Ош шаарынын четинде жашаган 51 жаштагы Калык 28 жыл бою аскер кызматында иштеген. Ал төрт жылдан бери эки бөйрөгү тең иштебей, жасалма бөйрөк жабдуусуна туташкан.
Карантинге чейин ооруканага барып келүүгө күнүнө 20 сом коротсо, азыр жол киреси 400-500 сомго чыкты. Жумасына үч ирет диализ алышы керек. Жолдогу блокпосттордон да убагында өтө албай, керектүү процедурасына кечигип калууда.
«Азыр бизде шаардык транспорт жүрбөй токтоп турат. Машине тапсак жолдогу посттордон өтүш өтө кыйын, - деп түшүндүрдү ал. - Бир жолу ооруканага барып келиш үчүн машинени 400-500 сомго жалдап жатабыз. Посттордон жалдырап араң өтөбүз. Диализди ооруканада мурда үч нөөмөт менен алчу элек, азыр карантинге байланыштуу эки нөөмөт эле кылып койгон, кечки саат бешке чейин алып бүтүшүбүз керек. Посттордон кармалып, диализге жетпей калган айылдыктар көп. Биз деле Оштон, кичирайондордун арасы бүт тосулган. Менде азыр жол кире тартыш. Пенсиям аябай аз, беш балам бар, аялым иштебейт. Жоро-жолдошторум кичине тыйын берип, жардам кылып жатышат. Гемодиализдегилерди өзбүзгө окшогон бейтаптар эле түшүнбөсө, башка калың эл биздин кыйналганыбызды билбейт».
«Диализди баары алат»
Бул күндөрү коомчулукта гемодиализге жетпей калып каза болуп калган бейтаптар тууралуу маалыматтар чыга баштады.
Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштрууу жана дары-дармек департаментинин башкы адиси Гүласыл Сутуева ушул тапта Кыргызстанда бюджеттин эсебинен гемодиализ алууга кезек күткөн 170 кишинин ичинен бешөө каза болуп калганын билдирди:
«Мамлекеттик, бекер диализде 15 орун бошоп калганынан, кезекте турган 170тей бейтаптын 15ине телефон чалып тактасак, бешөө кайтыш болуп кетиптир. Экөө «бөйрөк алмаштырабыз» деп Орусияга барып, кайта албай калып, ошол жактан диализ алышууда. «15 киши диализге жетпей өлдү» деген туура эмес маалымат. Биз бейтаптар менен тыгыз байланышта болууга аракет кылабыз. Бардык диализ борборлорунда дарыгерлерге, жетекчилерге эскертип, ар бир бейтаптын диализди убагында алышы тууралуу катуу эскертилген. Бейтаптын телефон номурлары - баары бизде бар. Алар кечигип, блокпосттон өтө албай жатса, бизге чалышат. Дарыгерлер блокпостторго айтып түшүндүрөт. Бүгүнкү күндө диализге жетпей калды деген маселе жок. Ооба, карантин башталганда болгон, мындай көрүнүш. Ошентсе да оорулуулар эптеп блокпосттон өтүп келип жатышты».
«Министрлик ачык айтпайт»
«Гемодиализ бейтаптары» коомдук бирикмесинин түзүүчүсү Санабархан Матанова азыр коомчулукта гемодиализге жетпей калып, каза болгондор мындан да көбүрөөк болушу мүмкүн деген пикирде. Анткени оорулуу бир жума эле тийиштүү жардам албай калса, өмүр менен кош айтышып кетиши ыктымал.
Диализди дайыма алгандар ишемби-жекшембиге араң чыдап, кийинки жумага чейин жашайт.
«Каза болгондор 15тен да көп болушу мүмкүн, - деди Санабархан Матанова. - Себеби, азыр гемодиализге 170тей киши кезек күтүп жатпайбы. Алар бир жума албай калса өлүп калышы мүмкүн да. Диализди дайыма алгандар ишемби-жекшембиге араң чыдап, кийинки жумага чейин жашайт. Анан биз азыр эч жакка чыга албай жатабыз да. Саламаттык сактоо министрлиги бизге так маалымат бербей жатат. Биздин диализ алуубузга каражат жетиштүүбү, кайсы айга чейин биздин керектөөчү дары-дармектерибиз жетет? Мына ушул суроолорго жооп жок болуп жатат. Анан кезек күткөндөр боюнча да министрлик так маалымат бербей жатпайбы».
«Балдар операция болбой калды...»
Бейтапкана, ооруканага жетпей калуу маселеси жалаң эле бөйрөк оорусу барларда эмес, онкология, кант диабети менен жабыркагандарда да курч. Коронавируска байланыштуу чектөөлөр башталгандан бери пландалган хирургиялык операциялар токтоду.
Эне-баланы коргоо боюнча улуттук борбордун дарыгерлери экиге бөлүнүп, жарымы тез жардам көрсөткөн тартипте ооруканада иштесе, калганы телефон, онлайн аркылуу өнөкөт оорусу бар балдарды дарылоого көрсөтмө берип жатышат. Бул тууралуу мекеменин директору Камчыбек Узакбаев маалымдады:
«Министрликтин буйругу менен балдардын пландалган операцияларынын баары токтотулду. Себеби, бир балага операция жасасак, «аны көрөт элек, багат элек» деп урук-туугандарынын баары ооруканага келе берет да. Биз ооруканага вирус алып келүү коркунучун таптакыр жок кылышыбыз керек. Өнөкөт оорусу бар балдарга дарыгерлер онлайн иштеп, кеңештерин телефондон, «WhatsApp» аркылуу берип жатат. Ал эми борбордун төрөт үйү кадимкидей эле кош бойлууларды кабыл алып, ишин улантууда».
«Онкологияда дары жетишпейт»
Өсмө оорусу менен жабыркагандар арасында химия терапия, нур менен дарылоо иштери да солгундап, айрыкча дары-дармектердин жетишсиздиги тууралуу маалыматтарды коомдук активисттер байма-бай чыгарууда. Бюджеттен 2020-жылдагы химия, нур менен дарылануу үчүн бөлүнгөн 160 миллион сом каражат да кечигип жатканы кабарланган.
Улуттук онкологиялык жана гематологиялык борбордун директору Эрнист Тилеков бюджеттен каралган акча бир апта ичинде түшөрүн, ал эми шашылыш эмес операциялар, аймактардагы бейтаптарды кабыл алуу убактылуу токтогонун кабарлады. Ал азыр эң башкы көйгөй чек аралар жабык болгондуктан, керектүү дары-дармек кирбей жатканын билдирди:
«Бизди кыйнаган нерсе - өзгөчө абал киргенден бери тендерден өткөн дарыларды өлкөгө алып кире албай жатышат. Маселен, биздин үч дарыбыз бар, былтыр декабрдын аягында, январдын башында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жогорку технологиялар боюнча сатып алуу тендеринен өткөн, бирок азыркыга чейин алып келе албай жатабыз. Фармкомпаниялар «чек аралар ачылса эле дарыны алып келет элек» дешет, айлабыз жок. Тендер жарыялаган күнү деле кээ бир онкологияга керектүү дарыларды фирмалар койбой жатат. Ушуга байланыштуу коюлбаган дарыларды фармкомпаниялардан түз эле, тендерсиз бир ай бою сатып алып туралы деп кайрылып жатабыз. Эгер фирмалардын кампаларында болсо дароо сатып алат элек, себеби онкологиялык бейтаптарга дары аябай керек да».
Мындан тышкары үйүнөн чыга албай калган, кант диабети менен ооругандарга Бишкекте ыктыярчылар велосипед менен инсулин ташыган учурлар да бар. Бирок адистер барган сайын өлкөдөгү дары-дармек улам азайып, сейрек кездешүүчү оорулар үчүн дарылар таптакыр жетпей жатканын айтып жатышат.
Антсе да саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев өнөкөт ооруларды дарылоо боюнча абал көзөмөлдө деген мааниде маалымат берди:
«Өнөкөт оорулуулар каралбай калган жок. Болгону пландуу операция болчуларды гана убактылуу токтоттук. Төрөтканалар, гемодиализ менен камсыз кылуу мурдагыдай эле тартипте ишке ашып жатат. Эгерде оорусу күчөп кетсе, кайрыла турган болсо анда бардык мекемелерге тапшырма бергем, бейтаптын абалына жараша ал ооруканага жаткырылат».
Ал арада Республикалык кан борбору карантин башталган алгачкы күндөрү донорлор жетишпей кыйналган. Азыркы тапта бул борбордун жетекчилиги комендатура менен сүйлөшүп, пландык операциялар да жасалбагандыктан кан тапшырууга келгендер аз болгонуна карабай күнүмдүк талапты аткарып жатышканын билдирди.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.