Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:25

Мектеп директорлорунун "козголоңу"


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Облустук прокуратура Чүй районундагы мектептерде иштеген мугалимдер менен техникалык кызматкерлерден акча топтоо фактысына байланыштуу кылмыш ишин козгоду.

Ал ортодо акча топтоо боюнча оюн ачык айтып чыккан мектеп директорлору Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн жетекчилигинин куугунтугуна кабылып, текшерүүгө туш болуп жатышканын айтып, "Азаттыкка" даттанышты.

Чүй районунда 28 мектеп бар. Мындан сырткары, Токмок шаарындагы 13 мектеп да Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнө карайт.

Райондогу үч мектептин директору "Азаттык" радиосуна куугунтукка кабылып, мугалимдер ортосунда чагымчылдык болуп жатканына даттанышты.

Алардын бири, Рысменди уулу Акмат атындагы орто мектептин директору Чынара Маанаева ар бир мектептен 10 миң сомдон акча чогултуу тууралуу сөз болгонун айтып берди:

Чынара Маанаева.
Чынара Маанаева.

- “Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнө Эсеп палатасы келди, 28 мектептен акча чогултуш керек, ар бир мектептен 10 миң сом керек” деп калды. Мени “райондогу тийиштүү мектептердин директорлорунан чогултуп алып келиңиз” дегенинен телефон чалып, “кааласаңар бергиле, өзүңөр чогултуп алып барып бергиле, мен чогулта албайм” деп айткам. Кандайдыр бир себеп менен бул маалымат УКМКга түшүп калыптыр. Ал жактан келген балдар мектептерди кыдырып, бизден да сурашты. Мен болгонун айттым, биздин чыр ушундан чыкты. Бул акчаны профсоюздун төрагасы Самат Нааматов чогулттуруп, “акчаны мага алып келип бергиле” деген.

Ленин айылындагы толук эмес орто мектептин директору Тамара Садыгалиева да профсоюздун төрагасы Самат Нааматовдун атын атап, “Эсеп палатасы үчүн” деген 10 миң сомду мугалимдерден чогултуп бергенин айтууда:

Тамара Садыгалиева.
Тамара Садыгалиева.

- Мисалы, менин мектебимде 12 эле мугалим иштейт. Ар бири 500дөн чогултушту. Көбүрөөк мугалим бар мектептерде 300-200дөн чогултушуптур. 17-апрель күнү эмгек китепчелерди текшерип келгенде ошол 10 миң сомду Нааматов Самат өзү алып кетти. Аны көргөн күбөлөр да бар. Эми ошол иштин аягы созулуп кетти. УКМКга кайрылып, арыз да жаздык. Ошондон бери Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн башчысы Айткүл Кибираева менен Самат Нааматов каалаганындай калчады. “Сүйлөшөбүз” деп чакырып алып, абстракттуу сөздөр менен баштап, “өз арызыңыздарды жазып кеткиле” дейт. Балдарыбызга чейин айтып коркутту. Мугалимдер менен директордун ортосунда мамилени үзүп, ушундай кадамдар жүрүп жатат. Сабак ордуна ушундай иштерди айтып, бизди аксатып жатат.

Садыгалиева райондогу 28 мектептин экөөнөн башкасы 10 миң сомдон чогултуп бергенин белгиледи. Ал “Эсеп палатасы же аудит келди” деген шылтоо менен соңку сегиз жылдан бери эле мектептерден акча жыйналып келгенин билдирди:

- Биз бул кишилер менен чогуу иштеп келатабыз. Мен 28 жылдан бери мектепте иштедим. Анын сегиз жылын директор болуп иштеп келатам. Ошончо убакыттан бери эле жылына эки жолу акча чогултабыз. Быйыл 10 миң сом болду, былтыр 8 миңден бергенбиз. Андан мурдагы жылы 5 миң. Төрт миңден баштап 10 миңге жетти. Бир жылда эки жолу – “аудит келди” деп өзүнчө, “Эсеп палатасы келди” деп өзүнчө чогултабыз. Муну бир киши айтып чыкпаса болбойт да, 10 миң сом деген көп акча.

Айнура Турдубаева.
Айнура Турдубаева.

Ушундай эле дооматты айткан Кошой орто мектебинин директору Айнура Турдубаева мугалимдер 400, техникалык кызматчылар 150 сомдон топтоп бергенин билдирип жатат.

Ал укук коргоо органдарына айтып бергени үчүн мектепке улам комиссия жөнөтүлүп, даттангандардын туугандарын ортого салган жагдайлар болуп жатканын билдирүүдө.

Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн башчысы Айткүл Кибираева быйыл март айында Эсеп палатасы келгенин ырастап, бирок акча чогултуу жана куугунтук тууралуу маалыматтарды четке какты. Бөлүм башчынын айтымында, билим сапатын аныктаган аккредитациядан өтпөй калган мектептерге өзүнчө мониторинг жүргүзүлдү.

- - Кысым болсо сөгүш жарыяланмак, азыр октябрь айы, алар жакшы эле иштеп жатышат. Быйыл мамлекеттик мектептер билим сапаты боюнча аккредитациядан өткөн. “Ошондон өтпөй калган мектептерге карата чара көрүлсүн” деген Чүй облустук администрациясынын коллегиясынын чечими чыккан. Чара көрүү алдында мониторинг кылсак, үч мектептин бирөөндө билим сапаты 0%, экөөндө 5% болуп чыккан.

Ал эми мектеп жетекчилери акча алуу боюнча айыптаган профсоюздун башчысы Самат Нааматов директорлордун өзүн күнөөлөдү:

- Кээ бир мектеп директорлору мугалимдерге райондук билим берүү бөлүмүнүн жана профсоюздун атын айтып, “ушулар талап кылып жатат” деп өздөрүнө керектүү каражатты топтоп алышкан. Бул окуялар билинбей келген. Кандайдыр бир себептер менен быйыл билинип калганда ушунтип ар кайсы инстанцияларга кайрылып, жазып жүрүшөт.

Ал ортодо УКМК акча чогултуу боюнча иш козгогону белгилүү болду. Билим берүү жана илим министрлигине Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн жетекчилигин убактылуу кызматтан четтетүү жөнүндө кат берилген.

Министрликтин коррупциянын алдын алуу саясаты секторунун башчысы Марат Усупбековдун "Азаттык" радиосуна айтканына караганда, тергөө бүткөнгө чейин министрлик бул көрүнүштү өз алдынча териштире албайт.

Билим берүү министрлиги.
Билим берүү министрлиги.

- УКМКда иш козголуп, бизге кат келген. Азыр тергөөнүн жыйынтыгын күтүп жатабыз. Тергөө бүтүп, сотко өткөрүп берсе анан биз чара көрөбүз да. Азыр убактылуу текшере албайт экенбиз. Ал эми кызматтан алыш үчүн тергөөчүнүн токтому же соттун чечими болушу керек.

Маалыматка караганда, июнь айында директорлордун арызын Чүй облустук прокуратурасы карап, Кылмыш-жаза кодексинин 304 жана 313-беренелеринин ("Мамлекеттик тескөө органынын кызмат адамдары тарабынан мыйзамсыз текшерүү жүргүзүү", "Опузалап пара талап кылуу") негизинде иш козгогон. УКМК учурда тергөө амалдары жүрүп жатканы тууралуу маалымат берди.

Министрлик бул көрүнүштү өз көзөмөлүнө алып, аталган мектептерди текшерүү боюнча райондук билим берүү бөлүмүнүн буйругун жокко чыгарууга тапшырма берди.

Эсеп палатасынан бул боюнча маалымат алуу мүмкүн болгон жок.

Мектептеги мыйзамсыз акча чогултуу туурасында ата-энелер буга чейин көп эле айтып келишкен. Бул жолу директорлор даттанып чыкты. Кийинки убакта “билим берүү системасы кризиске кептелди” деп сындагандар бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG