Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:51

Өзбекстан мигранттарын күчтөп чакыртууда


Cанкт-Петербург. Өзбекстандык мигрант коон сатып жатат. 8-август, 2012-жыл.
Cанкт-Петербург. Өзбекстандык мигрант коон сатып жатат. 8-август, 2012-жыл.

Өзбекстанда тышка чыгып кеткен эмгек мигранттарын мекенине кайтаруу үчүн атайын өнөктүк башталды. Милиция үймө-үй кыдырып, ата-энелерден мигрант балдарын артка чакырууну талап кылып, буйрукка баш ийбегендерди ири айып пул менен коркутууда.

Акыркы кездерде «Азаттыктын» өзбек кызматына Орусиядагы жана Казакстандагы өзбекстандык мигранттардан ар кандай каттар түшө баштады. Казак жергесинде эмгектенип жаткан ферганалык мигрант минтип жазат:

- Бүгүн мага Өзбекстандан чалышып, шашылыш үйгө чакырышты. Көрсө маале комитетинин активдери менен участкалык милиция үйлөрдү кыдырып, Орусияга же Казакстанга иштеп кеткендердин тизмесин түзүп атыптыр. Мигранттарды 10 күндүн ичинде кайтарып келип, аларга иш орундарын түзүп берүү тууралуу буйрук түшүптүр. Менин жакын таанышым, коллеждин мугалиминин айтымында, жакында эле район акими жыйналыш өткөрүп, баарын артка кайтарууну талап кылыптыр.

Орусияда иштеп жүргөн дагы бир мигрант анын досунун ата-энесин чоң айып пул менен коркутушканын айтат:

- Мен Фергананын Алты-Арык деген жериненмин. Кокондук досумдун ата-энесинин үйүнө милиция келип “Эгер балаңар үч күндүн ичинде кайтпаса, андан кийинки ар бир күнгө 700 миң сумдан төлөйсүңөр»,- деп айтыптыр. Азыр эми ал жигит айласын таба албай жүрөт.

Атын атабаган кокондук укук коргоочу мигранттарды мекенине кайтаруу кампаниясынын башталганына эки жумага жакындап калганын билдирди:

- Бир эле Кокондо эмес, жалпы Фергана облусунда башталды. Жакында эле премьер-министр Мирзияев Ферганага келип 6 сааттык чогулуш өткөргөн. Ал жергиликтүү бийликтегилерге чет жерде иштегендердин тизмесин түзүп, аларды кайтарып келип, мекенинен жумуш менен камсыздап берүүнү буйруду. Ушундай эле буйрукту бардык ишканаларга берип, кайтып келген мигранттарды ишке алууга чакырды. Алар сырттан айына 2-3 миллион сум табышат. Бул жакта маянасы кандай болору белгисиз.

“Азаттык” радиосу Фергана облусунун акимчилиги менен байланышып, бирок бул боюнча маалымат ала албады. Ал арада ушундай эле иш-чаралар Анжиян облусунда да башталганы маалым болду.

Орусияда иштеген анжияндык мигрант анын кичи мекенинде да үгүт кампаниясы жүрүп жатканын кабарлады:

- Азыр бизде – Коргон-Төбөдө айыл аксакалдары менен участкалык инспекторлор үйлөрдү кыдыра баштаптыр. Менин ата-энем да кел деп чакырып жатышат, азыр карыздарым көп, алардан кутулмайынча бара албайм.

Казакстанда жүргөн дагы бир мигранттын айтымында, анын атасы балдарды артка чакыруу зарылдыгын мечит имамынан уккан.

Президент Ислам Каримов былтыр 20-июнда өлкөнүн Жиззах жана Сырдарыя региондоруна барганда сыртка иш издеп кеткен мигранттарды “жалкоо, даңгеселер” деп атаган.

Ислам Каримов: “Москвада көчө шыпырган өзбек - даңгесе"
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:11 0:00

Ташкенттик көз карандысыз журналист Абдурахмон Ташановдун айтымында өзбек президенти Ислам Каримов 18-июлда Жиззак облусуна болгон иш-сапарында сүйлөп жатып, эмгек мигранттарын “бекерпоздор” деп атаган. Ошондон кийин дароо президент администрациясынын жана министрлер кабинетинин буйругу менен чет жакка кеткен эмгек мигранттарынын санын кыскартуу максатында үгүтөөчү топтор түзүлүп, эл арасында түшүндүрүү иштери башталган:

- Ал топторго мугалимдер жана башка чыгармачыл иштер менен алектенген коом өкүлдөрү киришет. Азыр алар Фергана облусунда иш жүргүзүшүүдө. Ата- энелер менен сүйлөшүп, балдарын чет жактарга жөнөтпөөнү айтып жатышат. Менимче бул кампаниянын эки себеби бар. Биринчиден, акыркы жылдары Орусияга жана Украинага чыгып кеткен 3 миллионго жакын өзбек жарандарын көзөмөлдөө кыйын болуп калды жана алар кандайдыр бир коркунуч жаратышы мүмкүн. Экинчиден, өкмөт жарандарынын ар кандай диний агымдарга тартылып кетишинен чочулайт. Чынын айтканда, өкмөт сырттан башка жашоону көрүп келген мигранттар, өз өлкөсүнө кайтканда жумуш таба албай олуттуу суроолорду көтөрүп чыгышынан коркушу керек.

29 миллион калкы бар Өзбекстанда сегиз миллиондон ашуун адам чет жакта мигрант болуп кеткен. Алардын басымдуу бөлүгү Орусияда, Казакстанда, Украинада жана Түштүк Кореяда иштешет.

"Даңгеселердин" Каримовго белеги

WhatsApp аркылуу "Азаттыктын" өзбек кызматына жолдонгон ушул видеодо президент Каримов айткан "даңгеселердин" бир тобу иштен кийин чыгармачылыкка да убакыт таап жатканы белгиленген. 26.06.2013
"Даңгеселердин" Каримовго белеги
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:12 0:00

XS
SM
MD
LG