Коронавирус пандемиясынан улам өлкөлөр менен чек аралар жабылган шартта алыстагы мигранттын акчасына жашаган үй бүлөлөрдүн көргөн күнү кандай болот?
Коронавирус коркунучунан улам Москвада жергиликтүү эл эшикке чыкпай бекинген сайын, көчөдөгү мигранттардын калың катары “орус баш калаасында ким чыныгы кожоюн” экенин көрсөттү деген осол тамашага айланды.
Сүрөттөр айтып тургандай, өзгөчө абалда эмгек мигранттары карантиндин катаал чараларына карабай, кадимкидей иштеп жүрүшөт. Алардын башка аргасы деле жоктой.
Келгиндердин көбү мекенине кайтууну канчалык кааласа да, азыр бара алышпайт. Дүйнө жүзүндөгү 200 миллион мигранттай эле Москвадагы чет элдик жумушчулар экономикалык кыйын кырдаалга, вирусту жуктуруп алуу тобокелдигине, басмырлоого карабай акча табууга аргасыз.
Артка жол жок, иштеш керек
Орусияда марттын ортосунан бери эл аралык аба каттамдары менен темир жол токтотулганы каттоосу бар, каттоосу жок жүргөн миллиондогон мигранттын жашоосу оорлошту.
Орусиянын аткаминерлери экономика үчүн да, мигранттардын өздөрү үчүн да карантинде отургандан көрө иштей берген пайдалуу экенин айтышкан.
Орусиянын вице-премьер министри Марат Хуснуллин апрелдин башында «түрдүү эсептерге караганда ар кайсы аймактарда эки миллионго чейин мигранттар иштээрин» айткан.
Ушул эле аткаминер курулуш тармагынын иши токтотбой жүрүп турганы маанилүү экенин белгилеген:
"Бүгүнкү күнү чек аралар жана башка жолдор жабык, андыктан көпчүлүк мигранттар кете алышпайт. Алар жатаканада жатпай иште болгону жакшы эмеспи".
14-апрелде Ленинград облусундагы 470 мигрант жашаган жатаканада 35 кишиге коронавирус жукканы аныкталды. Мындан соң орус парламентинде мигранттардын ишке уруксат берген патенттерин автоматтык түрдө узартуу тууралуу сунуш айтыла баштады. Орусияда ишке уруксат кагазын алуу үчүн чет элдик жумушчулар миграциялык кызматтын эшигин бир топ эле сагалашат.
Борбор Азиядагы жагдай
Орусиядагы эмгек мигранттарынын басымдуусу Борбор Азия өлкөлөрүнөн келгендер. Айрым маалыматка ылайык, 2019-жылы акча которуу кызматтары аркылуу алар өз мекенине 8 миллиард доллардан ашуун жиберишкен.
Тилекке каршы COVID-19 кризисинен улам мигранттардын тапканы эки эсеге чейин азайды.
“Мурда айына 400-500 доллар салчумун. Акыркы эки айда Өзбекстанга эч нерсе жибере алган жокпуз. Коронавирустан улам биздин ресторан убактылуу жабылып, 50 киши айлык ала албай калдык. Өзбекстандан, Кыргызстандан жана Тажикстандан келгендербиз. Эми башка бир иш издеп жатабыз. Эптеп бирдеме табылаар деп турабыз”, – деди 23 жаштагы Касым Рахимов “Азаттыктын” өзбек кызматына.
Болжол менен миллиондой тажик жараны Орусияга убактылуу иштегени келишет. Алар өз мекенине 2,6 миллиард доллар жиберишкен. Бул Тажикстандын ички дүң өнүмүнүн 30% түзөт. Азыркы кырдаалда эми алардын үй-бүлөлөрү Орусиядагы ишсиз калган мигранттарга акча жиберип жатышат.
33 жаштагы Фаррух Хардаков Орусиядан чыга албай калгандардын бири. Ал «Азаттыктын» тажик кызматына «иш да жок, акча да жок» калганын айтып кейиди.
«Үйдөн телефон чалып, акча сурашты. Бирок мен эч нерсе жибере алган жокмун. Үйдөгүлөр бир кап ун сатып алышты, башкалардан карыз алып турушар. Мен биякта жумушсуз отуруп калдым. 18 киши бир үйдө турушат», - деди Фаррух.
Украиндерге өз мекенинде орун жок
Былтыр украиналык мигранттар үйүнө 12 миллиард доллар жиберишкен. Бул кыйналып турган украин экономикасынын ички дүң өнүмүнүн 12% түзөт.
Үч миллиондон ашуун украин жараны Европа Биримдигине кирген Польша, Чехия, Италия сыяктуу өлкөлөрдө иштейт. Европаны коронавирустун толкуну каптаганда он миңдеген украин мекенине кайтып барган. Бул маалда Украинанын өзүндө кооптуу кырдаалдан улам жумушсуздук көбөйүп кеткен эле.
Март айында туристтерди, иштеп жүргөн мигранттарды жана башкаларды кошкондо 155 миң украин жараны мекенине кайтып келген.
Киев эпидемиядан улам чек араларга катуу чектөө киргизгенде үйүнө кайтып бараткан украин жарандары Польша менен Венгриянын чегиндеги өткөрмө бекеттерде узун кезектерге турушкан.
Миграция боюнча эл аралык уюмдун Украинадагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Ань Нгуен «Европа Биримдигинде жана жакынкы чет өлкөлөрдө COVID-19 вирусу жайыла баштаганда Украинага кайтып келген эмгек мигранттарынын саны кескин көбөйдү» деп белгиледи. “Бул элдин коопсуздугу менен катар эле пандемиянын узак мөөнөттүк социалдык-экономикалык кесепетин арттырды» - деди эл аралык уюмдун өкүлү.
Онлайн троллдор жана адам аткезчилиги
Эл аралык миграция уюму эскерткендей, кризис маалында жумушчу мигранттар эксплуатацияга кабылып, адам аткезчилигинин курмандыгына айланышы мүмкүн. Ал эми мекенине кайтып баргандар «коронавирусту ташыгандар» деген айыптоого калышы мүмкүн.
Миграция уюму марттын башында Кытайдын Ухань шаарынан эвакуацияланган украиналыктар өз мекенинде дуушар болгон окуялар «элдин ден соолугуна кооптонуу жаралса, ал тез эле зордук-зомбулукка өтүп кетээрин көрсөттү» деп негиздеген.
Эл аралык уюм «көпчүлүк өлкөлөрдө коронавирус коркунучтун, стереотиптердин жана ксенофобиянын үрөнүн сээп жатат» деп белгилейт.
Маалымат каражаттары менен Интернет айдыңында киберкоркутуунун мисалдары толтура.
Молдовадагы Promo-LEX укук коргоо уюмунун активисти Ирина Коробченко дүйнөлүк эмгек базарына 430 миңдей мигрант чыгарган өлкөнү жаман көрсөтүүнүн феноменин мындайча чечмеледи.
“Пандемия мындан ары кандай ыргакта кетээрине жараша жек көрсөтүүчү маанай күчөй берет. Ал зордук-зомбулукка чейин жетиши мүмкүн, ар бир коом “күнөөлүүнү” тапкысы келет”, – деди активист “Азаттыктын” молдаван кызматына.
Башка дагы бир мисал, Орусиядагы кремлчил “Известия” гезити “Изоляцияда мигранттар күчүн баңгизат сатууда байкап көрүшөт. Чет элдиктердин жапырт ишсиз калышы алардын катарында уюшма кылмыштуулукту пайда кылышы мүмкүн” деген аталышта макала чыгарган.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.