Коронавируска каршы эмделгениңизди тастыктай турчу санарип сертификатты кантип алса болот. Толук видеодон көрүңүз.
9-cентябрга карата эмделгендердин саны
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 9-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча эки киши каза болду.
Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2563 адамга жетти.
Соңку бир күн ичинде вирус дагы 104 адамдан табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 176 883 адамга жетти.
Бир күндө 137 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 698 адам жатат, дагы 1122 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 171 048 киши.
Бишкек шаарынын №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Шерипкан Маматаев эмдөөдөн өтүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.