Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:35

«Топон суу» тозоту. Үрөй учурчу божомолдор


Түркияда сириялык качкындар жайгашкан жер. 
Түркияда сириялык качкындар жайгашкан жер. 

Дүйнөнүн 30дан ашуун өлкөсүндө COVID-19 апаатынан улам азык-түлүк тартыштыгы сезиле баштады.

Алардын арасынан он өлкөнү ачарчылык каптады. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) институттары жүргүзгөн изилдөөлөрдө ушундай маалыматтар камтылган. Ушу тапта болуп аткандардын оор залакасын бай-кедей дебей бардык өлкөлөр, анын ичинде АКШ менен Европа, Орусия да тартат. Таажы вирусунун такай чыгып турчу табигый очоктору калат. COVID-19 апаатынан Африканын, Азия менен Латын Америкасынын кедей өлкөлөрү өзгөчө жапа чегет деп айтыш кыйын, андан баары жабыркайт.

Ачарчылык

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын аткаруучу директору Дэвид Бизлинин айтымында, жугуштуу оору Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки эң оор гуманитардык кризис болуп калды. Жардам берилбесе ачарчылыктан жакынкы үч ай ичинде күнүгө 300 миңге чейин адам набыт болушу ыктымал.

Албетте, болуп жаткандардын залакасынан кризис башталганга дейре уруштардан, социалдык-саясий жаңжалдардан, жакырчылыктан азап чегип келаткан чөлкөмдөр менен өлкөлөр (экономикасы кедеринен кетип, эч кимди сыртка чыгарбай, сырттан киргизбей камалып, көпчүлүк өндүрүшү, жол катнашы токтогон) өзгөчө жабыр тартары түшүнүктүү. Буга мисал катары Сирия, Ооганстан, Ирак, Венесуэла, Зимбабве, бүтүндөй Батыш Африка, Йемен, Конго Демократиялык Республикасы, Түштүк Судан, Эфиопия, Эритрея менен Гаити мамлекеттерин көрсөтсө болот. Дагы бири - Украинанын чыгышы. Кыйла эле оор жагдай Индиянын, Индонезия менен Пакистандын көп калкынын башына түшүшү ыктымал.

Ооганстан менен Ирандын чек арасындагы качкындар. Апрель, 2020-жыл.
Ооганстан менен Ирандын чек арасындагы качкындар. Апрель, 2020-жыл.

Мындай бүтүмдөр Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (ДАТП), ошондой эле БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (АТАЧУ) жаңы баяндамаларында келтирилген. Анда боло турган ачарчылык менен гуманитардык катастрофанын масштабы Библиядагы топон суу апаатына салыштырылган.

Баяндамаларда конкреттүү сандар көрсөтүлгөн. Африкада ачарчылыктан 73 миллион, Азия менен Жакынкы Чыгышта 43 миллиондон ашуун, Латын Америкасында 18 миллиондон ашуун адам набыт болору белгиленген. Араб өлкөлөрүндө ушу тапта 100 миллиондон ашуун адам жакырчылыкта жашайт, 50 миллиондон ашуун адам тоё тамак жебейт.

Эңгезердей Кытайдын эсти эки кылчу түйшүктөрү

Опсуз ачарчылык Кытайды да капташы мүмкүн. Жамы дүйнөнүн эсин эки кылган таажы вирусу алгач ал жерден башталып, андан, кыязы соода өнөктөштөрүнө, товарларын жөнөтүп турчу өлкөлөргө жайылды. Жугуштуу дарттан чыккан экономикалык аргасыздык эл аралык азык-түлүк соодасынын үшүн качырды. Эми ал жамы дүйнөлүк азык-түлүк кризисин алып чыгарын КЭРдин Айыл чарба министрлиги болжолдоп отурат.

Бээжиндин мындай билдирүүлөрү көп өлкөлөрдө өз ара айыл чарба өндүрүмдөрүн ташып жеткирип турган глобалдык карым-катыштын бекем чынжырын үздү. Бир топ мамлекеттер жагдай оорлошуп баратканын көргөн соң азык-түлүк өндүрүмүн сыртка чыгарууга чектөө салып коюшту. Мисалы, данды сыртка чыгарууну азайтып, өлкөсүндөгү резервдик стратегиялык запастарды толуктоого киришти. «Жугуштуу оорунун залакасынан чыккан коркунуч келечекте кандай болору белгисиз болгондуктан, чек араларды жаап, жалпы элдик карантиндерди киргизүүдөн улам эл аралык соодада бүдөмүк жагдайларды жаратты, глобалдык айыл чарба базарындагы арасаттыкты күчөттү, баалар көтөрүлүп, кайра кескин арзандашына алып келди», - деп белгилейт Кытайдын айыл чарба министринин орун басары Ю Канчжэнь.

Ухань шаарындагы креветка сатчу базар. Апрель. 2020-жыл.
Ухань шаарындагы креветка сатчу базар. Апрель. 2020-жыл.

Кытайлык аткаминердин айтканы боюнча, анын өлкөсүндөгү логистикалык сооданы кармап турчу чынжыр үзүлүп, мамлекеттин чектөө иш-чаралары айыл чарба жаатындагы жумушчулар менен адистердин азайышына алып келди. Мисалы, Кытайда сыртка экспортко чыгарылчу канаттуулар менен чочконун этин өндүрүү азайды. Анын үстүнө ошол эле Кытайда 2019-жылы таажы вирусу дүйнө элинин капарына кире элек чакта «чочконун Африка тумоосу» каптап, малдын башы 40% азайган, андан бери коркулдактарынын саны азайгандан азайып эле баратат.

Ю Канчжэнь баяндасында белгилегендей, кургакчылык менен суу ташкындары сындуу айыл чарбасынын кедерин кетирчү нерселер 2020-жылы мурдагы учурларга салыштырмалуу кыйла көп зыян алып келди. Кытайдын өзүндө дан эгиндери ички суроо-талапты канааттандырууга жетиштүү болгону менен, жугуштуу дарт Кытайдын мүмкүнчүлүгүн кыйла азайтат (бул жагынан ал алдыңкы орунду ээлечү), эң маанилүү деген өндүрүмгө, буурчак менен өсүмдүк майына болгон дүйнөлүк суроо-талапты канааттандыруу кыйын болуп калат. Кытай ошондой эле башка өлкөлөргө балык менен деңиз өндүрүмүн, жашыл-жемиштерди, чайды экспорттоону кыйла азайтууга мажбур.

Африканын арылбас азабы

Ондогон жылдардан бери жугуштуу дарттар менен ачарчылыктан азап тартып келаткан Африканын бардык өлкөлөрүндө соңку маалыматтарга караганда, COVID-19дартына чалдыккандар бир жума ичинде 43% көбөйдү. Бул өлкөлөр дары-дармек, санитардык-медициналык жабдуу, жеке тазалык каражаттары менен камсыз болуу жагынан дүйнөлүк тизменин эң аягында турат. Африканын он өлкөсүндө өпкөнү жасалма жандандырчу аппарат жок - андай жабдуу ал өлкөлөрдө дегеле болгон эмес.

БУУнун адистери болжогондой, абдан жакшы деген учурда «ысык континенттин» 1,3 миллиард калкына болбоду дегенде таажы вирусту ыкчам таап чыкчу 74 миллион тест, өпкөнү иштетип турчу 30 миң аппарат талап кылынат. «Өнүккөн өлкөлөр менен айласыз атаандашууга чыкканбыз, – дейт Оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө боюнча Африка борборунун жетекчиси​ Жон Нкеңасоң​. - Континенттин келечеги мына ушул маселелердин канчалык ыкчам чечилишине байланыштуу».

Соуэтонун эптеп курулган айласыз үйлөрү. Йоханнесбургдун жанындагы кедейлер жашаган аймак. ТАР.
Соуэтонун эптеп курулган айласыз үйлөрү. Йоханнесбургдун жанындагы кедейлер жашаган аймак. ТАР.

«Ар бир дүйнөлүк лидер ушу тапта биринчи иретте өз жарандарын сактоону парзым деп эсептейт. Кыйчалыш кырдаалдарда адамдын жүрүм-турумундагы эң ыплас нерселер калкып чыгарын билебиз», - дейт АП агенттиги менен болгон маегинде Кызыл жарым ай жана Кызыл чырым коомдорунун эл аралык федерациясынын Африка багыты боюнча директору Саймон Миссири. Ал дүйнө коомчулугун кедей өлкөлөргө жардам берүүгө, биринчи иретте азык-түлүк, дары-дармек, медициналык каражаттар менен жабдууларды сатып алууга жана бөлүштүрүүгө калыс мамиле кылууга чакырды. «Африка өлкөлөрү ушу тапта таң калыштуу иштерди жасап атканын көрүп атабыз, анысын биз эстүүлүк дей албайбыз. Силер чек араңарды жаба баштаганда биз туталана баштайбыз».

Жугуштуу оору жайыла баштаганда Африканын 43 өлкөсү чек арасын толук жаап, жалпы элдик карантин киргизип, ансыз да жетишпей жаткан эң керектүү медициналык жана азык-түлүк жүктөрүн алып барчу жерге ташып өтүүнү кыйындатты. Чет жерден келген ИВЛ аппараттары же күрүч, дан салынган каптардын жол акысы төлөнүп, бажы-административдик тоскоолдордун баарынан өткөнүнө карабастан, порттор менен кампаларда ташылбай турат. Аларды сактоо иштери да жакшы уюштурулган эмес, күзөтчүсү жок ачык асман алдында жайылып жатат.

Качкындардын кыргын жайлары

БУУнун маалыматы боюнча, дүйнө жүзүндө согуш менен куралдуу кагылышуудан кара башын калкалап чыккандардын саны 70 миллион кишиге жакын. Алардын 10 миллионго жакыны качкындар лагерлеринде же утурумдук жайларда күн кечиришет. Алардын бир да бирөөндө кимдир-бирөөлөр таажы вирусун жуктуруп алганы текшерилбейт. Жугуштуу оорудан жакын арада Батыш өлкөлөрү арылат болуш керек, ошол эле учурда алар таажы вирусу узакка созулуп кетишин, антип узакка созулбаса деле аларга коркунуч кайсы күнү келерин айтпай коркунуч баш багып турганын эстен чыгарбашы зарыл.

Нигериядагы качкындар лагери. Февраль, 2020-жыл.
Нигериядагы качкындар лагери. Февраль, 2020-жыл.

Маселен, согуштан дээрлик толук талкаланган Сириянын Идлиб провинциясында COVID-19 дартына чалдыккандарды кабыл алуучу кичинекей медициналык мекеме бар. Бул жердеги качкындардын лагери - бош калган үйлөргө кирип, баш калка кылып чатыр тигип алгандардын ар кошкон айылы. Ал жерде адамдардын бири экинчисинен алысыраак турушуна, колун такай самындап жуушуна ылайык шарт жок. 23 миллион калкы бар Сирияда ушу тапта таажы вирусу катуу тарап жаткан учуру. А бирок Башар Асаддын өкмөтү өз өлкөсүндө эч кандай оору жок экенин билдирип жаткан чагы. Он жылга созулган жарандык согуш өлкө калкынын жарымын үйсүз калтырды. Бери дегенде 350 сириялык медициналык мекемелер согуш учурунда бомбаланды, алардын көбүн Асаддын аскерлери жайлады. 900дөн ашуун медициналык кызматкер мерт болду. Канчасы чет өлкөгө баш калка издеп качып кетишкенин билген киши жок.

Батыш Африкада, өзгөчө Сахел деп аталган аймакта жамырап качкындар лагерлери көбөйүүдө. Ал жерге «Боко Харам» сындуу радикал исламчыл жанкечтилердин айынан качып келгендер чогулуп жатышат. Бул жерлер кийин COVID-19 жугуштуу дарты такай чыгып туруучу жайга айланышы ыктымал. Эң кедей Буркина-Фасодон кийинки айларда жихадчылардын кол салуусунан кара башын калкалап качып чыккандардын саны 800 миң адамдан ашты. Буркина-Фасонун айласыз саламаттык сактоо системасы 60 орундук интенсивдүү терапия жана 4 ИВЛ өпкөнү жандандыруу аппаратынан турат – мунун баары 20 миллион калкы бар өлкөнүн медицинасы.

Кийинки жылдары качкындардын дагы бир агымы Чыгыш Африкадагы Кенияны каптоодо. Жер ооп келгендердин көбү өлкөнүн түндүк-батышында жайгашкан Какум шаарындагы лагеринде. Ал жердеги чатырларда 190 миңден ашуун адам жашайт, ушунча адамдын муктаждыгы үчүн 19 кудук казылган. «АКШнын өзүндө күндө жүздөгөн адамдар жашоо менен кош айтышып жатса, сиздин оюңузча, биз кантебиз? - деп айтты качкындардын Дадаабдагы лагеринде жашыл-жемиш саткан адам «Los Angelles Times» басылмасынын кабарчысына. Бул жерде күндөн калканч кылып алып 217 миң киши бир жердей жашайт. - Биз баарыбыз өлөбүз». Какумда да, Дадаабда да таажы вирусун жугузуп алгандарды тестирлей турчу киши жок. Ал эми интенсивдүү терапия, ИВЛ аппараттары дегендерди бул жердегилер укпаса деле керек.

Найробинин жанындагы айласыз жайлар.
Найробинин жанындагы айласыз жайлар.

Эң оор абал деп Сомалидеги жагдайды айтыш керек. Жер которгондор күн өткөрүп аткан аймакка 2,2 миллиондон ашуун адам чогулган. Алардын кыйласынын эгинин чегиртке жеп кетип, кургакчылыктан азап чегип, калгандары «Аль-Каида» менен байланышкан «Аль-Шабааб» террорчул топторунун кыргынынан корголоп келишкен. Бүт Сомали боюнча оор дартка кабылгандарды жаткыра турган 46 орундуу жалгыз бейтапкана бар.

Американы аңдыган коркунуч

Непадам таажы вирусу Венесуэлада, Гондураста, Сальвадордо же Латын Америкасынын бошоң өлкөлөрүнүн биринде узакка кармала турган болсо анын залакасын Америка Кошмо Штаттары көбүрөөк тартып калышы ыктымал.

Кийинки эки-үч жалдын бери Николас Мадуронун өкүмзор бийлиги менен экономикалык баш аламандыктан тажаган венесуэлалыктардын 5 миллионго жакыны качкындыктын азап-тозогуна туш келди. Алардын көбү жөө-жалаңдап коңшу турган Колумбияга, дагы башка өлкөлөргө агылып киришти. Кыйласы Колумбиянын баш калаасы Боготаны айланта чампалап салынган айласыз үйлөрдө турушат. CОVID-19 апааты бул өлкөдө мына ушул быкпырдай кайнаган жерлерден чыкты. Бул жерде тыюу салынганына карабай жашырын көчө соодасы жүрүп турат, Колумбияда болсо соода кылууга толук тыюу салынган. Адам чыдагыс жерде күн өткөрүп аткандардын көбүнүн көктөн тилегени - Борбордук Америка, Мексика аркылуу АКШга эптеп өтүү. Алардын канчасы таажы вирусун алып жүрүүчүлөр экенин эч ким билбейт.

Унутулган рохинжа

Бангладештин түштүк-чыгышында жакында пайда болгон опсуз чоң тилке бар. Деңиз жээгин бойлой кеткен, аяк-башы көрүнбөгөн бул аймакты мурда «жапайы туристтер» жайлашчу, эми ал - «Кокс Базар» атыккан качкындар жайы. Мүмкүн бул дүйнөдөгү эң ири качкындар лагери болушу да ыктымал. Айрым маалыматтар боюнча лагерде коңшу Мьянманын бийлиги кодулаган, жүз миллиндогон мусулмандардын этноконфессионалдык тобу – рохинжалар баш калкалоодо. Качкындар колго тийген материалдардан – бамбуктардан, таардан, жука тунукеден тургузулган алачыктарда турушат.

«Кокс Базарда» эл аралык өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, дарыгерлер, ыктыярчылар иштешет. Бангладеште COVID-19 дарты катуу жайылганы менен качкындар арасынан аны жугузуп алгандар жолуга элек экенин айтышууда. Ага карабастан, лагерде оор жагдайга каршы турууга даярдык токтоло элек. «Чек арасыз дарыгерлер» уюмунун ыкчам медициналык жардам көрсөтүү кызматынын тескөөчүсү Кейт Уайт АР агенттигиндеги маегинде качкындар турган жерге жакын оорукана 400 чакырым алыстыкта, Бангладештин борбору Даккада экенин билдирди.

«Кокс Базар» лагериндеги рохинжа качкындары.
«Кокс Базар» лагериндеги рохинжа качкындары.

Качкындар боюнча БУУ агенттиги менен Дүйнөлүк азык-түлүк программасы бул жерде аяк-башы тосулган атайын дарылоо борборлорун курууга ниеттенүүдө. А бирок андай борборлор ашып барса 150-200 гана бейтапты кабыл алат. Ыктыярчылар рохинжаларга самын менен беткаптарды таратып, ооруну жугузуп албаш үчүн эмнелерди жасаш керек экенин айтып турушат. Бангладеш бийлиги «Кокс Базарда» чөнтөк телефондор менен Интернетти колдонууга тыюу салып койгону эл аралык уюмдардын мындай аракеттеринин баарын жокко чыгарат.

«Бүгүн сен, эртең мен өлөбүз»

БУУнун Башкы Ассамблеясы ушул аптада резолюция кабыл алып, анда бардык өлкөлөрдү бааларды чайкоочулук менен көтөрүүнү, эң керектүү товарларды опсуз көп топтоону токтотууга чакырды. Африкалык жетекчилер айтып келаткан арыз да ушул проблемадан улам чыккан. Азырынча жалгыз Кытай гана дүйнөлүк жамаатка керектүү медициналык товарларды экспорттоону чектебей тургандыгын ырастады.

Бүгүн Кытай Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү үчүн атайын көмөк көрсөтүүнүн негизги булагы болуп калды. Түштүк Азиянын бир нече мамлекети чөлкөмдөгү ири лидер болгон Индиянын жетеги алдында COVID-19 дартынын залакасын жоюу боюнча өзгөчө фонд түзүүгө макул болушту. Алар дүйнөлүк базардан керектүү товарларды сатып алууда чогуу-чаран аракеттенишет. Тынч океандын түштүк тарабындагы майда аралдагы мамлекеттер да топтошуп, керектүү жабдууларды, беткап менен дезинфекциялоочу каражаттарды алуу ишин уюштурууга киришти. Азырынча аларга ким кандай товар жөнөтөрү аныктала элек. Латын Америкасынын бир катар мамлекеттери АКШ портторунда туруп калган медициналык жабдууларды сурап алуу же аларды өз алдынча чыгаруу аракетине киришти, бирок анын натыйжасы билине элек.

Анткен менен эң оор кризис барып-келип эле Африканы байырлап турат. Жергиликтүү бийлик органдары бул жерде мурдатан эле медициналык тармакты жакшы каржылачу эмес. Эми кадим уруш кезиндегидей оор абалда араң жан турган системасын жандантып, аман калыш үчүн башкалар менен кызматташууга киришүүдө.

«Мурда бизге керектүү товар бир доллар турса, азыр аны баасы асманга чыгып кетти», - дейт Африка Биримдигинин оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө борборунун өкүлү Ахмед Огвелл. Көпчүлүк Африка өлкөлөрүнүн каржылык мүмкүнчүлүгү дурус болгону менен мамлекеттик жана менчик соода компаниялары олуттуу кыйынчылыктарга келип такалууда. «Кайсы бир өлкө иш бүтүп калган соңку учурда товар жөнөтүүчүгө: «Булар сунуш кылган баадан мен эки эсе көп акча берем», - деп орто жолдон айнытып коюуда.

Александр Гостев

«Азаттык» радиосунун орус кызматынын маалымат бөлүмүнүн редактору, эл аралык баяндамачы, «Атлас мира» программасы менен рубрикасынын жетекчиси. GostevA@rferl.org

Макаланын түп нускасы бул жерде.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG