Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:20

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

17:28 11.7.2021

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 11-июлда Кытайдан Sinopharm вакцинасынын 1 миллион 250 миң дозасы алынып келгенин билдирди. Анын 150 миңин Бээжин жардам ирээтинде акысыз берген, калганын кыргыз өкмөтү сатып алган.

Министрлик вакцина ушул күнү эле аймактарга таратыларын, жер-жерлерде эмдөө пунктары ачылып, алдын ала онлайн жазылса болорун кабарлады.

Кыргызстан Кытайдан сырткары Орусиядан дагы вакцина алган.

COVAX программасынын алкагында AstraZeneca вакцинасынын 210 миң кишиге жеткидей дозасы келери маалымдалган, бирок анын датасы белгисиз.

Буга чейин Ourworldindata.org сайты дүйнөдөгү коронавируска каршы эмдөөнүн картасын чыгарган. Анда Кыргызстан вакцинация жараяны начар жүргөн өлкөлөрдүн катарына кошулуп, 160-орунга жайгашкан.

10:00 11.7.2021

Коронавируска каршы күрөшүү штабынын 11-июлдагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада COVID-19дан тогуз бейтап көз жумду.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жаңы эсебине ылайык, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдеттин курмандыктары жалпысынан 2 102​ кишиге жетти.

Вирус соңку бир суткада дагы 1 295 адамдан аныкталды. Анын ичинен эң көп Бишкекте катталды – 761 киши. Расмий маалыматка ылайык, ушуну менен вирус жуккандардын жалпы саны 139 648 адамга жетти. Андан 118 008 бейтап айыкты.

Ушул күндөрү 4 636 адам ооруканада жатат. Алардын ичинен 204 бейтаптын абалы өтө оор, 1 322 кишиники оор деп бааланууда. Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көп экенин айтып келишет.

09:18 11.7.2021

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын 11-июлга карата берген маалыматы боюнча, бүгүнкү күнү өлкө боюнча 129 175 киши эмделди. Алардын 84 079у вакцинанын экинчи дозасын алышкан.

Ал эми 24 сааттын ичинде 1 004 киши вакцинациядан өтсө, алардын 448и экинчи дозаны алган.

20:11 10.7.2021

Коронавируска каршы күрөшүү штабынын 10-июлдагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада COVID-19дан 10 бейтап көз жумду.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жаңы эсебине ылайык, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдеттин курмандыктары жалпысынан 2 093​ кишиге жетти.

Вирус соңку бир суткада дагы 1 295 адамдан аныкталды. Анын ичинен эң көп Бишкекте катталды – 788 киши. Чүй облусунда 160, Баткенде 103, Жалал-Абадда 64, Ош шаарында 51, Ысык-Көлдө 46, Ош облусунда 38, Нарында 26, Талас облусунда 19 бейтап. Расмий маалыматка ылайык, ушуну менен вирус жуккандардын жалпы саны 138 353 адамга жетти. Андан 117 250 бейтап айыкты.

Ушул күндөрү 4 585 адам ооруканада жатат. Алардын ичинен 198 бейтаптын абалы өтө оор, 1 310 кишиники оор деп бааланууда.

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көп экенин айтып келишет.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG