Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:48

"Азаттыктын" Крымдагы сайтына бөгөт коюлду


Крымдын орусиячыл прокурору Наталья Поклонская  “Азаттык" үналгысынын” Крым кызматынын сайты жабылганын 11-майда ырастады. 
Крымдын орусиячыл прокурору Наталья Поклонская  “Азаттык" үналгысынын” Крым кызматынын сайты жабылганын 11-майда ырастады. 

“Эркин Европа/Азаттык" үналгысынын” башкы редактору Ненад Пейж “Крым. Реалии” сайтынын жабылышын экстремизм шылтоосуна жамынган цензура жана орус, крым элине аннексия тууралуу чындыкты угууга жолтоо болгон агрессиялык аракет деп сындады.

Орусия аннексиялап алган Крымдын прокурору Наталья Поклонская “Эркин Европа/Азаттык" үналгысынын” Крым кызматынын сайты жабылганын 11-майда ырастады. Поклонская Крым кызматынын сайтынын жабуу чечимин экстремисттик багыттагы макалалар жарыяланып жатканы менен түшүндүрдү. Прокурор айым тиешелүү документтер топтолуп Роскомнадзорго өткөрүлгөнүн айтты. “Крым. Реалии” долбоорунун башкы редактору Владимир Притула редакция алдын ала эч кандай эскертүү албаганын айтууда:

"Крым.Реалии" долбоорунун башкы редактору Владимир Притула
"Крым.Реалии" долбоорунун башкы редактору Владимир Притула

“Крым. Реалии” сайтынын редакциясы жана “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун украин кызматы алдын ала эч кандай Роскомназдордон жана Орусиянын Башкы прокуратурасынан эскертүү алган эмес. Эч ким нааразылык билдирип, талап да койгон эмес. Поклонская айымдын сайтта экстремизм жайылтылып, аймактык бүтүндүктүн бузулушуна доо келтирилген макалалар жарыяланып жатат деген сөздөрүнүн эч кандай далили жок. Биз жумушубузду улантып жатабыз. Интернет кеңири жайылтылган доордо, кандай гана бөгөт коюу болбосун аны айланып өтчү жолдор табылат.

Ал эми Роскомназдордун сайтында жазылган маалыматка таянсак, Орусиянын Башкы прокуратурасы 2015-жылдын 25-сентябрында чыгарган чечими менен "Крым. Реалии" сайтынын Орусияда ачылышына толук бөгөт койгон.

Орустардын башкы көзөмөл мекемеси чечим федералдык мыйзамдын “Маалымат, информациялык технологиялар жана маалыматты коргоо” деген беренесинин алкагында кабыл алынганын билдирген. Бул берене массалык тополоң уюштурууга, экстремисттик ишмердүүлүк жүргүзүүгө жана коомдук тартипти бузууга чакырык жасаган сайттарга бөгөт коюуга негиз берет.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун башкы редактору Ненад Пейж сайтка бөгөт коюу бул агрессиянын белгиси деп сындады:

- Ойго келгис экстремизм шылтоосу менен бийлик “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун сайттарын цензурага алып, Орусия жана Крымдагы окурмандарга жарым аралдын аннексияланышы тууралуу чындыкты билүүгө мүмкүнчүлүк бербей жатышат. Биз бул аракеттерди кескин сынга алабыз жана "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна, коомчулуктун маалыматка эркин жетүү укугуна каршы жасалган чабуул деп эсептейбиз.

Крым-татар элинин межлиси да орустардын көзөмөл органдарынын аракеттерин кескин сынга алып, сөз эркиндигине каршы басым деп баалашты.

Нариман Желял
Нариман Желял

​- Азыр дээрлик күн сайын биз укуктар менен эркиндиктин чектелип жатканына күбө болуп жатабыз. Өзүңөр билгендей, межлис да ошондой абалда. Бирок кандай гана болбосун баары чечилет деп ойлойм. Дал ушундай бөгөт коюу, чектөө, адамдарды камоо менен айланадагы абалды көрүп-билгенге жана өз пикирибизди айтууга чектөө киргизе алышпайт, - деди Межлистин төрага орун басары Нариман Желял.

Желял белгилегендей, Орусия аннексиялап алган Крымдын Жогорку Соту 26-апрелде Крым татарларынын элдик межлисин экстремисттик уюм деп тапкан.

Орусиянын Юстиция министрлиги апрель айынын соңунда межлисти экстремисттик уюмдардын катарына кошкон.

19-апрелде Орусияны федералдык коопсуздук кызматы “Крым. Реалии” долбоорунун журналисти Николай Семенге каршы “Орусиянын аймактык бүтүндүгүн бузууга каршы чакырыктары” үчүн кылмыш ишин козгогон.

2014-жылдын 16-мартында Орусиянын аскерий жана саясий колдоосу менен Крымда Конституцияга каршы келген жана дүйнө коомчулугу тааныбаган референдум өтүп, анын жыйынтыгында Орусия жарым аралды өз курамына кошуп алган.

Эл аралык уюмдар жана бир катар батыш өлкөлөрү Орусиянын бул кадамын кескин сынга алуу менен Москвага каршы экономикалык санкцияларды киргизген. Ал эми Кремль жарым аралды басып алганын танып, өз кадамын “тарыхый адилеттүүлүктүн калыптанышы” деп атап келет.

XS
SM
MD
LG