COVID-19 пандемиясы дүйнөнү күтүлбөгөндөй өзгөрүүгө дуушар кылды. Жугуштуу илдет жер бетин каптап, калайык үйдөн чыга албай калганы айлана-чөйрөгө пайдасын тийгизип, жаратылыш бир топ жанданганы сезилген. Пандемиянын бизге берген сабагы эмне?
Биотүрдүүлүк, тамак-ашка талап жана оору-сыркоо
Дүйнөнү бейпага салган COVID-19 пандемиясы бизди курчап турган айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасаганда гана адамдын жашоосу бейпил болоорун далилдеди. Биотүрдүүлүктүн азайып баратканы жана тамак-ашка талаптын кескин өскөнү жан-жаныбарлардан жукчу илдеттердин көбөйгөнүн таасын көрсөттү.
Адистер белгилегендей (Woolhouse and Gowtage-Sequeria, 2005), оору-сыркоонун 60% кишиге айбанаттардан жугат. Ал эми жаңы аныкталган вирустардын төрттөн үч бөлүгү жан-жаныбарлардан берилет. Алардын арасында бүткүл дүйнөнү бейпайга салган ВИЧ/СПИД илдети кишиге приматтардан, Рифт-Валли безгеги жана куш тумоосу, чочко тумоосу - үй жаныбарлары менен канаттуулардан жуккан.
Панголин - сейрек кездешүүчү (демек, кырылып жок болуп бара жаткан), териси илгерки жоокерлер кийчү зоотко окшош, Кызыл китепке кирген кичинекей жырткыч.
Былтыр февралда Кытайда эпидемия күчөп жатканда, Гуанчжоу Айыл чарба университетинин окумуштуулары аткезчилердин колунан алынган панголиндерден таажы вирусу чыкканын, генетикалык жагынан ал адамга жукчу SARS-CoV-2 вирусуна 99% дал келээрин ырасташкан.
Бириккен Улуттар Уюмунун биотүрдүүлүк боюнча адиси, биолог Мария Воронцова адамзат азыр туш болгон кризиске коомдун чексиз керектөөсү жеткиргенин белгилейт.
- Пандемия болушу мүмкүн деген эскертүү кеминде 30 жылдан бери айтылып келген. Оору-сыркоонун төрттөн үч бөлүгү табияттан, жапайы жаныбарлардан адамга жугаары илгертеден эле белгилүү. Соңку жылдары табигый ресурстарга өзгөчө жигердүү басым жасалып келе жатат. Бул коронавирустун Кытайдан чыкканы дагы кокусунан эмес, анткени ал өлкөдө токойдун баары кыйылган, аба ышка айланган. Ал эми токойлор жоголсо, жаныбарлар адамдарга жакындашат. Ошондой эле кытайлыктар тамак-ашка жана салттуу медицинасында жапайы жан-жаныбарларды көп колдонгондуктан, вирус дал ошол жакта чыкканы таң калычтуу эмес. Бирок бул бир эле Кытайда эмес, Ухандагы базарга окшогон жерлер Батыш Африка менен Латын Америкасында дагы жайнайт. Учурда тропикалык токойлор көп кыйылып, адамга көп вирустар жана бактериялар жугат деген коркунуч күчөдү.
Азыр калк карантинде үйдөн чыкпай жатканда, жапайы табият жанданып, мисалы, Венеция сыяктуу шаарлардагы каналдарда балык, ал эми Санкт-Петербург шаарынын борборунда кемчет пайда болгонуна күбө болдук. Пандемиядан кийин адамдар кадимки жашоосуна кайткан соң мунун баары кайра жоголобу?
- Бул, албетте, убактылуу эле тыным алуу. Жаныбарлар кере дем алып, Петербургдун каналында сүзүп көрүштү, Венециянын суусунда дельфиндер пайда болду. Азыр абдан таң калычтуу нерселер болуп жатат. Океанда суу мейкиндиги ызы-чуу, ар кандай добуштарга толуп калган эле. Танкерлер, кемелер ары-бери тынымсыз каттагандыктан, киттер бири-бирин уга албай калган. Алар өтө чоң аралыктан, миңдеген чакырымдан бири-бири менен байланышууга жөндөмдүү.
Карантинден улам кемелер көп жүрбөй, азыр мухит дагы тынчтана түштү. Мындан улам Беринг кысыгында гренландиялык киттердин «баарлашуусун» угуп, атайын иликтөөлөр жүрүп жатат. Азыр баардык океандарда киттер бири-бири менен сүйлөшүп, угуп, өз дүйнөсүнө кайтып келди десек болот.
Бул жагдай бизге да ойлонууга убакыт берет. Мунун баары убактылуу, анткени азыр көчөлөрдө автоунаа, киши азайды. Жаныбарлар мурункудай коркпой-үркпөй калышты.
Бирок жашоо-турмуш мурунку калыбына келгенде жаныбарлар кайра эле өз коңулдарына кайтышат. Бирок алардын жашоосу алда-канча арып, байырлаган аймактары кыйла кыскарганын да эстен чыгарбашыбыз керек. Биз алардын «үйлөрүн» кысып салдык.
Мына ушул себептен био-артүрдүүлүк азайып, жаныбарлардын айрым түрлөрү жөн гана ойрон болуп кетти. Жалпы жонунан алганда, төрт миңдей эле жолборс, жыйырма миңдей арстан, эки жүз миңдей пил калды. Бул абдан аз сандар жана бул өтө өкүнүчтүү, – дейт биолог Мария Воронцова.
COVID-19 пандемиясы маалындагы карантин бизди курчаган жаратылышты убактылуу болсо да эс алдырып, айрыкча климатка тийгизген таасири кыска гана мезгилди кучагына алды.
Абанын булганышы: Кыска мөөнөттүк пайда жана келечектин сабагы
Адамдын жашоосуна тийгизген таасиринен сырткары COVID-19 кризиси энегетикалык секторго жана абанын булганышына түздөн түз таасир этип жатат. Коронавирустун экономикага тийгизген терс таасири, тескерисинче, өндүрүштөн чыккан булганыч газдарды азайтып, мурунку жылга салыштырмалуу атмосферага чыккан уулуу газдардын жалпы көлөмү аз болоору күтүлүүдө.
Карантинде эл үйдө өтурганда унаа тармагынын иши кескин токтоду, эл аралык туристтик жана бизнесс каттамдар жабылды. 2020-жылы Европада автожол аркылуу жүргүнчү ташуу мурунку жылга салыштырганда 57% азайган. Ал эми Эл аралык аба жолдорунун биримдиги Европада эле көрсөткүч мурунку жылдын июнь айына салыштырмалуу 65% түшкөнүн жарыялады. Бул сандар жалпы дүйнөлүк алкакта унаадан чыккан булганыч газдар азайгандыгынын айкын мисалы.
Бирок адистер баса белгилегендей, 2020-жылкы көрсөткүч - бул кыска мөөнөттүк гана жетишкендик болуп саналат. Пандемиядан кийинки кадимки турмушта мындай көрсөткүчтү сактап калуу үчүн энергиянын атаандаш булактарын кеңири колдонуп, улам калыбына келчү отундардын системаларына өтүү зарыл.
COVID-19дун айынан үйдө обочолонуп отургандын пайдасы - абанын тездик менен тазарышы болду. Бул айрыкча абасы булганган чоң шаарларда байкалды. Бир айлык байкоолор көрсөткөндөй, Европада 2020-жылдын жазынан тарта көпчүлүк өлкөлөрдүн калкы карантинде отурганда автомобилден чыккан азоттун кош кычкылы кескин азайган. Бирок жыл этегине жакын абанын булганышы карантинге чейинки абалга кайра жакындаганы байкалды.
Бул көйгөйгө келгенде, Кыргызстандын баш калаасы Бишкектеги кейиштүү абалды айтпай коё албайбыз.
Дүйнөдөгү шаарларда абанын сапатын иликтеген «World Air Quality» уюмунун иликтөөсүнө караганда, 2021-жылы 3-4-январда Бишкек абанын булганышынын көрсөткүчү боюнча төгөрөктүн төрт бурчунда биринчи орунга чыкты. Адатта кыш киргенде миллиондон ашуун тургуну бар шаарды ыш каптайт.
Абанын сапаты жана COVID-19
Адистер пандемия башталгандан бери булганган аба коронавируска чалдыккан кишинин абалынын оорлошуна кандай таасир этээрине байкоо салып жатышат. Абанын булганышы жүрөк-кан тамыр жана дем алуу органдарынын илдеттерин пайда кылат. Ал эми мындай оорудан жабыркагандарга COVID-19 жукса, өмүрүнө коркунуч абдан чоң.
Мисалы, италиялык илимпоздор булганыч аба, озон, күкүрттүн кош кычкылы адамдын дем алуу органдарынын иммундук системасын алсыратып, коронавируска туруштук бере албай каларын аныкташкан. Германияда жүргүзүлгөн иликтөөлөр экологиясы булганган аймактарда жашагандар коронавирустан көп жабыркаганын көрсөтөт. Ушул тапта бул нуктагы изилдөөлөр уланууда.
Илимпоздорду кызыктырганы – "булганган абадагы көзгө көрүнбөгөн катуу бөлүкчөлөр же чаң коронавирусту таратабы?" деген суроо. Италиянын Бергамо шаарында абадагы чаңдан генетикалык анализ алганда SARS-CoV-2 табылган. Андыктан булганган аба коронавирусту бир топ жерге чейин учуруп барып, инфекцияны жайылтышы мүмкүн деген божомолдор да бар. Ошол эле маалда абадагы майда бөлүкчөлөр андайга жарабайт деген көз караш да басымдуу.
Ошондой эле чоң шаарларда карантин маалында ызы-чуу кескин азайып, ал дагы убактылуу болсо да экологиялык жагдайга оң таасирин тийгизди.
Желим таштанды жана кайра иштетүү
COVID-19 пандемиясы желим өндүрүүгө жана пайдаланууга, ошондой эле андан чыккан таштандыга байланыштуу чоң өзгөрүүлөргө дуушар болду. Таштандыга эми медициналык калдыктар да кошулду.
Пандемияда жеке коргонуу каражаттары, беткап, мээлей, халат, дезинфекциялоочу каражаттарга талап глобалдык деңгээлде болуп көрбөгөндөй күчөдү. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эсебинде, ай сайын дүйнөдө 89 миллион медициналык беткап, 76 миллион мээлей жана 1,6 миллион коргоочу көз айнек керек болду. Бир эле Кытайда мындай таштандынын көлөмү 6% көбөйдү.
Шаарлардагы кафе-ресторандар жабылып, тамак-ашты кардарга жеткирип берген кызмат көбөйдү. Бышкан тамак-аш бир жолку желим идишке, баштыкка салып жөнөтүлдү. Интернет дүкөндөр да өз товарларын жылтырак менен желимге ороп-чулгап жиберишет.
Ошентип бир жолку желим буюм-тайымдар COVID-19ду ооздуктоодо эбегейсиз роль ойносо да, аны колдонуу ушунай ыргакта кете берсе, акыры Жер төгөрөгү желимге чөмүлүп калат деген коркунуч бар. Ал эми бир жолку желим каражаттарды өрттөп жок кылуу айлана-чөйрөнү бузуп, анын ичинде абаны булгайт.
Пандемия маалында мунайдын дүйнөлүк баасы түштү. Андыктан желим чыгарган ишканалар таштандыны кайра иштеткендин ордуна, желимди табигый булактардан өндүрө баштады. Дүйнөдө азыр желимди жана андан чыккан таштандыны кайра иштетүү тармагы чоң басым алдында калды.
COVID-19 алааматы токтобой, дүйнө эли дагы деле кооптонуу менен чектелген шартта жашап жатат. Эки миллионго чукул кишинин өмүрүн кыйган илдетке каршы вакцина түрлөрү атаандаш өндүрүлүп, ар кыл мамлекеттердеги өкмөттөр өз калкынын коопсуздугу үчүн канчалык аракет кылганы менен, азырынча коронавирусту толук жеңдик деп айтууга али эрте.
Деги эле пандемия бизди эмнеге үйрөттү?
Бул суроону химия илимдеринин кандидаты, профессор Сайнеке Бообекова узаттык.
Туура бир жыл мурун Жер төгөрөгүн каптаган пандемия жашыл планета менен адамдын күндөлүк жашоосунун өз ара тыгыз байланышын көрсөттү. Адамдын керектөөсү чексиз өсүп, илим менен технология өнүксө дагы дүйнөнүн үшүн алган COVID-19 илдети таза аба, табиятка жана аны мекендеген жан-жаныбарларга аяр мамиле жасоону көрсөттү.
Ар жыл сайын адамзат 10 миллион гектар токойду жоготот, океандар болсо желим таштандыга толот. Булганган аба менен суудан жылына 9 миллион кишинин өмүрү кыйылат, бул - пандемиянын курмандыктарынан эселеп көп жоготуу. Илимпоздор булганган аба менен COVID-19дун оор түрүнүн ортосундагы байланышты табышканын эске сала кетсек да ашыкча эмес.
Коронавирус пандемиясы жашоонун булагы болгон табиятка адамдын жасаган мамилеси тууралуу ойлонууга түрткү болду.