Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:29

Индиялык студенттер карантинге көндү


ОшМУда билим алып жаткан индиялык студенттер
ОшМУда билим алып жаткан индиялык студенттер

Ошто 2 миңдей индиялык студент өзгөчө абал учурунда карантинде жашап жатат.

ОшМУнун эл аралык медицина факультетинин 3-курсунун студенти Аюш карантинде окуу жайдын мугалимдери жана курдаштары аралыктан жардам берип жатканын айтты.

Индиялык студент Аюш
Индиялык студент Аюш

"Кечке батирде отурабыз, сыртка чыга албайбыз. Паркта эс алганды, кесиптештерди, досторду сагындык. Бирок азырынча алар менен жолукпай турушубуз керек. Тамак-ашыбыз жетиштүү. Батирде болгону үчөөбүз эле жашайбыз. Окуубуз болсо онлайнга өттү. Лекция угуп, практика да онлайн түрүндө болуп жатат. Мурда беткап тагынчу эмеспиз. Карантинге чейинки күндөр менен азыркы күндөрдү салыштырганда эркиндикти сезбей калдык. Бардык жерде милиция кызматкерлери жүрөт".

Ош мамлекеттик университетинде 2 миңден ашуун индиялык студент билим алат.

2-апрелде Индиянын Кыргызстандагы элчилиги Оштогу студенттерине дары-дармек жеткирген. Азыр аны ОшМУнун жетекчилиги жатаканаларда жана батирлерде жашап жаткандарга бөлүштүрүп берип жатат.

Индиялык студенттердин өкүлү Мохд Мушеер карантин мезгилинде аларга азык-түлүк жашаган жерине жеткирилип жатканын айтты:

Мохд Мушеер
Мохд Мушеер

"Карантин башталганда кыйналдык. Себеби, индиялыктар экинчи сорттогу ундан тамак жасайбыз. Ал учурда Оштон экинчи сорттогу ун таппай калдык. Азыр жетиштүү. Азык-түлүктү индиялык студенттер жашаган жерге алып барып беребиз. Жогорку курста окуган студенттер өздөрү сыртка чыгып сатып келет. Карантиндин талаптарын сакташыбыз керек".

Ош мамлекеттик университетинин эл аралык медицина факультетинин деканы Жаныбек Муратов индиялык студенттерге да онлайн окутуу башталганын билдирди.

Жаныбек Муратов
Жаныбек Муратов

"Азыр студенттердин үч жумалык лекциялары бүттү. Келерки аптадан тартып практикалык сабактар башталат. Анда Zoom, Google classroom программаларын колдонуп онлайн сабак өткөнгө шарттар бар".

Кыргызстанда коронавирус катталгандан кийин Оштогу индиялык студенттер мекенине кайтууну суранып, Индиянын Кыргызстандагы элчилигине кайрылышкан. Бирок өзгөчө абалга байланыштуу Кыргызстандын аймагынан чыга алышкан эмес.

2019-жылы октябрда Индиянын Кыргызстандагы элчилиги Кыргызстанда жалпысынан 9 миңдей индиялык студент окуп жатканын маалымдаган. Алардын көбү Эл аралык университеттин Медицина боюнча жогорку мектебинде, Ош мамлекеттик университетинде, Кыргыз-Орус (Славян) университетинде жана Иса Ахунбаев атындагы мамлекеттик медициналык академияда билим алат.

Ал арада Индиянын Гоа аймагынан жана Дели шаарынан 15 кыргызстандык казак өкмөтүнүн жардамы менен үйүнө кайтып келишти. Алар Казакстандын жарандары менен кошо атайын учакта коңшу өлкөгө жеткирилген.

Эвакуациялангандарды Тараз шаарынын аэропортунан Кыргызстандын саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери тосуп алып, атайын транспорт менен 4-апрелде өлкөгө жеткиришти. Учурда алар обсервацияда жатышат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG