Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:40

Грэмми 2017: Аделдин беш сыйлыгы


Адел беш "Грэммиге" татып, бешинчи сыйлыгын алуудан баш тартты.
Адел беш "Грэммиге" татып, бешинчи сыйлыгын алуудан баш тартты.

АКШнын Лос-Анжелес шаарында өткөн “Грэмми” музыкалык сыйлыгын тапшыруу салтанатында британ ырчысы Адел беш номинацияда мыкты деп табылды. Ал эми тогуз категорияда мыкты болууга ат салышкан ырчы Бейонсе эки гана сыйлыкка ээ болду.

Британ ырчысы Аделдин Hello чыгармасы “мыкты үн жазуу”,“мыкты ыр”, ал эми “25” деген аталыштагы жыйнагы “эң мыкты музыкалык альбом” деп табылды.

- Мен силерди жакшы көрөм. Сыйлыкты тапшырган Академияга ыраазычылыгымды билдирем. Менин жетишкендиктериме чоң түрткү болгон уулума, жолдошума жана менеджериме ыраазымын. Бардыгыңыздарга чоң рахмат. Ар бириңиздерге рахмат айтам, - деген Адел “мыкты альбом” үчүн сыйлыгын алуудан баш тартты. Ал бул сыйлыкка Бейонсенин Lemonade альбому татыктуураак экенин айтты.

Адел “Грэммиден” баш тарткан тарыхтагы экинчи аткаруучу болду. Буга чейин 1990-жылы Шинейд О’Коннор сыйлыгын албай койгон.

Адел бешинчи сыйлыгын сахнадан экиге бөлүп салды.
Адел бешинчи сыйлыгын сахнадан экиге бөлүп салды.

Ал эми Адел сыяктуу эле тогуз категория боюнча мыкты болууга ат салышкан америкалык ырчы Бейонсе эки гана сыйлыкка жетти. Анын Formation деген чыгармасына тартылган клип мыкты видео деп табылса, Lemonade аталышындагы альбому урбан стилиндеги мыкты альбом аталды.

- Альбомду жаздырууда жана клипти тартып жатканда мен биздин жан дүйнөбүздөгү ооруну, күрөштү, бугубуздун үнүн чыгарууну максат кылдым – деди жакында эле кош бойлуу экенин жарыялаган Бейонсе.

Сыйлыктын дагы бир чолпон жылдызы деп маркум рок-аткаруучу Дэвид Боуи табылды. Анын соңку Blackstar альбому “мыкты рок аткаруучу”, “рок жанрындагы мыкты ыр”, “эң алдыңкы альтернативалык альбом” номинацияларында 1-орунду алды. Боуи былтыр 69 жашында көз жумган.

Кшиштоф Пендерецки башында турган Варшава улуттук хору да мыктылардын катарын толуктады.

Chance the Rapper аттуу америкалык хип-хоп ырчысы үч сыйлыкка ээ болду, анын арасында “мыкты жаңы аткаруучу” номинациясы да бар. Кызыгы бул ырчынын дисктери сатылбайт, чыгармалары интернетке жүктөлбөйт. 23 жаштагы реппер өз музыкасын түз (онлайн) жайылтуу менен атактуулукка жетишти.

59-жолу өткөн "Грэмми" салтанатында былтыр көзү өткөн ырчылардын элесине арналган чыгармалар аткарылды. Бруно Марс маркум Принстин ырын аткарды. Ал эми Адел өткөн жылдын соңунда көз жумган Жорж Майклдын элесине арналган чыгармасын ырдады.

Салтанатты британиялык киноактер Жеймс Корден алып барды. Жакында эле өткөн “Алтын глобус” сыйлык тапшыруу аземинен айырмаланып, бул ирет сахнага чыккандар саясий билдирүүлөрдү жасоодон алыс болушту.

Маркум Девид Боуинин соңку альбому беш номинация боюнча жеңишке жетти.
Маркум Девид Боуинин соңку альбому беш номинация боюнча жеңишке жетти.

Болгону A Tribe Called Quest тобунун солисти Баста Раймс АКШга кирүүгө тыюу салган жети өлкөнүнүн жарандары тууралуу президент Трамптын буйругун сынга алды. Топ өз чыгармасынын аягында “Биз эл менен!” деп бир нече ирет кыйкырууга үлгүрүштү.

59-жолу өткөн "Грэмминин" салтанатында 80ден ашуун номинация боюнча сыйлыктар ыйгарылды.

"Грэмми" (Grammy) - Америкалык үн жазуу академиясынын 1958-жылы түзүлгөн музыкалык сыйлыгы.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG