Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:45

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

02:38 23.5.2020

COVID-19: Орусия вакцина сыноону мыйзам бузуу менен баштады

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Орусиядагы Н.Ф. Гамалея атындагы эпидемиология жана микробиология боюнча улуттук изилдөө борборунун кызматкерлери SARS-CoV-2 коронавирусунун потенциалдуу вакцинасын өздөрүнө сынап көрүштү. Бул тууралуу "Интерфакс" агенттигине борбордун директору, Орусиянын илимдер академиясынын академиги Александр Гинцбург билдирди.

Окумуштуунун сөзүнө караганда, сыноого вакцинанын үстүнөн иштеп жаткандар, клиникалык изилдөөлөрдү уюштуруучулар, технологдор катышты.

Алар «аман-эсен, саламаттыгы сак, көңүлдөрү куунак» - деди Гинцбург. Канча киши сыноого катышканын академик так айткан жок.

Окумуштуу вакцинаны ойлоп таап жаткандар аны сыноо үчүн гана эмес, «пандемия маалында өздөрүн коргоп, изилдөөнү улантуу үчүн» колдонушканын кошумчалады.

Орусиядагы Клиникалык изилдөөлөр боюнча уюмдардын ассациациясы илимпоздордун вакцинаны өздөрүнө сынаганын «мыйзам бузуу» деп баалашты.

Ассоциациянын Орусиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашкого жолдогон катында «бул жерде клиникалык изилдөөлөрдү өткөрүүнүн негиздери жөнүндө кабыл алынган орусиялык жана эл аралык нормалар бузулду» деп айтылат. Каттын көчүрмөсү орус өкмөт башчысы менен президентке жиберилгенин ББС маалымдады.

«Жаңы коронавирус пандемиясынын маалында мындай одоно катанын кетип жатканы өлкө жетекчилигинин туура эмес ишаратынан болду деп санайбыз» - деп жазышат каттын авторлору. Апрелде президент Владимир Путин өкмөткө COVID-19дун вакцинасынын клиникалык сыноо мөөнөтүн кыскартууну тапшыган.

«Муну уккан көп окумуштуулар жогорку бийликтин күткөнүн орундатуу үчүн жөө жарышка түшүштү» - деп айтылат катта.

Орусиялык илимпоздор жаңы коронавирустун гениндеги аденавирустун ДНКсынын негизинде вектордук вакцинаны табуунун үстүнөн иштеп жатышат. Ушул тапта клиникага чейинки сыноо жыйынтыкталып калды. Академик Гинцбург клиникалык сыноолор жайдын этегине чейин аяктарын билдирди.

14-майда АКШ президенти Дональд Трампвакцина ушул жылдын аягына чейин пайда болорун дагы бир жолу билдирген. Бирок анын чоо-жайын тактаган эмес.

Буга чейин Кытайда, АКШда, Британияда жана Германияда сегиз түрлүү вакцина адамдарга сынала башталганы белгилүү болгон. Жалпысынан вакцинанын 90дон ашуун түрү даярдалып жатканы маалым болгон. Бирок адистер вакцина бардык сыноодон өтүп, коомчулуктун калың катмарына жетиши үчүн бери дегенде 1-1,5 жылга чейин кетерин билдиришкен.

03:48 23.5.2020

23-май, Бишкек убактысы боюнча таңкы cаат 2:40ка карата маалымат

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны: 5 280 000 (+114 000, пандемия башталгандан берки жаңы жогорку көрсөткүч).

  • Көз жумгандар: 338 500 (+6000, мурунку суткага салыштырмалуу үчтөн бирге көп)
  • Айыккандар: 2 138 000 (+72 500, мурунку суткага салыштырмалуу 20% көп)

Ооруп жаткандар – 2 803 000. Алардын ичинен 2 758 500 – абалы орточо оор, 44 691 (2%) – абалы оор жана өтө оор бейтаптар. Мындай бейтаптардын саны азайды.

Соңку 22 саатта жаңы катталган учурлар көбөйгөн өлкөлөрдүн тизмеси:

  • АКШ: 19 861 (төмөндөө)
  • Орусия: 8894 (бир аз өсүү)
  • Бразилия: 8148 (өсүү)
  • Индия: 6568 (өсүү)
  • Чили: 4276
  • Британия: 3287 (өсүү)
  • Мексика: 2973

...

  • Испания: 1787 (өсүү)

...

  • Италия: 652

...

  • Казакстан: 363
  • Тажикстан: 201
  • Кыргызстан: 37
  • Өзбекстан: 64
  • ңку 22 саатта каза тапкандар:
  • АКШ: 1128 (көбөйдү)
  • Испания: 688 (көбөйдү)
  • Бразилия: 459 (көбөйдү)
  • Мексика: 420
  • Британия: 351
  • Орусия: 150 (жаңы жогорку чек)
  • Индия: 142
  • Италия: 130

...

  • Франция: 74
  • Швеция: 54

...

  • Казакстан: 0
  • Тажикстан: 0
  • Кыргызстан: 0
  • Өзбекстан: 0

Бул сандар мамлекеттердин расмий бийлиги берген маалыматка негизделген. Маалымат Бишкек убактысы боюнча таңкы саат бештен жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат экиге чейинки кырдаалды гана көрсөтөт. Бул көрсөткүчтөр кандай өзгөрүп жатканын «Азаттыктын» атайын сайтынан жана бул шилтемеден карасаңыз болот.

10:23 23.5.2020

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 15 адам жаңы катталды

Алардын ичинен Бишкекте үч, Чүй облусунда бир, Ош облусунда бир, Жалал-Абад облусунда бир адам, ошондой эле Санкт-Петербург шаарынан келген тогуз курсант илдет жуктуруп алганы аныкталды.

Ушуну менен 16-майга карата Кыргызстанда жалпы коронавирус илдетин жуктурган 1365 учур катталды.

Алардын 180и жашы он бешке толо элек балдар.

23-майда маалымат берген саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин айтуусунда, 23-майга карата аныкталган 15 адамдын ону сырттан жуктуруп келген.

Акыркы суткада сегиз адам оорудан айыкты.
Жалпысынан оору алгач катталган 18-марттан берки убакта коронавирус жуктуруп алган 957 адам сакайып чыкты.

14 адам COVID-19 илдетин жуктуруп алгандан кийин каза тапты.

Акыркы суткада медицина кызматкерлеринен вирус аныкталган жок. Жалпысынан ооруга чалдыккан 273 медицина кызматкердин 226сы айыгып, ишине кайтты.

Ушул тапта 394 адам стационарда жатат. Он бир адам оор абалда. Төрт киши жандандыруу бөлүмүндө жатат.

11:31 23.5.2020

Ак-Талаада ооругандарга вирус жаңы төрөгөн келиндерден жуккан

Нарын облусунун Ак-Талаа районунан катталган 18 адамга коронавирус төрөт үйүнөн чыгып барган келиндерден жукканы аныкталды. Бул маалыматты саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүн, 23-майда билдирди:

"Облустук төрөт үйүндө көз жарган эки келин үйүнө баргандан кийин алар менен тыгыз байланышта болгон 12 адамдан коронавирус аныкталган. Лабораториялык иликтөөлөрдүн натыйжасында дагы алты адамдан илдет аныкталып, жалпысынан Ак-Талаа районунда 18 адамга коронавирус жуккан".

Нурболот Үсөнбаевдин маалыматына караганда, учурда бардык оору жуктургандар дарыланып жатат. Алар менен байланышта болгон адамдардын баары көзөмөлгө алынып, текшерүүдөн өтүүдө.

22-май күнү Нарын облусунда 21 адамдан коронавирус илдети аныкталган. Анын ичинен 18и Ак-Талаа районунун тургундары экени кабарланган.

Ал эми Ат-Башы районунда вирус жуктургандардын эң акыркысы 22-май күнү сакайып, ооруканадан үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу райондун акими Нурбек Сатаров бүгүн, 23-майда брифингде билдирди.

Аким жергиликтүү бийлик коронавируска каршы күрөшүү иштерин улантып жатканын белгилеп, элди тартипти сактоого чакырды:

"Тартипти сактоо керек. Айт майрамында жөрөлгөлөрдү үйдөн жасоого чакырам. Муктаждык болбосо Нарын шаарына, Бишкекке барууну токтото турсаңыздар деп суранат элем", - деди Сатаров.

Акимдин маалыматына караганда, учурда райондогу обсервацияда 28 жаран бар. Чет мамлекеттен келип, үй карантинине алынган адамдар да бар. Ат-Башы районуна оору көп катталган аймак катары 15-апрелден 11-майга чейин өзгөчө абал жарыяланган.

Нарын облусунда коронавирус илдетине 242 адам чалдыккан.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG