Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:34

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

16:52 22.6.2020

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 22 кызматкеринен коронавирус аныкталды. Мекеменин басма сөз кызматы 22-июнда билдиргендей, алардын баары медициналык көзөмөлдө.

COVID-19 диагнозу коюлган кызматкерлер менен байланышта болгон кесиптештеринен, туугандарынан да анализ алынды.

Кыргызстанда өпкөнү сезгенткен жаңы вируска кабылгандар алгач 18-мартта аныкталган. Андан бери илдетти жуктургандар 3356га жетип, 40 киши көз жумду, 2021и сакайды.

Оору жуктуруп алгандар июндун экинчи жарымында көбөйүп, мекеме-ишканалардын кызматкерлеринин арасында да көп каттала баштады.

10:04 23.6.2020

Дүйнөдө 9 миллиондон ашуун адамга коронавирус жукту

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы 23-июнда дүйнөдө COVID-19 жуктуруп алгандардын саны тогуз миллиондон ашканын көрсөттү. Бир күн мурун Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму соңку суткада 183 миңден көп адамдан коронавирус аныкталганын жана бул пандемия маалындагы эң чоң көрсөткүч экенин кабарлаган.

Вируска чалдыккан соң 471 миңден көбү жашоо менен кош айтышып, 4 миллион 511 миңдей адам сакайды.

Оору эң көп тараган мамлекеттер (23-июнь, эртең менен саат 8ге карата):

АКШ - 2 310 786

Бразилия - 1 106 470

Орусия - 591 465

Индия- 485 282

Улуу Британия - 306 761

Перу- 227 447

Чили - 246 963

Испания - 246 504

Италия - 238 720

Иран - 207 525

Франция - 197 381

Германия - 191 768

Түркия - 188 897

Мексика - 185 122

Пакистан - 181 088

Сауд Арабия - 161 005

Бангладеш - 115 786

Канада - 103 418

Түштүк Африка Республикасы - 101 590

Борбор Азиядагы мамлекеттерден:

Казакстан - 17 732

Өзбекстан - 6461

Тажикстан - 5513

Кыргызстан - 3356

Түркмөнстан бийлиги өлкөдө коронавирус жоктугун айтып келатканы менен соңку күндөрү өпкөсү сезгенип ооругандар көбөйгөнү кабарланууда.

12:54 23.6.2020

Кыргызстанда соңку бир суткада коронавирус жуккан бир бейтап каза болду. Ал 54 жаштагы аял экенин, Бишкектеги Кыргыз-түрк достук ооруканасында көз жумганын саламаттык сактоо министринин орунбасары Мадамин Каратаев брифингде билдирди.

23-июнга карата дагы 163 кишиден коронавирус табылды, 33 киши айыкты.

Жаңы катталган бейтаптар төмөнкү аймактарда:

Бишкек шаарында – 94
Чүй облусунда - 22
Ош шаарында – 16
Жалал-Абад облусу – 13

Ош облусунда – 9
Нарын облусу – 7

Баткен облусу – 1
Талас облусу – 1

Кыргызстанда коронавируска кабылгандар алгач 18-мартта аныкталган. Андан бери илдетти жуктуруп алгандардын саны 3519га жетти. Алардын ичинен 41 адам каза болуп, 2054ү сакайды.

12:56 23.6.2020

Мекеменин басма сөз кызматы бейтап обочолонгонун, аппараттын жумушу уланып жатканын билдирди. Гигиеналык жана коопсуздук чаралары көрүлгөн. Айрым кызматкерлер аралыктан иштеп атышат.

"Кыргыз Респубикасынын омбудсмени жөнүндө" мыйзамга ылайык, Акыйкатчы инстутуту өзгөчө абал же аскердик абал жарыяланган учурда деле ишти токтотпойт.

Омбудсменге арыз-муң менен кайрылчу кишилер 115 ыкчам номуруна байланышса болот.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG