Британияда чектөөлөр күчөтүлдү
Британиянын премьер-министри Борис Жонсон 4-январда жаңы карантин чектөөлөрүн жарыялады. Февраль айынын орто ченине чейин улана турган эрежелерге ылайык, мектептер жана коллеждер жабык болот. Чач тарачтар, зарыл эмес буюм-тайымдарды саткан дүкөндөр ачылбайт. Ал эми ресторандардан тамакты өзү менен ала кетүүгө гана уруксат берилет.
Британиянын өкмөт башчысы Борис Жонсон 4-январдагы телекайрылуусунда буларды айтты:
«Мен силерге азыр кайрылып жаткан маалда, биздин ооруканаларга пандемиянын башынан бери болбогондой күч келип турат. Англияда эле коронавируска чалдыккандар акыркы жумада үч эсе көбөйүп, 27 миңге жетти. Бул апрелдеги эң жогорку көрсөткүчкө караганда 49% көп дегенди билдирет».
Ал ошондой эле британиялыктарды муктаждыгы болбосо үйдөн чыкпоого чакырды. Британияда коронавирустун жугуштуу түрү пайда болгонуна байланыштуу декабрдын соңунда эле бийлик катаал чектөөлөрдү киргизүүгө аргасыз болгон.
Падышачылыкта соңку алты күндө коронавирус 50 миңдей адамдан табылган. Бул илдеттен каза болгондордун жалпы саны 75 миңден ашты.
Германия да Британиянын артынан эле карантин чараларын узартышы күтүлүп жатат. 5-январда канцлер Ангела Меркелдин катышуусунда өтө турган жыйында бул маселе талкууланат. Германияда 30-декабрда, бир эле күндө коронавирус миңден көп кишинин өмүрүн алды.
Эмдөө жай жүрүп жатат
Ал арада Британияда «AstraZeneca» компаниясы жана Оксфорд университети биргелешип чыгарган вакцина адамдарга сайыла баштады. Буга чейин өлкөдө «Pfizer» жана «BioNTech» компаниялары өндүргөн вакцина менен эмдөө жүрүп жаткан.
Ал эми АКШда үч апта мурда «Pfizer» жана «BioNTech» компанияларынын вакцинасын алган адамдарга 4-январда экинчи дозасы сайылды.
Жон Хопкинс университетинин маалыматына караганда, Кошмо Штаттарда коронавирус 353 миң кишинин өмүрүн алды. Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору 4-январда билдиргендей, АКШда жалпысынан 4,6 миллион адам эмделди.
АКШнын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлагандай, өлкөгө алып келинген 15 миллиондой вакцинанын үчтөн эки бөлүгү колдонулбай турат.
Мындан улам Нью-Йорк менен Флориданын губернаторлору эмдөөдөн баш тарткан ооруканалар жазаланарын эскертишти. Айрым европалык мамлекеттер да эмдөө кеч жүрүп жатканына байланыштуу сынга кабылышты.
Евробиримдиктин аймагында «Pfizer-BioNTech» вакцинасын колдонууга уруксат берилгени менен Францияда 500дөй, Германияда 20 миң, ал эми Италияда 100 миңдей эле киши эмделди.
Мексикада 4-январда «AstraZeneca-Oxford» вакцинасын саюуга уруксат берилди. Латын Америкасындагы бул өлкөдө декабрдын соңку аптасынан бери 44 миң кишиге вакцина сайылды. Мексикада коронавирустан 127 миң киши каза болду.
Индия да жергиликтүү компаниялардын бири чыгарган жана «Oxford-AstraZeneca» компаниясынын вакциналарын жактырды. Бул кадам 1,4 миллиард калкы бар өлкөдө ири вакцинация программасынын башталышына жол ачат. Индия коронавирустан өлгөндөрдүн саны боюнча АКШ менен Бразилиядан кийинки эле үчүнчү орунда. Ал жакта өпкөнү сезгенткен бул дарт 150 миңдей адамдын өмүрүн алды.