Орусия Кыргызстанга «Спутник V» вакцинасын жакын арада жеткирип баштайт.
Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 21-апрелде Москвада биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Орусиянын өкмөт башчысынын орун басары Алексей Оверчук менен жолугушуп, вакцина тууралуу макулдашты.
Новиков Кыргызстан «Спутник V» вакцинасын расмий каттаганын, аны эмдөө программасына киргизүүгө жана колдонууга даяр экенин айтты.
Орус тарап жакын арада вакцинаны жеткирип баштай турганын убада кылган. Бирок анын так мөөнөтү кабарланган жок.
Акыркы күндөрү Кыргызстанда коронавирус тездик менен жайылып, вирус жугузуп алган жана андан каза болгондор көбөйүп жатат.
Пандемия башталган бир жыл ичинде оору 92 626 адамга жугуп, анын 87 390у айыкты. 1561 бейтап каза болду.
Өлкөдө COVID-19 илдетине каршы эмдөө 29-мартта Кытайдын "SinoPharm" вакцинасы менен башталган.
Бийлик Австриянын "AstraZeneca" вакцинасы да келерин, Орусиядан "Спутник V" вакцинасын алууну пландап жатканын жарыялаган.
Кытайлык вакцинага каршы чыккандар, андан баш тарткандар да бар. 21-апрелге карата "SinoPharm" менен 12 миңден ашуун адам эмделгени расмий кабарланды.
Башкы прокурор Курманкул Зулушев 21-апрелде Жогорку Кенештин жыйынында уу коргошундун тундурмасы жалпысынан 400 бейтапка берилгенин билдирди. Ал муну саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министринин бул чөпкө байланыштуу аракетин иликтөөнүн алкагындагы маалыматка таянып айтты.
"400 жаран өз макулдугу менен колдонуптур. Эч кимисинде уулануу белгилери катталбаптыр. Текшерүү иштери жүрүп жатат. Жыйынтыгына жараша укуктук баа берилет", - деди Зулушев.
Өткөн аптада президент Садыр Жапаров, андан кийин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин коронавирус жана башка дарттарды дарылоодо уу коргошундун пайдасы тууралуу билдирип, коомдо сынды күчөткөн.
Министр Бейшеналиев уу коргошундун тундурмасы ооруканада бейтаптарга бериле баштаганын маалымдаган. 20-апрелде ооруканада аны ичкен үч адамдын абалы оорлошкону кабарланган. Министр 24.kg агенттигине комментарий берип, абалы начарлаган бейтаптар ал сунуштаган тундурманы эмес, башка кайнатманы ичкенин айткан.
Министрди жоопкерчиликке тартуу талабы менен жарандык активист Умай Арыкова күч органдарына арыз жазган. Башкы прокурор ишти милиция карап жатканын билдирди.
"Фейсбук" компаниясы президент Садыр Жапаровдун уу коргошунду жарнама кылган постун өчүрүп салды. Президенттин басма сөз кызматы постту өчүрүүгө сырттан кийлигишүү болбогонун билдирген.
Уу коргошун - Ысык-Көл тамыры деп да айтылат.
Кыргызстанда 21-апрелге карата 12 миңден ашуун адам коронавируска каршы Кытайдын "SinoPharm" вакцинасы менен эмделди. Акыркы бир суткада 1,5 миңдей киши вакцина алды. Алардын 108ине эмдөөнүн экинчи дозасы берилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги кабарлады.
Өлкөдө COVID-19 илдетине каршы эмдөө 29-мартта Кытайдын "SinoPharm" вакцинасы менен башталган.
Австриянын "AstraZeneca" вакцинасы келери, Орусиядан "Спутник V" вакцинасын алуу пландалып жатканы айтылган.
COVAX эл аралык программасынын алкагында 423 миң шприц жана колдонулган медициналык каражаттарды коопсуз шартта жок кылуу үчүн 3825 даана куту 19-апрелде келди.
Кыргызстанда 21-апрелге карата дагы төрт бейтап коронавирустан көз жумду. Илдет соңку бир суткада дагы 306 адамдан аныкталды. Мурда ооругандардын 161и сакайды.
COVID-19га каршы республикалык ыкчам штабдан кабарлашкандай, көз жумгандардын экөө Бишкекте, экөө Чүй облусунда.
Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий саны 92 626 адамга жетти. Алардын 87 390у айыгып, 1561 бейтап ажал тапты.
Оору менен күрөшүү учурунда коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны төрт жарым миңге чамалайт. Алардын жүздөн ашууну каза болду.
Кыргызстанда 2020-жылдын март айында башталган коронавирус пандемиясы июлда курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрда көз жумгандар катталбай калган.
Оорунун экинчи толкуну октябрда башталып, кышында илдетти жугузуп алгандар кыйла азайган. 2021-жылдын март айынан бери ооругандар жана каза болгондор кайра көбөйдү. Адистер оорунун болжолдуу үчүнчү толкуну май-июнь айларына туура келерин айтышкан.
Уу коргошунга ууланды деген божомол менен бир бейтап ооруканага түштү
Бишкекте уу коргошундун тундурмасына (Ысык-Көл тамыры же аконит затына) ууланды деген божомол менен бир адам Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылды.
Бишкек шаардык медициналык тез жардам борбору бейтап 63 жаштагы эркек экенин билдирди. Алдын ала маалыматтарга караганда ал уу коргошундун тундурмасын ичкен.
"Азаттыкка" бул маалыматты Улуттук кардиология жана терапия борборундагы ишенимдүү булактар тастыктап, ууланган бейтаптын абалы начар экенин айтышты.
15-апрелде президент Садыр Жапаров дарыгерлер коронавирустан "бир же эки күндө айыктырып жибере турган дары" таап алышканын "Фейсбукка" жарыялаган. Аны менен кошо бир нече киши атайын аппараттын жардамы менен бөтөлкөлөргө кайнатманы куюп жатканы тартылган видео жарыяланган. Видеодогу бөтөлкөлөрдө "уу коргошун" деп жазылган эле.
16-апрелде саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев уу коргошундун тундурмасы коронавируска чалдыккан бейтаптарга берилип жатканын Бишкектеги басма сөз жыйынында билдирген. Министрдин бул сөзү медицина тармагындагы эксперттердин жана жарандык коомдун кескин сынына кабылган. Жогорку Кеңештин тармактык комитети "кыргыз медицинасын кадыр-баркына шек келтирди" деген жүйө менен өкмөткө министрди кызматтан алууну сунуштаган.
"Фейсбук" компаниясы президент Жапаровдун постун өчүрүп салган. Президенттин басма сөз кызматы постту өчүрүүгө сырттан кийлигишүү болбогонун билдирген.