлгөн “Биримдикке” өлкөнү сазга батырган мурунку бийлик партиясынын өкүлдөрүн кошкону үчүн айыптады. Партиянын көмүскө кожоюну Жээнбеков экенин айтты.

«Жетекчилер буларды жиберип коюп көшөгө артында турат. Накта жетекчимин, “маселени мен чечем” деген азаматтар келсе жакшы болмок».

Дебатка “Биримдик” партиясынын лидери Марат Аманкулов эмес, тизмеде экинчи болуп бараткан социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров келген. Ал Мадумаровдун сөзүнө мындай жооп берди.

«Сиз азыр мага Социал-демократтар деп доомат айтып жатасыз. Мен ал партияда эч качан болгон эмесмин. Ошол эле КСДПдан мандат алган Курсан Асанов жана кызмат алган Домшенко да сиздердин партияга кирген. Ошондуктан башка бирөөнү айтарда өзүңөрдү карап койсоңор».

Мадумаров: Ошол КСДПдан жөө качкандар ошол жакка көчүп өттү. Мен Улук мырза өттү деп айткан жокмун. Жетекчиңер ким айта аласыңарбы?

Кочкоров: Бүгүн жетекчибиз Аманкулов...

Мадумаров: Жетекчиңер Жээнбеков. Муну ачык айтыш керек.

Мадумаровдун кийинки пикир талашы “Чоң Казат” партиясынын лидери Максат Мамытканов менен уланды. Эки лидердин ортосунда алып баруучулардын өкмөт, коалиция жоопкерчилиги жөнүндө суроосуна байланыштуу ача пикир жаралды.

Мадумаров: Эл тарабынан шайлаган президент бир эле учурда өкмөттүн башында болуп, аткаруу бийлигинин жоопкерчилигин алыш керек. Шайлоо Кыргызстанды жакшылыкка алып барбайт. Дайындоо менен ага укук, жоопкерчилик бериш керек.

Мамытканов: Буга чейин деле дайындоо болгон. Канча президенттин убагында дайындоо болду. Жыйынтыгында эч нерсе жок. Президентти да көзөмөлдөө керек.

Модератордун жергиликтүү бийликтин ишмердүүлүгү жана натыйжалуулугун арттыруу боюнча суроосуна жооп берген “Биримдиктин” талапкери Улукбек Кочкоровго “Мекенчил” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев кайчы пикирин айтып, экөө сөз талаша кетти.

Кочкоров: Райондун деңгээлинде бир айыл өкмөттөй түзүп туруп, түздөн-түз өкмөт башчысы менен иштеше тургандай кылсак деген оюбуз бар.

Ташиев: Айыл округу туура өкмөт башчы менен сүйлөшүш керек деп. Жомокту айтпагылачы.

Кочкоров: Мамлекеттик башкаруу жөнүндө түшүнүгүңүз жок болсо башканы күнөөлөбөй эле коюңуз. Азыр Ош менен Бишкек түздөн-түз өкмөт башчы менен иштешет. Ошол сыяктуу 20-25 аймактарды түзүп, өздөрүнүн маселесин чечсин деп жатабыз. Азыр биз бийликтин партиясы эмеспиз. 4-октябрдан кийин 65 мандат менен бийликти түптөйбүз.

Ташиев: Урматтуу шайлоочулар, Улукбек Тойчубаевич эки-үч жолу "бийликтин партиясы эмеспиз" деп айтты. Бул калп. Ушуларга кантип добуш бересиңер?

Кочкоров менен Ташиевдин кайым айтышы пандемиядагы адам өлүмү, сырттан алынган каражаттарга байланыштуу суроодо күчөдү.

Ташиев пандемиядагы кризис үчүн өкмөт мүчөсү катары Кочкоровду күнөөлөдү.

Ташиев: Силерди түздөн-түз күнөөлөшүбүз керек. Өкмөттө иштедиңиз. Өкмөт башчыны жана министр катары сизди күнөөлөш керек.

Кочкоров: Сиз адашып жатасыз. Мен саламаттык сактоо же финансы министри болуп иштебейм, акча бөлгүдөй. Мен айтып коеюн. Эмне себептен ушул абалга келдик, ким күнөөлүү? Премьер же башка министр болобу жооп бериш керек. Ушул маселенин аркасында туруп эртең маселе көтөрөм.

Алардын сөз талашына “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров кошулуп, “пандемиядагы алешемдиктер маселесин бийликчил партиялар көтөрбөйт” деди. Ал эми Кочкоров менен Ташиевдин кайым айтышуусу уланып, мурда кимиси жогорку кызматта турганынан бери айтып өтүштү.

Ташиев: Мамлекеттик башкаруунун билбеген саясатчылар дедиңиз. Биз иштеп, биз министр болуп жүргөндө кичинекей бала болчусуз. Ошондуктан бизден көп биле албайсыз.

Кочкоров: Сиз министр болуп турганда мен чоң башкармалыктын начальниги болуп тургам.

Телетаймашта коронавирус темасы кызуу талашка жем таштады. “Замандаш” партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов дебатка келген каршылаштарын өлкөдөгү пандемия курмандыктарына салымы бар деп айыптады.

«Ушул жердеги бир дагы адамдын пандемия боюнча сүйлөөгө моралдык укугу жок. Адахан Кимсанбаевич пандемия башталганда "коронавирус жок" деп көп өлүмгө алып келди. Сиз талашпай эле коюңуз. Камчыбек Кыдыршаевич, сиз бийликте болгон адамсыз. “Чоң Казаттын” өкүлү дарылардын баасын көтөргөн фармкомпанияңар бар. Бийликке апрелде эскерткенбиз. Анын алдын алган жоксуңар», - деди Молдокматов.

Молдокматовдун айыптоосу жоопсуз калган жок. “Мекенчил” партиясынын төрагасы Камчыбек Ташиев Молдокматовду ага асылбоого чакырды.

Ташиев: Жеңишбек, мага чабуула баштадың го? Эмнеге сындап атасың? 2007-жылы министр, 2010-жылы депутат болгом. Ошол үчүн эми жооп берейинби?

Молдокматов: 29 жылдын ичинде мамлекетти ушул деңгээлге алып келген бардык бийликте болгондорду айтып жатам.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров бийлик өзүнө ылым санаган партиялардын утуп келишине шарт түзүп жатканын айтып, бийликчилдер арасына “Замандаш” партиясын дагы кошту. “Замандаштын” төрагасы Мадумаровдун дооматын четке какты.

Бир жумадан бери күндүн башкы темасынан түшө элек «Биримдик» партиясын жана анын лидери Марат Аманкуловдун чуулуу билдирүүсүн “Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагылышууларга катышкандардын партиясынан” башка партиялар лидерлеринин баары кескин сындаган позициясын жарыялашты.

Өз кезегинде «Биримдик» партиясынын талапкери Улукбек Кочкоров жооп берип жатып, Мадумаровго Каркыра, Баткендеги чек ара боюнча сын айтты.

Кочкоров: Биринчиден, биз эгемендүүлүгүбүздү көздүн карегиндей сактайбыз. Экинчиден, ушуну Каркыраны саткан, Баткендин жерин берген адам айтпай эле койсо болот эле. Үч чакырылыштан өтпөгөн макулдашуу, сиз спикер болгондо өтүп кеткен.

Мадумаров: Баласыңар силер. Биз ошону өткөрбөй жүргөнбүз. Биз бардык нерсени кыргыздын кызыкчылыгына келтирип туруп өткөрдүк. Улук иним, кудайдын алдында коркчу. Келечегиң бар, бирок туура эмес жолду тандап алып “Биримдик” менен чөгөсүң.

Экөө Баткен боюнча дагы талашып-тартышып бири-бирин “сабатсыз” деп аташты. Мадумаровго “Мекенчил” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев болуша кетти. Кочкоров өз чындыгын документ менен тастыктоого аракет кылды.

Эки талапкердин кайым айтышуусу муну менен токтоп калган жок. «Биримдик» партиясынын талапкери Улукбек Кочкоров дебаттагы сөзүн жыйынтыктап жатып, коомчулуктагы партия жөнүндө айтылган ушактарга ишенбестен аларды тандоого чакырды.

«Башка партиялар бирөөлөрдү жамандап жүрүштү. Биз идеяларды, программаларды сунуштап жатабыз. Ошондуктан, урматтуу мекендештер, добушуңду сатпа, администрациялык ресурстан коркпо. Өз каалооң менен бизди тандасаң бакубат жашоо, күчтүү мамлекетти колдогон болосуң».

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров жыйынтыктоочу сөзүндө да бийликчил партияларды сындап баштады. Убактысы бүткөнүнө байланыштуу микрофону өчүк болсо дагы Мадумаровго Кочкоров жооп берип жатты. Экөөнүн кайым айтышуусун алып баруучулар токтотууга мажбур болду.

Мадумаров: Эң көп добуш сатып алып жаткан партияларды “сатпа” деп кыйкырганы кулакты жарганы калды. Силер сатып албасаңар бирөө сатып алабы? Мен сени айтып жатамбы? Сөз ээсин табат деп атам. Ошол сага тийип жатабы?

"Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагылышууларга катышкандардын партиясы" жана "Чоң казаттын” өкүлдөрү башка каршылаштарына сын-пикир айткан жок. “Биримдик” баш болуп азыркы системаны сындаганын көрүп, "Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагылышууларга катышкандардын партиясынын” лидери Акбөкөн Таштанбеков “шайлоодо бардык партия эле оппозиция болуп калат” деп тамашалады.

Телетаймашта бийликчил партияга сын жаады
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:57 0:00

Ошентип, парламентке ат салышкан 16 партиянын лидерлеринин негизги телетаймаштары соңуна чыкты. Байкоочулар бул жолку дебаттарда талапкерлер шайлоочунун оюн өзгөртө ала тургандай дараметин көрсөтө алган жок деп баа берип жатышат.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG