Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин брифингде билдиргенине караганда, 17-июнга караган түнү Жалал-Абад облусунда дарыланып жаткан 36 жаштагы жигит коронавирус жугузуп алгандан кийин каза тапты. Ал Бишкекте иштеп жүрүп, Жалал-Абадга тажыяга катышуу үчүн 11-июнда Бишкектен барган:
“Ал жактан абалы начарлап, Жалал-Абад шаардык ооруканасына кайрылган. Ал жерде стационарда жаткан, жандандыруу бөлүмүндө да дарылоо аракеттеринен натыйжа бербей, үзүлүп кетти. Анын эки өпкөсү тең кагынып (пневмония) калганы рентгенден аныкталды”.
Үсөнбаевдин маалыматы боюнча маркум болуп кеткен жаран ооруну Бишкектен жугузуп, өз алдынча дарыланып жүрө берген.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, ушуну менен коронавирустун кесепетинен улам 40 жашка жетпей каза болгон экинчи адам катталды. Бир жарым жума мурда Ош шаарында 34 жаштагы келин коронавирус жуккандан кийин каза тапканы расмий кабарланган.
COVD-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб коронавирустун кесепетинен өлгөндөрдүн катарына кан рагы илдетинен дарыланып жүргөн аялды да кошту. Ал вирус жуккандан кийин өнөкөт илдети күчөп кетип, 16-июнда каза болгон.
Кыргызстанда 17-июнга карата коронавирус жуктуруп алгандан кийин каза болгондордун саны 30га жетти. Алардын эң жашы 30 жаштан, эң улуусу 80 жаштан ашкандар.
Бишкекте “Тез жардам” кызматынын төрт айдоочусу коронавирус жугузуп алды. Бул тууралуу Бишкектеги Ыкчам медицина борборунун жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов “Твиттердеги” баракчасына жазды.
Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова бул маалыматты жарым-жартылай ырастады. Анын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, коронавирусту аныктоо боюнча иштеп жаткан мобилдик бригадалардын кызматкерлери, айдоочулары бейтаптар менен дайыма байланышта болот.
“Ошондуктан, аларда вирус жуктуруу тобокелдиги жогору. “Тез жардам” машинесинин айдоочулары вирус жуктурса, медициналык кызматкер катары катталат. Алардын кандай шартта, кимден, кайдан жуктуруп алганы иликтөөлөрдө аныкталат”, - деди Жылдыз Айгерчинова.
Бишкектеги “Тез жардам” борборунун жетекчиси Искендер Шаяхметов “Азаттыкка” маалымат берүүдөн баш тартты. Бирок айрым басылмалар Шаяхметовдун “ооруга чалдыккан төрт айдоочунун вирусту кайдан жуктурганы белгисиз” деп айтканын жазып чыгышты.
Коронавируска каршы ыкчам штабдын маалыматына караганда, өткөн суткада 21 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган. Жалпысынан 495 медицина кызматкери ооруга чалдыккан. Анын ичинен 367си айыгып, ооруканадан чыгарылды. Алар кайрадан жумушка кайта баштаганы кабарланган.
- автор Элиза Кененбаева
COVID-19: бейтаптарга арзан дары жардам берди
Илимпоздор дексаметазон дарысы менен COVID-19га чалдыгып, катуу ооругандардын үчтөн бирин сактап калууга мүмкүн экенин айтып чыгышты.
Коронавирустун дарысы жана вакцинасы азырынча табыла элек. Анткен менен окумуштуулар буга чейин чыккан дарыларды сыноодон өткөрүп, оорунун белгилери менен күрөшүүдө натыйжа бере турган каражатты издеп келишет.
Оксфорд университетинин илимпоздору башында турган топ буга чейин негизинен ревматоиддик артритти жана астманы дарылоодо колдонулуп келген, бардык мамлекеттерде кеңири жайылган дексаметазон дарысын сыноодон өткөрүп көрүшкөн.
Иликтөөнүн жыйынтыгы 16-июнда жарыяланды. Аталган университеттин клиникалык сыноолор бөлүмүнүн директору Питер Хорбинин айтымында, деми кыстыгып жаткан оор абалдагы бейтаптарга дексаметазон берилген:
""Бул каражат жеткиликтүү жана абдан маанилүү. Ал дары дүйнө жүзү боюнча бардык ооруканаларда, бардык дарыканаларда бар. Баасы да арзан".
Хорби реанимация бөлүмүндө жаткан сегиз бейтаптын бирин бул дары менен сактап калса болорун кошумчалады.
Иликтөөчүлөрдүн пикирине караганда, дексаметазон пандемия башталгандан бери колдонулса, Британияда беш миңдей адамын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болмок.
Британия Европадагы коронавирустан катуу жабыркаган мамлекеттердин сап башында турат. Өлкөдө ооругандардын саны 300 миңге чамалады. 42 миңден көп киши көз жумду.
Статистикага караганда, COVID-19га чалдыккандардын көбү ооруну жеңил көтөрөт. Ал эми дексаметазон оор абалдагы бейтаптарга керек.
Питер Хорби дексаметазон жасалма дем алдыруучу аппарат кошулган бейтаптардын арасындагы өлүмдү 35% кыскарта аларына көзү жеткенин айтууда. Ал эми кычкылтекке муктаж адамдардын арасындагы өлүмдү жыйырма пайызга кыскарта алары аныкталган.
Илимпоздор бул дарынын баасы арзан болгондуктан коронавирус жайылган жакыр мамлекеттерде аны колдонуу пайдалуу болот деген ишенимде.
Иликтөөнү Британиянын мамлекеттик саламаттык сактоо мекемелери жана жеке демөөрчүлөр, анын ичинде Билл менен Мелинда Гейтстердин фонду да каржылаган.
Буга чейин COVID-19ге каршы күрөштө безгекке каршы гидроксихлорохин каражаты колдонулуп келген. Май айында бул дарыны коронавирустун алдын-алуу үчүн ичип жатканын АКШ президенти Дональд Трамп да билдирген.
Кийинчерээк иликтөөлөр гидроксихлорохин жүрөккө күч келтирерин көрсөткөн. Ошол себептен көп ооруканалар аны колдонуудан баш тарткан. Ал эми 15-июнда Кошмо Штаттардын Тамак-аш жана дары-дармекти көзөмөлдөө департаменти да бул дарыны коронавирусту дарылоочу каражаттардын арасынан чийип салды.
АКШда өткөрүлгөн иликтөөлөрдө сөз болуп жаткан дарыны коронавируска каршы күрөштө пайдаланууга болбой турганы аныкталган.
- автор Айнура Жекше кызы
АКШда согуштагыдан да көп киши өлдү
Кошмо Штаттарда коронавирустун курмандыктары өлкө Биринчи дүйнөлүк согушта жоготкон кишилердин санынан ашты. Дүйнө жүзүндө COVID-19га 8 миллион 200 миңге чукул адам чалдыкты, 444 миңдей бейтап илдеттен өлдү.
Жон Хопкинс университетинин 17-июндагы маалыматына ылайык, АКШда коронавируска кабылгандардын саны 2 миллион 130 миңден ашты, 117 миңге жакыны оорудан көз жумду.
Биринчи дүйнөлүк согушта өлкө 116 миң 516 кишини жоготкон. Алардын арасынан 53 миң 402 аскер урушта набыт болсо, калгандары негизинен 1918-жылкы «испан тумоосунан» каза тапкан. Күнүнө жаңы инфекция жугузгандардын саны 23 миң кишинин айланасында болуп келатканы менен көпчүлүк бизнес акырындап ачылып жатат.
Вирусту жугузуп алгандардын санынын өсүп жатышын айрым эксперттер анализ тапшыргандардын көбөйүшү менен түшүндүрүп жатат. Бирок саламаттык сактоо тармагындагы адистер буга экономикалык ишмердиктин жанданышы себеп болгонун белгилешет.
Ал эми президент Дональд Трамп экинчи жолу карантин киргизилбей турганын кайталап келет. Ошол эле маалда АКШ, Мексика жана Канада менен чек арасын 21-июлга чейин жабык кармоону, эки жакка каттоону чектөө тууралуу макулдашты.
Европада болсо тескерисинче, үч айдан кийин ички чек аралар ачылды. Континент пандемиядан көп жапа чеккени менен акыркы мезгилде жаңы учурлар, ооруканаларга жаткырылгандар, өлгөндөр азая баштады.
Шаршембиде британ премьер-министри Борис Жонсон Испания менен Францияга тоскоолдуксуз каттоого жакын арада мүмкүн болоруна ишенерин айтып, ошол эле маалда өлкөгө келген чет элдиктерди эки жума карантинде кармоо саясатын, башка чектөөлөрдү коргоду.
Азыр пандемия очогу Латын Америкасы болуп турат. Мексикада COVID-19дан күнүнө 730га жакын киши ажал таап жатканы менен шейшембиден тарта чиркөөлөр жана башка диний жайларга ишин жандантууга уруксат берилди.
Азияда адистер Кытай менен Пакистанга назар салып турат. Коронавирустун жайылышынын алдын-алуу максатында 17-июнда Бээжинден 1 миң 255 авиарейс аткарылбай калды. Кытайдын баш калаасында акыркы жумада коронавирусту жугузуп алган 137 киши аныкталгандан бери бийлик шаарда чектөөчү чараларды киргизип жатат.
Пакистанда шаршембиде илдеттен дагы 136 бейтаптын көз жумганы кабарланып, жалпы сан 2 миң 975ди түздү.
Саламаттык сактоо тармагынын жетекчилери догдурлар «Дексаметазон» менен дарылоону караштырышы ыктымал экенин билдиришти.
Сөз болгон стероид оор абалдагы бейтаптардын өмүрүн сактап калышы мүмкүн экенин клиникалык сыноо да көргөзүп, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму буга байланыштуу өз сунуштарын жаңылантууга даярданууда.
Ал тапта окумуштуулар жаңы вакцинанын үстүнөн иштөөнү улантууда. Вакцина стратегиясы боюнча глобалдык саммитти өткөрүү 27-июнга белгиленди.