Кыргызстанда 16-декабрга карата дагы 241 адамдан коронавирус илдети аныкталып, бир киши ушул оорудан улам жашоо менен кош айтышты.
Илдетке каршы республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, мурда ооругандардын арасынан 403 адам айыкты.
Жаңы аныкталган учурлар:
- Бишкек шаарында - 73;
- Чүй облусунда - 55;
- Ысык-Көл облусунда – 38;
- Ош облусунда - 22;
- Жалал-Абад облусунда – 19;
- Ош шаарында - 13;
- Баткен облусунда - 12;
- Талас облусунда – 6;
- Нарын облусунда – 3.
Кыргызстанда COVID-19 вирусуна чалдыккандар алгач 2020-жылдын 18-мартында аныкталган. Илдетке каршы республикалык штабдын расмий кабарына ылайык, андан бери коронавирус 78 151 кишиге жукту, алардын 1317 каза болуп, 71 270 бейтап айыкты.
Стационарда – 1845 бейтап дарыланууда. Алардын 92си өтө оор, 496сы оор, 1236сы орто абалда жатышат. Калгандарынын абалы канааттандырарлык.
15-декабрда саламаттык сактоо министринин орунбасары Нурболот Үсөнбаев өлкөдөгү ооруканаларда бейтаптарды кабыл алууга орундар жетиштүү жана медициналык жабдуулар бар экенин айткан.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган басма сөз жыйынында, өлкөдө 31-декабрдан 4-январга чейин коменданттык саат киргизилгенин кабарлады.
Президент Эрдоган коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын саны көбөйүп жатканын, мындан улам эл көп чогулган жаңы жылды майрамдоого чектөө киргенин эскертти.
Ал арада 15-декабрдан тарта Түркиядагы бала бакчалар ачылары да кабарланды.
Бул өлкөдө 1-декабрдан тартып коронавируска байланыштуу сактануу эрежелери кайрадан күчөтүлгөн. Жума күнү кечки саат 21:00дөн дүйшөмбү күнкү таңкы саат 05:00гө чейин атайын уруксаты жок тургундар үйүнөн чыкпоого тийиш.
Түркияда 25 миңден ашуун кыргызстандык расмий каттоого алынган. Коронавирус алардын канчасына жукканы тууралуу расмий маалымат жок. Бирок Кыргызстандын Анкарадагы элчилиги 7-декабрда бир кыргызстандык келиндин коронавирустан каза болгонун кабарлаган.
Түркияда коронавирус илдетин жугузуп алгандар биринчи жолу 11-мартта катталган. Ал эми расмий маалыматтар боюнча 14-декабрда Түркияда COVID-19 вирусунан өлгөндөр 16 646 кишиге жетти. Вирус жугузуп алгандар 1 миллион 900 миңден ашып, алардын 1 миллион 700 миңге жакыны айыгып чыкты.
Кыргызстанда COVID-19 вирусу жуккандарды кабыл алуу үчүн орундар жетиштүү. Бул тууралуу Коронавируска каршы республикалык штаб саламаттык сактоо министринин орунбасары Нурболот Үсөнбаевге таянып билдирди.
Бейтаптарга даярдалган 8000 орундун 4620сы колдонулууда. Дарылоо үчүн – 4943 кычкылтек концентратору жана 506 ИВЛ аппараты бар.
Кыргызстанда 15-декабрга карата дагы 236 адамдан коронавирус илдети аныкталып, төрт киши ушул оорудан улам жашоо менен кош айтышты.
Илдетке каршы республикалык штабдын маалыматына ылайык, мурда ооругандардын арасынан 417 адам айыкты.
Жаңы аныкталган учурлар:
- Чүй облусунда - 82;
- Бишкек шаарында - 51;
- Ысык-Көл облусу – 47;
- Жалал-Абад облусу - 24;
- Ош облусу – 9;
- Баткен облусу - 6;
- Талас облусу - 6;
- Ош шаары – 6;
- Нарын облусу – 5.
Кыргызстанда COVID-19 вирусуна чалдыккандар алгач 2020-жылдын 18-мартында аныкталган. Илдетке каршы республикалык штабдын расмий кабарына ылайык, андан бери коронавирус 77 910 кишиге жукту, алардын 1316 каза болуп, 70 867 бейтап айыкты.
15-декабрга карата дүйнөдө бул ооруга кабылгандардын саны 73 миллиондон ашты. Алардын 1,6 миллиондон көбү жашоо менен кош айтышып, 51 миллиондон ашуун адам сакайды.