Орол (Уральск) - Казакстандын түндүк-батышындагы илгертен эле чек арага жакын, Орусияга өтчү кан жолдун боюндагы капкалуу шаар.
Кыргыз номурлуу жүк ташууучу машинелер үчүн ал кокого сайылган сөөктөй азаптуу жер. Анда алар текшерүүнү күтүп, жумалап турууга аргасыз.
Айдоочуларды сарсанаага салган иш мындай - кокус бажычылар алардын номурун же жүк тууралуу документтерин таба албай калса, айла жок артка кайтууга туура келет. Кыргызстандын борбору Бишкек Оролдон 2500 чакырым алыс жайгашкан.
«Жалпы база системасынан жүктү көрө албай коюп, бизди артка айдаган учурлар да болду», - дейт Кыргызстандын Жүк ташуучулар ассоциациясынын жетекчиси, Соода-өнөр жай палатасынан транспорт боюнча комитетинин төрагасы Талантбек Маткерим уулу. Талантбек экспортчу компаниялардын баары менен иштейт. Сыртка сүт азыктарынан тартып пахтага чейин ташылат.
Ташылып бараткан жүктүн орто жолдон кармалышы оголе кымбатка турат. Баарынан да жүгүң тез бузулчу азык-түлүк болсо шоруңдун катканы. Андан да жаманы, антип орто жолдон кыргызстандык гана жүк ташуучу машинелер кармаларын Маткерим уулу OCCRP журналисттерине айтып берди.
Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигине мүчө болгондон кийин жүгү минтип орто жолдо калбашы керек эле.
Башында жакшы чечим табылгандай болгон. Кыргызстан бирдиктүү экономикалык мейкиндикке 2015-жылы кирген, ал кезде Орусия экономикалык жактан тежемел өнөктөшүнө инспекция, бажы менен маалымат инфратүзүмүн жаңылоого 200 миллион доллар акча бөлүп берген.
Анын 12 миллион доллары Кыргызстандын Транспорт жана байланыш министрлигине бөлүнгөн. Министрлик маалыматтарды алмашуу системасын иштеп чыгышы керек болчу. Ал аркылуу 68 мамлекеттик агенттик өз ара карым-катыш түзүп, башка өлкөлөрдөгү өнөктөштөрү менен жалпы маалымат базасы аркылуу байланышты камсыз кылып туруу милдетин алган. Система лицензия менен санитардык текшерүүлөрдү так көрсөтүп, жүктөлгөн товар эч тоскоолдуксуз коңшу өлкөлөргө өтүшүнө шарт түзүп бериши керек эле.
Арадан төрт жыл өткөнү менен мурдагы Кыргызстан дагы эле алешемдиктин азабын тартып келет. Транспорт жана байланыш министринин орун басары болуп иштеген Эрнис Мамырканов мамлекеттик каражаттарды уурдап жок кылган, келишим түзүүдө мыйзам бузууларга жол берген деп айыптала баштаганда Кыргызстандан чет өлкөгө качып кеткен.
OCCRPнин Кыргызстандагы өнөктөшү “Клооп” издеп тапкан документтерде Мамыркановдун кантип мыйзамдык эрежелерди бузуп, тендер өткөргөнү майда-чүйдөсүнө чейин көрсөтүлгөн. Министрлик жарамсыз жабдууларды жана программалык камсыз кылууну кайсы бир бүдөмүк компаниялардан жогорулатылган баада сатып алганы да ошол эле документтерде ырасталат.
Мамырканов бул материал боюнча комментарий берүү тууралуу өтүнүчүбүздү жоопсуз калтырды. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы ага каршы козголгон эки кылмыш иши убактылуу токтотулганын ырастады. Буга Мамыркановдун кайсы жерде жүргөнү белгисиз болгону себеп экен.
Бүдөмүк келишимдер
Мамырканов мурда жергиликтүү өкмөттүк эмес уюмдарда иштеген, аз убакыт өкмөттүн санарип телекөрсөтүүсүнө өтүү боюнча кеңешчи болгон, ал долбоор да эки жыл кечигип ишке кирген.
Кийин ал министрдин орун басары болгонуна жарым жыл толо электе аны миллиондогон долларды чапчыган IT-долбооруна баш-көз, бажы маалыматтарынын бирдиктүү базасын түзүүгө жоопкер кылып дайындашкан.
Жаңы демилгени 2015-жылдын октябрында журналисттерге сүрөттөп жатып Мамырканов система 2016-жылдын ортосуна жетпей ишке киргизилерин жарыя кылган.
Эрнис Мамырканов - транспорт жана байланыш министринин мурдагы орун басары.
«ЕАЭБдин талаптарына шайкеш келген өз ара биримдикте иштөөчү толук жарамдуу электрондук система ишке кирет, ал электрондук өкмөт түзүү боюнча улуттук максат-мүдөөгө да туура келет», - деген ал.
Бирок Мамырканов ал кезде журналисттерге үч ай мурда өкмөттүн ички иликтөөсү анын макулдашууларды түзүү боюнча чечимдери “долбоордун ишке ашырылышына коркунуч келтире турганын” айткан эмес.
2015-жылдын августунда ички чалгын, санариптешүү, экономика жана автоунаа тармактарына жоопкер бир топ аткаминерлерден турган өкмөттүн жумушчу тобу отчётун жарыялап, анда бир катар маселелерди козгогон. Анда Мамырканов жол-жоболор менен эрежелерди четке какканы белгиленген.
Жумушчу топтун иликтөөсүнө караганда, министрдин орун басары жалпы эсеби болжол менен 9,3 миллион долларды түзгөн келишимдерге кол койгон. Айрым учурларда ал тендер өткөрүүдө сөзсүз карманчу жол-жоболорду сактаган эмес, муну ал долбоордун жашыруун болору менен түшүндүргөн.
Жумушчу топту андай жүйө ынандыра албай, анын мүчөлөрү отчётто маалымат системасы аркылуу эч кандай жашыруун маалыматтар берилбей турганын белгилешкен.
«Азыркы учурда жашыруун маалыматтар интеграциялык агымдын улуттук сегменттери аркылуу өтпөсү ЕАЭБ өлкөлөрүнүн баарында ырасталган. Андай максат деле системада каралган эмес», - деп жазышкан жумушчу топтун мүчөлөрү.
Аткаминерлер тобу аны менен эле чектелбей, Мамырканов кандай баага жабдууларды сатып алганын текшерүүгө аудитор жалдашкан. Аудит боюнча отчёт ачыкка чыкпай калган, анткен менен аны жазгандар келишимде көрсөтүлгөн баа болжол менен 20 пайыз көтөрүлгөнүн ырасташкан. Бул маалыматты кыргыз өкмөтүндөгү атын атагысы келбеген кызматкер айтып берди. Ал ички изилдөөнүн жыйынтыгы тууралуу ачык айтып берүүгө укугу жок экенин билдирди.
Мамырканов келишим түзгөн 12 компаниянын ичинен RRC Central Asia компаниясы эң көп акча алган. Документтен көрүнгөндөй, аталган компанияга Кыргызстанда иштетүүгө мүмкүн болбогон жабдуу үчүн 3,6 миллион доллар төлөп беришкен.
Жогорулатылган баалар - долбоорго коркунуч келтирчү иштердин бирөө гана. Иликтөө кымбат баага сатылып алынган жабдуулардын технологиялык өзгөчөлүгү жагынан бир топ олуттуу проблемалар бар экенин айкындады.
Маселен, Мамырканов RRC Central Asia компаниясынан шифрлөө каражатын колдонуп иштей турган жабдууну сатып алган. Андай жабдуу Казакстанда гана иштөөгө ылайыкталган. Кыргызстанда андай жабдууну пайдаланууга уруксат берилген эмес.
Долбоор кийин башка түзүмгө – Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетке өткөрүлдү. 2016-жылы бул мекемеде ички кызматтык кат даярдалып, анда жабдууну сатып алуу боюнча келишимге Мамырканов өзү кол койгону көрсөтүлгөн. "Долбоордун кийинки фазасына жоопкер «Транском» мамлекеттик ишканасы сатылып алынган жабдууларды алуудан баш тарткан, ошону менен системанын ишке кириши кийинкиге жылдырылган", - деп айтылат кызматтык катта.
Акчаны ким алган?
Жалпысынан Мамырканов 12 компания менен ар түрдүү келишимдерге кол койгон. Алардын ичинде эң көп акча алган беш компания офшор менен байланышы бар, иш-аракеттери бүдөмүк. Дагы экөөнө Кыргызстандын Башкы прокуратурасы кылмыш ишин козгогон. Бир компания жогорку кызматтагы аткаминердин жакын тууганына тийиштүү экен.
Булардын арасындагы эң ири компания - RRC Central Asia. Эң ири эл аралык компаниянын казак филиалы болуп эсептелген RRC Кыргызстанда иштебей турган жабдуусу үчүн 3,6 миллион доллар алган. Компаниянын башкаруу түзүмүнүн бир учу Британиянын Виргин аралдары менен Кипрдеги офшорлорго жайылып, алар өз кезегинде эки орусиялык IT-инвестчилерге кошулуп кетет.
Өкмөттүн иликтөөсү ырастаган бүтүм боюнча, бул компанияга 1,2 миллион доллар ашыкча төлөнгөн. Аны өкмөттөгү атын атагысы келбеген булак да ырастады. Мындан тышкары OCCRP кол коюлган келишимдерди талдап чыкты. RRС Central Asia бир нече кайрылууларга жооп бербей, комментарийден баш тартты.
Ultra-X компаниясы менен Мамырканов 2,2 миллион долларга жабдуу алуу боюнча келишим түзгөн. Бул компания Investcom компаниясына тиешелүү, ал болсо өз кезегинде Harwich Commerce Limited жана Kenneth Trade Corp. компанияларына таандык. Кийинки эки компания Орусиянын консалтинг фирмасы катары Британиянын Виргин аралдарында катталган.
Kenneth Trade Corp. 2001-жылы катталган. Компания атайын сертификатка ээ, акциясын көрсөтүүчү гана башкарат. Ошондон улам компаниянын чыныгы ээсинин аты эч качан аталбайт.
Аудит ырастагандай, Ultra-X компаниясына, УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы тарабынан салыктан качканы үчүн шек саналган түзүмгө 300 миң доллар ашыкча төлөп беришкен. Журналисттин телефонуна жооп берген компаниянын менежери бул иш боюнча комментарий бербей койду.
Inter Alliance Ltd. компаниясын кыргыз ишкери, меценат Кубанычбек Шейитов башкарат. Ал бир күндө жалпысынан 1,7 миллион долларлык төрт келишим түзүүгө жетишкен. Компания серверлер менен программалык камсыздоону коюп бериши керек эле.
2017-жылы Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишиндеги маалыматка ылайык, бул компаниянын көрсөткөн кызматына төлөнчү акча 250 миңге көбөйтүлгөн. Шейитов комментарий берүү тууралуу бир топ өтүнүчтү жоопсуз калтырды.
Дагы бир өнөктөш - Eurasia Telecom Group компаниясы 263 592 долларга келишим түзүүгө эки жума калганда Кыргызстанда катталган. IT-жабдууларын алып келип, өкмөттүк имаратты оңдоо ушул компаниянын милдети болчу, жабдуулар өкмөт имаратында коюлмак. Башкы прокуратура имаратты оңдоп-түзөө боюнча келишим кымбатка бааланганын, компанияны алеки саатта каттатууга жетишкен Фархад Гадеев алдамчы экенин кийин аныктады.
Башка бир кылмыш иши боюнча Башкы прокуратура Eurasia Telecom менен түзүлгөн келишим 80 пайызга кымбаттаганын болжолдоодо. Кызматтык катка ылайык Мамырканов бул компанияга дагы 190 400 доллар төлөмөкчү болгон, компания Кыргызстанда бажы бирикмесинин маалымат базасына кошчу порталды башкармак. Бирок да транспорт министринин буйругуна ылайык порталды өкмөткө тийиштүү «Транском» башкарышы керек болчу.
Мыйзам бузулган учурларды эске алып сот «Eurasia Telecom» компаниясын электр байланыш кызматын көрсөтүү лицензиясынан 2018-жылдын мартында ажыратты.
Гадеев кандайдыр бир укук бузуу болгонун таптакыр танып, өзүн адилетсиз куугунтукка кабылган адам деп эсептейт. Келишим боюнча так суроолорго ал тайсалдап жооп бербей койду.
Дагы бир кыргыз компаниясы, Ermex Group, кандайдыр бир мыйзам бузуу жагынан шек саналган эмес. Ал 727 700 долларга келишим түзүп, серверлерди, компьютерлерди, программалык камсыздоону жана бажыдагы маалыматтар базасын техникалык колдоо милдетин алган.
Компаниянын ээси Эрмек Ниязовдун абасы ал кезде президенттик аппараттын башчысы болчу. Ниязов журналисттер менен болгон маегинде контрактты тендер аркылуу утуп алганын билдирди. Аны ырастай турган документтер бар экенин айтып, бирок аларды бизге жөнөткөн жок.
Маалынан кечиккен иштер
2016-жылдын июль айында кыргыз өкмөтү кайрадан түзүлүп, долбоорду ишке ашыруу Маалымат технологиясы жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетке жүктөлдү. Бир айдан соң мамлекеттик кызматта эки жыл иштеген Мамырканов иштен кетти.
Ошол жылдын ноябрында бийликтегилер Мамыркановго каршы кылмыш иштери козголгонун жарыя кылып, ага “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган”, келишим түзүүдө мамлекеттик сатып алууда “Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгына каршы келген” иштерди жасаганын айтып чыгышты. Ага улай кызматтан кеткен аткаминерге каршы башка кылмыш иштери козголду.
Прокурорлор бул ишке орусиялык “Сигма” компаниясынын катышы бар экенин айтууга өтүштү. Бул компания менен санитардык текшерүү системасын программалык камсыздоо боюнча келишим түзүлгөн. «Сигманын» өкүлү Александр Староскольский компаниянын көрсөткөн кызматынын акысын төлөбөй койгону үчүн Кыргызстандын Транспорт жана коммуникация министрлигин сотко берди.
OCCRP журналисттерине ал долбоорду башкаруучулардын “толугу менен иш билбестигин” эл алдына алып чыгууну көздөгөнүн билдирди.
«Кыргызстанда мамлекеттик башкаруунун сапаты таң каларлык даражада төмөн экенин ачык эле айта алам, - дейт Староскольский. - Өзгөчө төмөн кесиптик деңгээл, эч кандай тартип жок».
Мамлекеттик каражаттарды максатсыз пайдаланууга жана начар башкарууга карабай система аягында аз-аздан түзүлдү, мурда белгиленген мөөнөттөн кеч болсо да ишке киргизилди. «Сигма» системасы чынжырындагы акыркы аккордду ишке ашырды - Санитардык инспекциянын программалык камсыздоосун 2016-жылдын аягында коюп берди.
Анткен менен 2013-жылы айыл чарба жана тамак-аш өндүрүмүн сыртка чыгарчу 167 кыргыз компаниясынын ичинен ушу тапта 63 компания гана чек арадан тоскоолдуксуз өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ошентип кыргыз өндүрүүчүлөрүнүн көбү ушу кезге чейин Бажы Биримдигинин жалпы базарына ортодогу тоскоолдуктардын айынан кире албай отурушат.
Жүк ташуучулар ассоциациясынын жетекчиси Маткерим уулунун айтымында, чек арадан тосуп коюу менен системанын жарым-жартылай иштеши кыргыз өндүрүшчүлөрүн эки жактан кысымга алууда. Экспортчулар бажы инфратүзүмүнүн телчиге албай калышы эң чоң тоскоолдуктарды жаратканын айтышат. Ошол эле кезде өлкөгө сырттан өтө эле көп буюм-тайым ташылып кирет. Анын баары базардагы товарларды арзандатууда. Бул болсо жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн колун байлайт.
Маткерим уулу жүк ташуучу машине айдагандардын абалы дагы эле оор экенин айтты. Маалыматтардын кыргыз базасы кыргыз-казак чек арасында эле эмес, казак-орус чек арасында деле ачылбай, катып туруп калат. Алардын өзүнө келип иштешине айрым учурларда апталаган убакыт кетет. Компьютерлердин "тумоолоп калышынан" ыкчам бузулчу азык-түлүк ташыгандар эбегейсиз чыгымга учурайт.
«Кыргызстан Бажы Биримдигине киргенден бери өндүрүшчүлөр канча зыян тартканын билген киши жок, - дейт Маткерим уулу. - Канчалары кардарларын жоготту, убагында товарын жеткирип бере албаган менен кимдер мамиле түзсүн?».
«Билесизби, логистикада айтылган мөөнөт так болушу керек», — дейт ал.