16-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан кыйраган үйлөрдүн ордуна жаңы турак жай курула баштады. Алардын алгачкылары Баткен районундагы Ак-Сай айыл аймагындагы Достук жана Капчыгай айылдарында курулууда. Бул тууралуу Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев "Азаттыкка" билдирди.
Анын айтымында, ар бир үйдүн курулушу үчүн 3,3 млн. сомдон бөлүнгөн, учурда жалпы 500 млн. сом бөлүнгөн.
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Катардын тышкы иштер министри Шейх Мухаммед бин Абдурахман Аль Тани менен жолугушуусунда эки тараптуу кызматташтыкты, соода, инвестиция, түз аба каттамдарын ачуу жана башка маселелерди талкуулады.Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Жолугушууда сентябрь айында кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжал тууралуу да сөз болуп, Кулубаев Катар өкмөтүнөн "Баткенде куралдуу кол салуудан кыйраган инфраструктураны жана элдин турак жайын калыбына келтирүүгө көмөктөшүүнү" өтүндү. Катардын тышкы иштер министри бул өтүнүч караларын убада кылды.
Кыргызстандын кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссиясы Тажикстанда сүйлөшүүлөргө катышып жатканы кабарланды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде билдирди.
Анын сөзүнө караганда, сүйлөшүүлөр 10-октябрга белгиленген.
"Комиссия ал жакта төрт күн болот. Мен да чакырылгам, бирок мен бул жакка келдим", - деди Ташиев.
Кыргызстандын аскерлери ЖККУнун “Рубеж-2022” деген аталышта Тажикстанда өтө турган аскердик машыгуусуна катышпайт. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Мекеме мурдараак Кыргызстандын аскердик контингенти ЖККУнун аскердик машыгуусуна катышууга даярдык көргөнүн белгилешти, бирок андан кайра эмне себептен баш тартканын ачык билдирген жок.