- автор Элвира Будайчиева
Казакстанда коронавирус бир күндө 2 миңден ашуун кишиден аныкталды. Коңшу Өзбекстанда 900 миңден ашык киши эмдөөдөн өткөнү менен, баш калаа Ташкентте мектептер толук карантинге жабылды. Тажик бийлиги коронавирус өлкөдө сегиз ай гана "жашаганын" расмий билдирди.
Казакстанда коронавирусту жуктуруп алгандар көбөйдү
Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги дүйшөмбүдө өлкө боюнча бир күндө 2076 адамдан коронавирус табылганын, 32 киши көз жумганын кабарлады.
Өлкөдө өткөн жылдын март айынан бери коронавирусту 330 миңден ашык адам жуктуруп алганын, жалпысынан 3762 адам көз жумганы ачыкка чыкты. Коңшу Казакстандын Нур-Султан, Алматы шаарлары жана Батыш-Казакстан облусу вирус тез жайылып жаткан аймак катары катталган.
Министрлик Казакстанда "COVID-19 өңдүү пневмониядан" 812 бейтап каза болгонун ачык жарыялады. Анткени Казакстан былтыркы жылдын 1-августуна чейин коронавирустан каза болгондордун статистикасына пневмониядан көз жумгандарды кошпой келген.
Медиктер менен эл аралык уюмдар казак бийлигин "маалыматтарды бурмалап, өлүм-житимди жашырган" деп айыпташкан.
Ал арада Казакстанда коронавируска каршы жапырт эмдөө 1-февралда башталган. Учурда 1 млн. 422 миң адам вакцинанын биринчи дозасын алган. Казакстандыктарга орусиялык "Sputnik V", жергиликтүү "QazVac" жана кытайлык "Sinopharm" компаниясынын вакциналары сайылууда.
Орусиялык "Sputnik V" вакцинасы Карагандыдагы фармацевтикалык ишканада өндүрүлөт, ал эми казакстандык илимпоздор иштеп чыккан "QazVac" вакцинасы Түркияда чыгарылат.
Казакстандын башкы санитардык дарыгери Ерлан Кыясов 1-майда, "Sputnik V" вакцинасынын биринчи жана экинчи дозаларынын ортосундагы аралык үч жумадан 45-90 күнгө чейин узартылганын жарыялады. Бирок көз карандысыз илимпоздор, эмдөөнүн эки дозасынын ортосундагы убакыт узаган сайын коронавирусту жуктуруп алуу коркунучу жогорулай турганын билдиришүүдө.
Ташкентте мектептер карантинге жабылды
Коңшу Өзбекстанда коронавирустан каза болгондордун саны 655ке жетти. Баш калаа Ташкентте коронавирусту жуктуруп алгандар көбөйгөндүктөн 35 жогорку окуу жай, 132 мектеп жана 22 бала бакча эки жума карантинге жабылганы кабарланды.
"Ташкентте күн сайын 8 миңге жакын адам коронавируска тест тапшырат. Алардын орточо эсеп менен үч пайызы вирусту жуктуруп алганы аныкталып жатат", - деп кабарлады шаардык мэриянын өкүлү Нодира Султонмуродова "Телеграм" каналына.
Буга чейин Ташкент жана Самарканд облустарында да мектептер менен бала бакчалар карантинге жабылганы айтылган.
Ал арада 33 миллион калкы бар Өзбесктанда коронавируска каршы эмделген адамдардын саны 900 миңден ашты. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги расмий сайтында кабарлады.
"Вируска каршы вакцина алуу үчүн, вакцинанын түрүнө жараша адам эки же үч этап менен эмделиши керек. 1-майдан баштап, буга чейин вакцинанын биринчи дозасын алган жарандар экинчи дозасы менен эмделе баштайт", - деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.
Негизинен Өзбекстанда жарандарга орусиялык "Sputnik V" вакцинасы сайылууда. Өткөн айда Өзбекстанга "Sputnik V" вакцинасынын эки партиясы келген, биринчисинин көлөмү көрсөтүлгөн эмес, экинчисинде 50 миң доза болгон.
Буга чейин Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов май айынын аягына чейин Өзбекстанга Орусиядан дагы 300 миң доза вакцина бериле турганын билдирген.
Тажикстанда коронавирус сегиз ай гана "жашады"
Дүйнө жүзүндө кеминде 150 миллион адамга жугуп, 3 миллиондон ашык адамдын өмүрүн алган COVID-19 илдети Тажикстанда расмий маалыматтар боюнча "сегиз айдан кийин жок болгон".
Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, коронавирус 13 миңден ашуун адамга жуккан, алардын 90у каза болгон.
Бирок эл аралык серепчилер бул статистиканын тактыгынан күмөн санашат. Алар ооругандар менен өлгөндөрдүн саны бир топ жогору болгонун айтышууда.
Жарандык коомдун чындыкты ачып берүү боюнча талаптарына карабастан, тажик бийлиги коронавирустун өлкөдө бар экенин четке кагып, быйыл март айынан тартып расмий массалык иш-чараларга уруксат берген.
Кийинчерээк коронавирус чектөөлөрү кайра каралып, эл көп чогулган жер катары мечиттер жабылган.
Ал эми базарлар, сулуулук салондору, мечиттер жана мектептер ачык бойдон калууда. Бирок өлкөдө беткап тагуу эрежеси катуу сакталат.
Ал арада Тажикстан эл аралык коомчулуктан 2 млн. доза коронавируска каршы вакцина сураган. Бирок азырынча талаштуу "Astra Zenekа" вакцинасынын 192 миң дозасын гана алды.
Өзбекстандын баш калаасы Ташкентте коронавирус аныкталып жаткандыктан 35 жогорку окуу жай эки жумалык карантинге жабылды. Бул тууралуу шаардык Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын өкүлү Нодира Султонмуродова "Телеграм" аркылуу билдирди.
Анын айтымында, мындан тышкары 15 атайын билим берүү мекемеси, 132 мектеп, 22 бала бакча, үч дарылоо-профилактикалык жайы жана эки кызмат көрсөтүү объектиси да 14 күнгө жабылды.
Султонмуродова Ташкентте күн сайын COVID-19ду аныктоо боюнча 8 миңге чейин лабораториялык тест өткөрүлүп, алардын 2,5-3,5 пайызында вирус тастыкталып жатканын кошумчалады.
Буга чейин Ташкент облусундагы жана Самарканд шаарындагы мектептер менен бала бакчалар карантинге жабылганы кабарланган.
Өзбекстанда соңку бир сутка ичинде 314 кишиден коронавирус табылды. Эки бейтап COVID-19 илдетинен көз жумду.
Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда COVID-19 илдетинен дагы сегиз бейтап көз жумду. Алардын алтоо - Бишкекте, экөө - Ысык-Көл облусунда.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орунбасары Ализа Солтонбекова соңку күндөрү COVID-19 илдетинен көз жумгандар көбөйгөнүн белгилеп, 1-майдан 4-майга чейин 26 бейтап өлгөнүн билдирди.
4-майга карата 224 адамдан оору жаңы аныкталды. Мурда ооругандардан 202 киши айыкты.
Ушуну менен өлкөдө коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери андан каза болгондор 1630га жетти. Илдетти жугузуп алгандардын жалпы расмий саны 96 561, айыккандар 90 146 кишини түздү.
Оору жуккандардын көбү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда.
Кыргызстанда Кытайдын "SinoPharm" жана Орусиянын "Спутник V" вакциналары менен эмдөө жүрүп жатат. Расмий эсепте 3-майга карата 33 минден ашуун киши вакцина алды.
Кытай препараты 75 миң адамга, орус препараты 10 миң адамга жетет. Учурда кошумча вакцина алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Өкмөт эл аралык COVAX прогроммасынын алкагында британ-швециялык "Astra Zeneca" вакцинасы келерин билдирген.
Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда COVID-19 илдетинен дагы үч бейтап көз жумду. Дагы 277 адамдан оору жаңы аныкталды. Ооруп жаткандардын арасынан 202 киши айыкты.
Республикалык оорулардын алдын алуу борборунун вирусологу Зуридин Нурматов 3-майда билдиргендей, соңку суткада илдет аныкталгандардын 94% көбү Бишкек шаарына туура келет. Андан кийинки орунда Чүй облусу турат.
Ушуну менен өлкөдө коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери андан каза болгондор 1622ге жетти. Илдетти жугузуп алгандардын жалпы расмий саны 96 337, айыккандар 89 921 кишини түздү.
Кыргызстанда Кытайдын "SinoPharm" жана Орусиянын "Спутник V" вакциналары менен эмдөө жүрүп жатат. Расмий эсепте 3-майга карата 30 минден ашуун киши вакцина алды.