Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:25

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

03:38 29.5.2020

29-май, Бишкек убактысы боюнча таңкы cаат 2:40ка карата маалымат.

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны: 5 865 000 (+110 000, мурунку суткага караганда бир аз көп)

Көз жумгандар: 360 000 (+4500, мурунку суткага салыштырмалуу 20% аз)

Айыккандар: 2 568 000 (+95 000, мурунку суткага салыштырмалуу 50% көп)

Ооруп жаткандар – 2 936 500. Алардын ичинен 2 883 500 абалы орточо оорлор, 52 872 (2%) – абалы оор же өтө оор бейтаптар. Мындай бейтаптардын саны азайды.

Cоңку 22 саатта жаңы катталган учурлар көбөйгөн өлкөлөрдүн тизмеси:

  • АКШ: 17 261 (өсүү)
  • Орусия: 8371 (өсүү)
  • Индия: 7300 (өсүү)
  • Бразилия: 4679 (төмөндөө)
  • Чили: 4654 (өсүү)
  • Мексика: 3463 (өсүү)
  • Франция: 3325
  • Иран: 2258

...

  • Британия: 1887 (төмөндөө)
  • Сауд Аравиясы: 1644
  • Түркия: 1182
  • Испания: 1137

...

  • Беларус: 902 (өсүү)

...

  • Италия: 593 (өсүү)

...

  • Казакстан: 272
  • Тажикстан: 139
  • Өзбекстан: 75
  • Кыргызстан: 74

Cоңку 22 саатта көз жумгандар:

  • АКШ: 1020 (азайды)
  • Мексика: 463 (азайды)
  • Британия: 377 (азайды)
  • Бразилия: 248 (азайды)
  • Индия: 177 (азайды)
  • Орусия: 174 (көбөйдү)
  • Канада: 108 (азайды)
  • Италия: 70 (азайды)
  • Франция: 66

...

  • Өзбекстан: 1
  • Казакстан: 0
  • Тажикстан: 0
  • Кыргызстан: 0

Бул сандар мамлекеттердин расмий бийлиги берген маалыматка негизделген. Маалымат Бишкек убактысы боюнча таңкы саат бештен жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат экиге чейинки кырдаалды гана көрсөтөт. Бул көрсөткүчтөр кандай өзгөрүп жатканын «Азаттыктын» атайын сайтынан жана бул шилтемеден карасаңыз болот.​

10:25 29.5.2020

29-майда өлкө аймагында дагы 68 адамга коронавирус жукканы аныкталды. Ушуну менен СOVID-19га чалдыккандар 1662 адамга жетти.

  • Жалал-Абад облусунда – 162,
  • Ош облусунда – 217,
  • Ош шаарында - 179,
  • Чүй облусунда – 747 (119у Соль-Илецк, 99у Орусиядан келген)
  • Бишкек шаарында – 505 (99у Орусиядан келген)
  • Баткен облусунда – 29,
  • Нарын облусунда – 314,
  • Ысык-Көл облусунда – 14 киши.

Алардын 330у медкызматкерлер.

Обсервацияда жаткандардын саны 2467 адам. 1088 адам айыкты. 558 адам ооруканада, 10 адам оор абалда. 6 адам реанимацияда жатат. 16 адам каза болду.

Учурда Бишкек шаары менен Нарын облусунда эпидемиологиялык кырдаал курч экенин саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын айтуусунда, коронавирус очогу аталган аймактардагы медициналык мекемелерде да катталды:

"Бишкекте бир нече медициналык мекемелерде: онкологиялык жана жугуштуу оорулар ооруканасында, бир катар үй-бүлөлүк медицина борборлорунда оору чыгып кетип, вирус жуккандардын саны көбүрөөк болду. Нарында да облустук ооруканада оору көп катталды, облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине да вирус тарап, абал бир аз курчуп кеткен".

Кыргызстанда Ош шаарында да вирус көп катталган. 28-май күнү шаардык төрөт үйүндө 34 адамдан коронавирус илдети аныкталган. Анын ичинен бешөө жаңы туулган ымыркайлар, 14ү энелер, калганы медицина кызматкерлери.

Саламаттык сактоо министрлиги элди санитардык-эпидемиологиялык талаптарды бекем сактоого чакырып, ар бир адам өзүнүн жана жакындарынын өмүрү үчүн жоопкерчилик тарта турганын эскертүүдө.

14:53 29.5.2020

Аш-тойго уруксат жок

Азырынча ишмердүүлүгүн жандандырууга тыюу салынган тармактардын топ башында маданий, спорттук, илимий жана массалык иш-чаралар кала берүүдө. Мындан тышкары той-аштарга да уруксат жок. Бул маалыматты биринчи вице-премьер-министр 29-майда, брифингде билдирди.

Анын айтымында, түнкү клубдардын, караоке борборлорунун, интернет клубдардын, соода, оюн-зоок жайларындагы тамак-аш сатуучу түйүндөрдүн, оюн аянтчаларынын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Билим берүү мекемелеринин, тил үйрөтүүчү жана башка окуу борборлорунун иши да азырынча чектөөдө кала берет. Кубатбек Боронов окуп-үйрөнүү иштерин онлайн форматта жүргүзүп турууну сунуш кылды.

Азырынча кичи автобустар менен шаар аралык каттам жүргүзүүгө да уруксат берилбейт. Боронов бул бир нече сааттап жол жүрүүдөн коронавирус илдети тарап кетүү коркунучунун алдын алуу максатында көрүлүп жаткан чара экенин белгиледи.

Жыйында калк арасында «коронавирус инфекциясы жок, ал адамдардын жашоосуна жана саламаттыгына коркунуч келтирбейт» деген пикирлер жайылып жатканы да талкууланды.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «вирус жок» деген туура эмес экенин айтты.

«Коронавирус бар, бул дүйнөлүк пандемия. Вирус өлкөдө жайылып жатат жана беткап тагынуу, аралыкты сактоо, колду бат-баттан жууп туруу, социалдык байланыштарды азайтуу сыяктуу санитардык эрежелерди сактабай коюу ар бир адамдын өмүрү үчүн кооптуу. Коронавирус бар экендигин тануу бул жоопкерсиздик», - деди ал.

Штабдын жыйынында айтылган маалыматка караганда, Бишкекте коронавирус жуккандар көп чыгып жатканына байланыштуу оорунун белгилеринин бар-жогу тууралуу жашоочуларды кыдырып, сурамжылоо иштери уланып жатат.

Республикалык штаб жарандарды илдеттин белгилери пайда болсо дарыгерлерге кайрылууга жана өз алдынча дарыланбоого чакырды. Кыргызстандагы бардык базарларда беткап режимин жана башка күчөтүлгөн санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук чараларын катуу сактоого үндөдү.

Биринчи вице-премьердин айтымында 1-июндан тартып өлкөдөгү ишканалардын 95% ишке кирет.

Кыргызстанда карантиндик шарттар жеңилдетилип, экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун натыйжасында 1-майдан тартып көптөгөн ишкана-мекемелердин, базарлардын ишине уруксат берилген.

1-июндан тартып алардын катарын мамлекеттик мекемелер да толуктайт.

03:54 30.5.2020

30-май, Бишкек убактысы боюнча таңкы cаат 2:40ка карата маалымат.

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны: 5 991 000 (+126 000, мурунку суткага караганда 15% көп).

  • Көз жумгандар: 365 000 (+500, мурунку суткага караганда 10% көп)
  • Айыккандар: 2 635 000 (+67 000, мурунку суткага караганда 30% аз)

Ооруп жаткандар – 2 991 000. Алардын ичинен 2 937 500 абалы орточо оорлор, 53 500 (2%) – абалы оор же өтө оор бейтаптвр. Алардын саны өстү.

  • Cоңку 22 саатта жаңы катталган учурлар көбөйгөн өлкөлөрдүн тизмеси:
  • АКШ: 18 536 (өсүү)
  • Бразилия: 11267 (өсүү)
  • Орусия: 8572 (өсүү)
  • Индия: 8105 (өсүү)
  • Чили: 3695 (төмөндөө)
  • Мексика: 3377 (төмөндөө)
  • Иран: 2258
  • Пакистан: 2801
  • Бангладеш: 2523
  • Британия: 2095 (өсүү)

...

  • Беларус: 906

...

  • Швеция: 749
  • Индонезия: 678
  • Испания: 658

...

  • Франция: 597
  • Германия: 567
  • Италия: 516

...

  • Казакстан: 356
  • Тажикстан: 123
  • Кыргызстан: 68
  • Өзбекстан: 24

  • ңку 22 саатта көз жумгандар:
  • АКШ: 976 (азайды)
  • Бразилия: 512 (көбөйдү)
  • Мексика: 447 (азайды)
  • Британия: 324 (азайды)
  • Индия: 269 (көбөйдү)
  • Орусия: 232 (жаңы жогорку чек)
  • Канада: 102 (азайды)
  • Италия: 87 (көбөйдү)
  • Швеция: 84

...

  • Франция: 52 (азайды)
  • ...
  • Өзбекстан: 0
  • Казакстан: 0
  • Тажикстан: 0
  • Кыргызстан: 0

Бул сандар мамлекеттердин расмий бийлиги берген маалыматка негизделген. Маалымат Бишкек убактысы боюнча таңкы саат бештен жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат экиге чейинки кырдаалды гана көрсөтөт. Бул көрсөткүчтөр кандай өзгөрүп жатканын «Азаттыктын» атайын сайтынан жана бул шилтемеден карасаңыз болот.​

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG