Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:40

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

17:43 19.6.2020

Президент Сооронбай Жээнбеков өкмөт мүчөлөрүнүн топтошуп түшкөн сүрөтүн сынга алып, тиешелүү жетекчилерди буга жол бергени үчүн жоопко тартууну талап кылды. Президент бул тууралуу бүгүн, 19-июнда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтты.

Ал “бул илдеттин артынан бийлик акча кылууда, коронавирус жок" деген жоопкерчиликсиз билдирүүлөр күмөн саноого түрткү болуп жатканын белгиледи:

«Буга кошумча, өкмөт мүчөлөрү топтошуп, социалдык дистанцияны сактабай, беткапсыз сүрөткө түшүштү. Бул сүрөт бүт өлкөгө тарады. Мындай нерселер аракеттерибиздин баарын жокко чыгарат», - деди Жээнбеков.

Президент талапты аткарбагандар айыппул төлөөгө тийиштигин айтып, бирок бул чара аппараттагы катардагы кызматкерлерге карата колдонулбашы керектигин эскертти.

Мындан кийин премьер-министр Кубатбек Боронов коомчулуктун жана президенттин сынына кабылган өкмөт аппаратынын сүрөтү боюнча түшүндүрмө берди. Ага ылайык, сүрөт өкмөттүн жаңы курамы парламентте бекитилген күнү, мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди узатуу учурунда тартылган.

Түшүндүрмөдө "өкмөттүн аппарат кызматкерлеринин баары беткапчан болчу. Сүрөткө түшүү маалында бизге беткаптарды чечип турууну өтүнүштү. Ошол учурда буга маани бербегениме өкүнүп жатам. Дал ошол учур акыркы алты ай ичиндеги бардык иштерибизге көлөкө түшүрдү. Албетте, биз коомчулуктун катуу сынына кабылдык. Бул туура", - деди.

Кубатбек Боронов премьер-министр жана коронавируска каршы республикалык штабдын башчысы катары бардык кыргызстандыктардан кечирим сурады. Мындан тышкары Коопсуздук кеңешинин сунушуна ылайык, өзү баш болуп, мурдагы премьер-министр, вице-премьер-министрлер, аппарат жетекчиси айыппул төлөй турганын кабарлады.

Мындан тышкары өкмөт аппаратынын кызматкерлеринин баары иш учурунда беткап тагынып, аралыкты сактоо менен коронавирустун жайылуусуна жол бербеш үчүн бардык санитардык жана медициналык эрежелерди аткарышарына ишендирип кеткен.

Мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевди узатып жатып, өкмөт үйүнүн алдында түшкөн өкмөт аппаратынын жамаатынын сүрөтү социалдык тармактарда кызуу талкуу жараткан. Айрымдар экс-премьер-министр баш болуп, вице-премьер-министрлер жана башка сүрөттөгү жүзгө чукул кызматкердин биринде да беткап жоктугун жана аралык коопсуздугу сакталбаганын сынга алышкан.

Өкмөттүн басма сөз катчысы Чыңгыз Эсенгулов бардык кызматкерлер күн сайын кызматка киришердин алдында дене табы текшерилип, тиешелүү көзөмөлдөн өтөрүн, аппаратта санитардык талаптар бекем сакталарын “Фейсбуктагы” баракчасында билдирген.

08:32 20.6.2020

Коронавирус пандемиясы тууралуу дүйнөлүк статистика. Бишкек убактысы боюнча таңкы саат 6:45теги маалымат.

Дүйнөдө короновирус жугузуп алгандардын жалпы саны: 8 700 000 (+168 000, өткөн суткага караганда 5% аз).

  • Өлгөндөрдүн саны: 460 500 (+6500, өткөн суткага караганда 30% көбүрөөк)
  • Айыккандардын саны: 4 585 000 (+89 000, өткөн суткага караганда 30% азыраак)

Активдүү учурлар – 3 654 061. Бул сан пандемия башталгандан берки төртүнчү төмөндөөдөн кийин кайра өстү. Алардын 3 600 000 – орточо абалдагылар, 54 728 (1,5%) – оор жана өтө оор абалдагылар.

22 саат ичинде азыраак өсүш болду:

  • Бразилия: 26 340
  • АКШ: 22 841 (өсүү)
  • Индия: 14 721 (өсүү)
  • Орусия: 7972 (өсүү)
  • Чили: 6290 (өсүү)
  • Мексика: 5662 (өсүү)
  • Пакистан: 4944 (төмөндөө)

...

  • Британия: 1346 (өсүү)

...

  • Украина: 921 (өсүү)

​...

  • Франция: 811 (өсүү)

...

  • Беларус: 676 (өсүү)

...

  • Испания: 307 (төмөндөө)

...

  • Италия: 251 (төмөндөө)

...

  • Чехия: 81 (өсүү)

Өлүм жаңы катталган учурлар:

  • Мексика: 667 (төмөндөө)
  • АКШ: 559 (өсүү)
  • Бразилия: 558 (өсүү)
  • Индия: 366 (өсүү)
  • Чили: 252 (өсүү)
  • Орусия: 181 (төмөндөө)
  • Британия: 173 (өсүү)

...

  • Италия: 47 (төмөндөө)

...

  • Украина: 19 (төмөндөө)

...

  • Франция: 14

...

  • Беларус: 6

...

  • Чехия: 1
08:57 20.6.2020

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгынын урматына Москвада өтө турган парадга барбай турган болду. Бердымухамедов өз чечими тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путинге телефондон кабарлады.

Аркадаг өз чечимин 29-июнда 63 жашка толуп Мухаммед пайгамбардын жашына чыгарын, түркмөндөр үчүн бул күндү жакындары менен өткөрүү маанилүү экендиги менен түшүндүргөн. Эки жумалык обочолонуу режиминде жаткандыктан Орусияга баруу мүмкүн эместигин айткан.

Бердымухамедов парадга катыша албай калганы үчүн өкүнөрүн билдирип, Москвада өтчү салтанатка Түркмөнстандын коргоо министри Бегенч Гундогдыев башында турган өкмөттүк делегация бара турганын кошумчалаган.

Буга чейин Армениянын премьер-министри Никол Пашинян да коронавирус эпидемиясынан улам Жеңиштин урматына уюштурулуп жаткан парадга катыша албасын билдирген.

Катта Пашинян Путин менен жакын арада “союздук мамилелер боюнча суроолорду” талкуулоо үчүн жолугушууга үмүт кыларын белгилеген.

Ал эми Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Москвада өтчү парадга бара турганы 28-майда белгилүү болгон. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева «Азаттык» радиосуна билдирген.

Ага чейин Орусиянын бир катар медиа каражаттары 24-июнга белгиленген парадга Жээнбеков келерин жазып чыгышкан.

Бул жылы Орусияда Жеңиш күнү 9-майдан 24-июнга жылдырылган. План боюнча Путин Кызыл аянттагы трибунада согуштун катышуучулары менен болот. Мурдараак Bloomberg агенттиги парадга келе турган Экинчи дүйнөлүк согуштун 80дей катышуучусу карантинге алынганын эки чиновникке таянып билдирген эле.

11:28 20.6.2020

Коронавирус инфекциясынан улам эпидемиологиялык кырдаал начарлашы мүмкүн экенин, ага даярдыкты күчөтүү зарыл экенин премьер-министр Кубатбек Боронов 20-июнда Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

"Күнүгө жарандардын арасында коронавирус инфекциясын жугузуп алгандардын саны көбөйүүдө. Өзгөчө Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда абал курч. Аймактарда абалды көзөмөлдөө боюнча толук кандуу иштер жүргүзүлбөй жатат”, - деген өкмөт башчы облус жетекчилерине аймактардагы эпидемиологиялык кырдаал үчүн алар жоопкерчиликтүү экенин эскертти.

Кубатбек Боронов эпидемиологиялык кырдаалды көзөмөлдөө менен чогуу эле кышка даярдыкты да унутта калтырбоону тапшырды. Элге мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр аралыктан жүргүзүлүшү үчүн санариптештирүүнү күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Өкмөт башчы коронавирустун белгилери байкалган жарандар менен иштеген 118 түз байланыш кызматынын ишине эл арасында нааразылык көп экенин кошумчалады.

«Коомчулук бул кызматка чалуу кыйын болуп жатканына нааразы. Эгерде жаран call-борборго кайрылса, ага ыкчам түрдө тийиштүү колдоо көрсөтүлүшү керек, ал эртең мененкиге чейин күтпөшү керек. Call-борбор күнү-түнү жана бүт өлкө боюнча иштөөгө тийиш. Кайрылган жарандарга өз убагында жардам көрсөтүүнү камсыздоо кажет», - деди Боронов.

Кубатбек Боронов 118 кызматынын дараметин күчтөндүрүп, кызматкерлердин санын көбөйтүү зарыл экенин да белгиледи.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG