Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:28

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

17:32 15.6.2020

Кытайдын баш калаасында 15-июнда 49 адамдан коронавирус табылды. Бул Бээжиндеги соңку бир нече ай ичиндеги эң жогорку көрсөткүч болуп калды.

Шаардагы вирус "Синьфади" тамак-ашты дүңүнөн саткан базардан тараганы белгилүү болду. Натыйжада баш калаанын 11 конушу карантинге алынды. Ошондой эле бийлик Бээжиндеги бардык мекеме-ишканаларды кызматкерлерин, жумушчуларын 14 күндүк карантинге жөнөтүүгө милдеттендирди. Андан сырткары бул жагдайдан улам айрым муниципалдык аткаминерлер кызматтан алынды.

Өткөн жылдын аягында алгач таралгандан бери Кытайда коронавируска чалдыккандар 83 миңден ашканы расмий кабарланган. Алардын 78 миңден ашууну айыгып кетсе, 4634 адам көз жумду.

Учурда Латын Америкасы пандемиянын чордону бойдон кала берүүдө. Илдеттен эң көп жабыркаган мамлекеттердин ичинен АКШдан кийинки эле экинчи сапта турган Бразилияда вируска чалдыккандардын саны 867 миңден ашты. Алардын 43 миңге чукулу кайтыш болду.

Калк жыш жашаган Индия, Пакистан жана Египетте да бир сутка ичинде катталган бейтаптардын саны көбөйдү. Индияда өткөн аптада коронавирусту жугузуп алгандардын саны 100 миңге көбөйүп, алардын жалпы саны 320 миңге жетти. Адистер чыныгы сан мындан да жогору болушу мүмкүндүгүн айтышууда. Индиянын айрым аймактарында ооруканаларда орун жетишпегени үчүн поезд вагондору COVID-19ду дарылоочу жайга айланууда.

Дүйнөдө өпкөнү сезгенткен бул илдетти 7 миллион 900 миңден ашуун адам жугузуп алса, алардын 433 миңдей жашоо менен кош айтышты.

08:33 16.6.2020

Президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус илдетин жуктуруп алгандар өлкөнүн баш калаасында көп каттала баштаганын белгилеп, Бишкек оорунун очогуна айланып баратканын айтты. Бул тууралуу президент 15-июнда премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов менен жолугушуп, эпидемиологиялык кырдаалды талкуулап жатканда билдирди.

“Эл вирусту базарлардан, коомдук транспорттон жана башка коомдук жайлардан жугузуп алууда. Бишкек шаары бара-бара өлкөдөгү оорунун очогуна айланып баратканын көрүп жатабыз”, - деди президент.

Мамлекет башчы өзгөчө абалдын алынышы менен санитардык талаптардын сакталышы жетиштүү көзөмөлдөнбөй жатканын кошумчалады.

Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев оору күчөп кетсе, Бишкекке карантин чаралары кайрадан киргизилиши мүмкүн экенин "Фейсбуктагы" баракчасына жазды. Түлөбаев иштөөгө уруксат берилген бардык тармактагы ишканаларга санитардык талаптарды так аткаруу боюнча акыркы эскертүү берилип жатканын белгиледи.

15-июнда Кыргызстандын аймагында 87 адамга коронавирус жукканы такталды. Ушуну менен СOVID-19га чалдыккандар өлкөдө 2372 адамга жетти.

Кыргызстанда коронавирус жуккан алгачкы адам 18-мартта катталган. Андан көп өтпөй Кыргызстандын айрым аймактарында өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилген. Бул эреже 11-майдан тартып токтоду, бирок өзгөчө кырдаал режими уланууда. Өкмөт бир топ ишканалардын иштөөсүнө уруксат берген.

08:53 16.6.2020

Америкалык киноакадемия "Оскарды" тапшыруу аземин жылдырды.

92чи "Оскарды" тапшыруу аземи 2021-жылы 28-февралда өтүшү керек эле. Бул убакка чейин бир жыл бар экенине карабастан сыйлык тапшыруу аземи 25-апрелге жылды. Жеңүүчүлөрдүн аты-жөнү 2021-жылы анык болот.

Орусияда коронавируска каршы дагы бир вакцинаны сыноо август айында башталат. Жаңы вакцинаны Санкт-Петербургдагы "Биокад" компаниясы иштеп чыгууда. Жалпы эл үчүн кыштын башында даяр болот, -деди компаниянын башкы директору Дмитрий Морозов. Вакцина адамга колдонулардан мурда жаныбарларга сыналмакчы.

Буга чейин да Орусияда дагы бир вакцина даярдалып жатканы тууралуу кабарланган.

Ал арада дүйнөдө илдет жугузгандардын саны 8 миллионго жетти.

16-июнь, Бишкек убактысы боюнча саат 6:00догу маалымат.

Дүйнө жүзүндө коронавирус жугузгандардын жалпы саны: 8 071 000 (+120 000, өткөн суткага караганда 3% аз).

  • Өлдү: 437 500 (+3500)
  • Айыкты: 4 178 000 (+92 000, өткөн суткага караганда 26% көп)

Активдүү учурлар – 3 456 000. Анын 3 401 000 – абалы орто, 54 518 (2%) – оор жана өтө оор абалда.

Акыркы 22 саат ичиндеги көрсөткүч:

  • АКШ: 14 936 (төмөндөө)
  • Индия: 10 243 (төмөндөө)
  • Орусия: 8246 (төмөндөө)
  • Бразилия: 6081
  • Пакистан: 5248

...

  • Улуу Британия: 968 (төмөндөө)
  • Ооганстан: 761 (өсүү)
  • Беларус: 707 (төмөндөө)
  • Украина: 656 (өсүү)

...

  • Германия: 370

...

  • Италия: 301 (төмөндөө)

...

  • Израиль: 182 (өсүү)
  • Испания: 181 (төмөндөө)

...

  • Чехия: 20

Өлүмдүн жаңы учурлары:

  • Индия: 395 (өсүү)
  • АКШ: 33 (өсүү)
  • Мексика: 269 (төмөндөө)
  • Орусия: 143 (өсүү)
  • Иран: 113
  • Пакистан: 97

...

  • Улуу Британия: 38 (өсүү)
  • Франция: 29 (өсүү)

  • Италия: 26 (төмөндөө)

...

  • Украина: 12

...

  • Чехия: 1

10:01 16.6.2020

Индияда коронавируска чалдыккандар көбөйүп кеткенине байланыштуу Тамил-Наду штатынын борбору Ченнай шаарына кайрадан карантин киргизилди. 15 миллиондон ашуун калкы бар бул шаарда карантин июнь айынын аягына чейин созулушу ыктымал.

Индиялык аял. Мумбай.
Индиялык аял. Мумбай.

Тамил-Наду Индияда Махараштрадан кийинки коронавирустан катуу жабыркаган штат. Мумбай шаары жайгашкан Махараштра Индиянын экономикалык жана маданий борбору болуп эсептелет.

Индия COVID-19 жуктургандардын саны боюнча дүйнөдө 4-орунда турат. Бул өлкөдө оорудан 10 миң киши каза тапкан.

Карантин режимин кайрадан киргизген өлкөлөрдүн ичинде Иран дагы бар. Акыркы суткада Иранда вирустан акыркы суткада жүздөн ашуун киши көз жумду. Мындай көрсөткүч апрелдин ортосунда, вирус күчөп турган учурда катталган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG