Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Швейцарияга жасаган жумушчу сапарынын алкагында Женева шаарындагы Коопсуздук саясаты борборунда кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылыш тууралуу баяндама жасады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
"Эдил Байсалов 2022-жылдын 14-16-сентябрында Баткен облусунун тынч жаткан айылдарына тажик тараптын куралдуу кол салуусунун кайгылуу кесепеттери тууралуу кеңири баяндама жасады. Баяндамадан соң Женева борборунун директору, швейцариялык дипломат жана ЕККУнун мурдагы башкы катчысы Томас Гремингер менен өлкөлөр ортосундагы талаш-тартыштарды чечүүдө дипломатиянын инструменттерин колдонуунун мүмкүн болгон жолдору боюнча талкуу болду", - деп жазылат маалыматта.
14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыркаган Баткен районунун Достук жана Капчыгай айылдары толугу менен жаңыдан курулат. Мындай жарлыкка президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-октябрда кол койду.
Ага ылайык, Баткен районунун Капчыгай жана Достук айылында жабыркаган үйлөр зыянды баалоо комиссиясынын аныктамасына карабай бузулат жана ордуна жаңы турак жай курулат. Курулуш белгиленген мөөнөттө аяктайт. Жаңы курулган үйлөрдүн документтери курулуш иштери аягына чыгары менен ээлерине акысыз берилери айтылды.
Баткендеги соңку каргашанын айынан үй-жайын таштап чыгууга мажбур болгондордун миңден ашууну дагы эле убактылуу кабыл алуучу жайларда жашап жатышат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) 11-октябрдагы маалыматына караганда, 1083 адамдын 11и Ош шаарында, 17си Жалал-Абад, 45и Ысык-Көл, 819у Чүй, 191и Баткен облустарында.
Мындан тышкары Баткен облусунун башка аймактарында жергиликтүү тургундардын үйлөрүндө 4871 адам бар.
Жалпысынан 136 770 адам эвакуация болгон, алардын 130 650сү үйүнө кайтты.
16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда курман болгон аскер Эламан Ураимовдун атын Бишкектеги Кара-Дарыя көчөсүнө берүү сунушун Бишкек мэриясы четке какты.
Бул тууралуу демилгечилердин бири, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Телеграм баракчасына жазды.