Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:19

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

15:58 30.5.2020

Азияда COVID-19дан өлгөндөр аз

“Washington Post” гезити Азия менен Батыштын илимпоздорунун тыянактарына таянып, Түндүк Америка, Европага салыштырмалуу Азияда коронавирустан өлгөндөрдүн саны аз болуп жатканын жазды.

Евразиянын айрым өлкөлөрү оорунун жолун бууганга өтө тездик менен киришти. Обочолонуу, карантин чаралары ылдам кабыл алынды.

Колумбия университетинин эпидемиологу Жеффри Шэман “бул вирустун микробу, адамдын иммундук системасына тийгизген таасири бирдей. Тестирлөө, көзөмөлгө алуу, эрте дарылоо жагынан гана мамлекеттердин өз алдынча аракети ар түрдүү болуп жатат. Маселен, АКШ менен Батыш Европа башында эпидемияны таназарга алган эмес, ошол эле маалда Азия мурдагы SARS, MERS ооруларынан алган тажрыйбасына таянды”, - деген пикирде.

Айрым окумуштуулар ысык аба ырайы да вирусту азайтарын айтышууда.

Бирок, Бразилия менен Эквадордо COVID-19дун кесепети оор болууда. Демографиялык жагдай да маанилүү, маселен Африка менен Азиянын эли жаш, саламаттыгы чың. Жапонияда элдин тазалыкка болгон мамилеси көпчүлүктү вирустан коргоп жатат. Айрым окумуштуулар вирус Европага өтө катуу мутацияланып барды деген ойдо.

Жапониялык окумуштуу-иммунолог, Нобел сыйлыгынын лауреаты Тасуку Хонжо Азия менен Европа калкынын генетикасындагы “адамдык лейкоцит антигендеринде” чоң айырма бар, азиялыктардын генетикасындагы коргонуучу система күчтүү деген көз карашын айтууда.

Токио университетинин профессору Тацухико Кодама коронавирус бул аймакта мурда деле болгонун, жаңы түрүнө калктын басымдуусунда антитело бар экенин белгилейт.

Фухита медициналык университетинин окумуштуусу Цуиши Миякава кургак учукка каршы сайылган БЦЖ вакцинасынан улам азиялыктарда ооруга туруштук берүү деңгээли жогору деген теорияны сунуштады.

Гарвард медициналык мектебинин эпидемиологу Меган Мюррей географияга жараша адамдын ичиндеги микробиома – бактериялык тутум да ар башка деген ойдо. Ошондой эле окумуштуулар Азиянын эли Европага салыштырмалуу арыкчырай болгондуктан да ооруну оңой көтөрүп жатканын айтышкан.

19:46 30.5.2020

Абдылдаев: COVID-19ка каршы күрөштө бийликти дарыгерлерге бериш керек

Медицина илимдеринин доктору, АКШнын Сан-Франциско шаарында иштеген белгилүү кыргызстандык онколог Рысбек Абдылдаев коронавирустун болжолдуу жаңы толкуну, вакцина иштеп чыгуу аракеттери жана карантин алынгандан кийинки жарандардын жоопкерчилиги тууралуу ой бөлүштү.

04:23 31.5.2020

31-май, Бишкек убактысы боюнча таңкы cаат 2:40ка карата маалымат.

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны: 6 111 000 (+120 000, мурунку суткага караганда 5% аз).

  • Көз жумгандар: 369 000 (+4000)
  • Айыккандар: 2 712 000 (+77 000, мурунку суткага салыштырмалуу 15% көп)

Ооруп жаткандар – 3 030 000. Алардын ичинен 2 976 500 абалы орточо оорлор, 53 290 (2%) – абалы оор же өтө оор бейтаптвр. Мындай бейтаптардын саны өзгөргөн жок.

Cоңку 22 саатта жаңы катталган учурлар көбөйгөн өлкөлөрдүн тизмеси:

- АКШ: 17 778 (төмөндөө)

  • Орусия: 8952 (өсүү)
  • Индия: 8336 (өсүү)
  • Перу: 7386
  • Чили: 4220 (өсүү)
  • Мексика: 3227 (төмөндөө)

...

  • Британия: 1604

...

  • Беларус: 894

...

  • Испания: 664
  • Швеция: 637

...

  • Италия: 416 (төмөндөө)
  • Польша: 416
  • Украина: 393 (төмөндөө)

...

  • Казакстан: 450
  • Тажикстан: 121
  • Өзбекстан: 78
  • Кыргызстан: 60

ңку 22 саатта көз жумгандар:

  • АКШ: 806 (азайды)
  • Мексика: 371
  • Британия: 215 (азайды)
  • Индия: 205 (азайды)
  • Орусия: 181
  • Перу: 141
  • Италия: 111 (көбөйдү)

...

  • Франция: 57 (көбөйдү)

...

  • Украина: 17

...

  • Казакстан: 1
  • Өзбекстан: 0
  • Тажикстан: 0
  • Кыргызстан: 0

Бул сандар мамлекеттердин расмий бийлиги берген маалыматка негизделген. Маалымат Бишкек убактысы боюнча таңкы саат бештен жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат экиге чейинки кырдаалды гана көрсөтөт. Бул көрсөткүчтөр кандай өзгөрүп жатканын «Азаттыктын» атайын сайтынан жана бул шилтемеден карасаңыз болот.​

10:14 31.5.2020

Кыргызстанда соңку бир суткада коронавируска 2276 анализ жүргүзүлүп, алардын 26сынан вирус табылды. Бул тууралуу 31-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Алардын 12си Нарын облусунда, жетөө Бишкек шаарында. Чүй облусунда жана Ош шаарында үчтөн адам, Ош облусунда бирөө.

Бир суткада 57 бейтап айыгып чыкты.

Жалпысынан 31-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1748 адамдын анализинен табылды, алардын 16сы кайтыш болду. Айыгып чыккандары - 1170 киши.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилген. Бул эреже 11-майдан тартып токтоду, бирок өзгөчө кырдаал режими уланууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG