Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:50

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

14:55 31.3.2021

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 31-марттагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул илдеттен бир адам каза болду. Көз жумган бейтап Бишкек шаарындагы ооруканада жаткан. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондор 1499 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 98 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (48) жана Чүй облусунда (36).

Өлкөдө бул оору жуккандардын жалпы саны 88 374 адамга жетти.

Бир күндө 96 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 503 адам жатат, дагы 616 бейтап үйдөн дарыланууда.

Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4246 адамга жетти, алардын 4197си айыгып чыкты.

Кыргызстанда 2020-жылдын март айынын этегинде башталган коронавирус эпидемиясы июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталып, соңку айларда вирусту жугузуп алгандардын саны кыйла азайган жана күнүнө 30га жетпеген бейтап катталып жаткан.

14:30 30.3.2021

Бишкекте 1-апрелден тарта соода, оюн-зоок борборлорундагы балдар аянттары жабылат.

Бул тууралуу шаардын вице-мэри Айжан Чыныбаева 30-марттагы брифингде билдирди. Анын айтымында, балдар аянтчаларын жабуу чечими эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кабыл алынды.

Азырынча чектөөлөр эки жумага киргизилип жатат. Коронавирус боюнча абалга жараша кайра ачылышы мүмкүн.

Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан 2021-жылдын январына чейин башкалаадагы соода, оюн-зоок борборлорунда балдар ойногон аянттар жабык турган.

Дарыгерлердин маалыматына караганда, акыркы убакта Кыргызстанда пневмонияга чалдыккан балдардын саны да көп болууда. Балдар арасында коронавирус, Кавасаки синдромуна окшош илдеттер да катталып жатканы айтылууда.

14:29 30.3.2021

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү - 30-марттагы маалыматына караганда, бир сутка ичинде Кыргызстанда бул вирус 113 адамдан жаңы аныкталды. Бир киши каза болду.

Оору жаңы аныкталгандардын эң көбү Бишкек шаарында (61) жана Чүй облусунда (44).

Өлкө боюнча оору жуккандардын жалпы саны 88 726 адамга жетти, 1498 адам каза болду.

Бир күндө 70 киши сакайды.

Коронавируска каршы жарпырт эмдөө Кыргызстанда 29-мартта башталды. Вакцинаны алгачкылардан болуп саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев алды.

Кыргыз өкмөтү кытайлык SinoPharm компаниясы чыгарган вакцинаны колдонуп жатат.

75 миң адамга эсептелген 150 миң доза вакцина Кыргызстанга 19-мартта келген.

10:43 28.3.2021

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 28-марттагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул илдеттен бир адам каза болду. Көз жумган бейтап Бишкек шаарындагы ооруканада жаткан. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондор 1495 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 146 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (101) жана Чүй облусунда (34).

Өлкөдө бул оору жуккандардын жалпы саны 88 092 адамга жетти.

Бир күндө 63 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 528 адам жатат, дагы 520 бейтап үйдөн дарыланууда.

Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4238 адамга жетти, алардын 4196сы айыгып чыкты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG