Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:17

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

12:23 5.7.2021

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги 5-июлга карата коронавирустан тогуз адам каза болгонун кабарлады.

Көз жумгандардын үчөө Бишкекте, Ысык-Көлдө эки киши, Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында бирден адам.

2020-жылдын март айынан бери 2046 киши оорунун курмандыгы болду.
Бир суткада 1 437 адамда вирус жаңы аныкталды.

Алардын басымдуусу - 924 киши Бишкекте.

2020-жылдын март айынан бери жалпы ооругандар 132 070 деп эсептелди.

Ооруканада 4 126 адам, үйүндө 11 589 киши дарыланууда. 176 кишинин абалы өтө оор.

13:21 4.7.2021

Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына караганда, кошумча эмдөө түйүндөрү медициналык мекемелерден тышкаркы жайларда ачылат. "Космопарк", "Таш-Рабат", "Балдар дүйнөсү", "Чынар" соода оюн-зоок жайларында жана "Семетей" мектебинде жалпысынан 9 эмдөө түйүнү уюштурулмакчы.
Мындан тышкары борбор калаада 118 ыкчам кеңеш берүү кызматынын саны көбөйтүлөт. Учурда шаардагы төрт медициналык мекемеде 12 линия иштеп жаткан болсо, жакынкы күндөрү 20га жеткирилерин шаардык саламаттык сактоо департаменти маалымдады.

3-июлга карата Кыргызстанда коронавирус 1401 адамдан табылды. Анын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында. Башкалаада 907 адам вирус жуктурганы лабораториялык жактан тастыкталды. Пандемия башталган бир жыл аралыгында өлкөдө коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 130 633 адам болду. Оорудан жалпысынан 112 644 адам сакайды. 2037 киши көз жумду.

1-июлга карата Кыргызстанда коронавируска каршы 112 миңден ашык киши эмделди. Эмдөө өнөктүгү кытай препаратынан тышкары Орусиянын "Спутник V" вакцинасы менен да жүрүп жатат.

Өнөктүк Орусиянын "Спутник V" жана Кытайдын Sinopharm вакцинасы менен 29-мартта башталган.

17:32 3.7.2021

Орусияда беш күндөн бери коронавирустан каза тапкандардын саны болуп көрбөгөндөй өсүүдө. Акыркы суткада өлкөдө 697 адам вирустан көз жумду. 3-июлга карата ооруга жаңы чалдыккандардын саны 24 439 адамга жетти. Акыркы суткада 17 899 адам сакайган.

Пандемия башталгандан бери Орусияда 5 млн. 585 262 адам ооруга чалдыкты. 137 262 адам илдеттен көз жумду. Көз карандысыз адистер коронавирустан көз жумгандардын чыныгы саны бул көрсөткүчтөн үч эсе көп болушу ыктмалдыгын айтышууда.

2019-жылы Кытайдын Ухань шаарынан чыккан COVID-19 вирусу кыска аралыкта жалпы дүйнөнү каптады. Ооруга дүйнө жүзү боюнча 185 млн. чукул адам чалдыгып, 3 млн. 980256 адам көз жумду.

Бул аралыкта Орусиянын өзүндө коронавируска каршы "Sputnik V", "Sputnik Light", "Кови-Вак" жана "Вектор" деген вакциналар иштелип чыкты.

Ал эми Өзбекстандын баш калаасында кайрадан COVID-борборлор ачылууда.

Ташкент мэриясынын басма сөз кызматы жарыялаган видеодо башкалаа жетекчиси Жахонгир Артыкхожаев “Жаштык” спорт комплексинде ачылган COVID-борборлордун бирине барганын көрүүгө болот. Жергиликтүү басылмалар мындай борборлор “Узэкспоборбор” жарманке комплексинде жана “Узниверсал” спорт жайында ачылганын жазды. Бул үч жайда 2000 бейтапка орун даярдалууда.

Өзбекстанда COVID-борборлор өткөн жылдын ноябрь-декабрь айларында коронавирустун тарашы басаңдагандан кийин жабылган эле. Апрелде айрым жерлерде вирус жуктургандар саны кескин көбөйүп, кайрадан ачууга мажбур болушту.

Акыркы апталарда өлкөдө вирус жуктуруп алгандар саны тездик менен өсүүдө. Өткөн аптада эле Инновация министрлигинин өкүлү коронавирустун коркунучтуу жана тез жайылган “Дельта” штаммы аныкталганын билдирди. Анын артынан эле 28-июндан тарта карантин чараларын күчөтүү тууралуу расмий чечим кабыл алынды.

Кыргызстанда Коронавируска каршы республикалык штабдын 3-июлга карата берген маалыматына ылайык, акыркы суткада 1352 адам вирус жуктуруп алганы лабораториялык жактан тастыкталды. Анын ичинде басымдуу бөлүгү Бишкекте (803). Ал эми Ош шаарында 42, Чүйдө 189, Ошто 67, Таласта 29, Нарында 24, Ысык-Көлдө 37, Баткенде 81 кишиден аныкталган.

Ушуну менен жалпы өлкөдө коронавируска чалдыккандардын саны 129 232 кишиге жетти. 111 934 бейтап оорудан сакайды.

Коронавирустан акыркы суткада 8 адам жарык дүйнө менен кош айтышты. Анын ичинде төрттөө Бишкектен, экөө Чүйдөн, Ош шаарынан жана Жалал-Абад облусунан бирден бейтап көз жумду. Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда COVID-19 илдетинен каза болгондордун жалпы саны 2027 кишиге жетти.

Ушул тапта ооруканаларда 3864 бейтап дарыланууда. Алардын 174үнүн абалы өтө оор, 1097 адамдын абалы оор, 2514 адамдын абалы орточо оор деп бааланууда.

15:21 3.7.2021

Коронавируска каршы вакцинаны жок дегенде бир дозасын алгандар «Азаттык» камтыган аймакта Венгрияда 57 пайыздан Тажикстан менен Түркмөнстанда 1 пайызга чейин. Ушул күндөрү Кыргызстанда коронавируска каршы 173 миңден ашык киши эмделди.

​Коронавируска каршы эмдөөнүн статистикасы
​Коронавируска каршы эмдөөнүн статистикасы

Орто эсеп менен алганда дүйнө калкынын 23.7 пайызы коронавируска каршы вакцинанын жок дегенде бир дозасын алган. Бул жалпысынан 3.13 млрд доза.
Эскертүү: Акыркы маалыматтар 30-июнь, 2021-ж. карата. Бардык сандар тегеректелген.
Кристина Фолтунова. Карлос Коэльо | Булак: New York Times, ourworldindata.org

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG