Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:51
Ак-Сай айылы.
Ак-Сай айылы.

Чек ара: Баткендеги эки айыл жаңыдан курулат

Бишкек Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда башталган куралдуу жаңжалда Кыргызстандан 63 адам мерт болгонун, 198 киши жараат алганын билдирди.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 14-сентябрдан бери 41 тажик жараны каза тапканын билдирди, бирок алардын канчоо аскер, канчоо жай тургун экенин тактаган жок. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 83 кишинин тизмесин жарыялады. Канча киши жарадар болгонун көз карандысыз башка булактардан тактоого азырынча мүмкүн болбой турат.

Кыргызстандын жана Тажикстандын Тышкы иштер министрликтери бири-бирин "куралдуу агрессияга" айыптады.

19:16 8.10.2022

Бүгүн 8-октябрда Тышкы иштер министрлигине (ТИМ) Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Назирмад Ализода чакырылганын, министрликтин басма сөз катчысынын Фейсбуктагы жеке комментарийине карата тажик тараптын расмий протести орунсуз экени айтылган ТИМдин маалыматында.

22:04 9.10.2022

Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз-тажик тилкесиндеги бөлүктөр тийиштүү материалдык каражаттар жана азык-түлүк менен толук камсыз кылынганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы 8-октябрда билдирүү таратып, социалдык түйүндөрдө чек арачылар камсыз кылынбаганы тууралуу маалымат тарап жатканын, анын баары чындыкка дал келбей турганын белгиледи.

22:05 9.10.2022

Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин имаратына курал алып барганы “кичине ката” болгонун 9-октябрда “Кабар” маалымат агенттигине курган маегинде билдирди.

Мамлекет башчысы депутаттар арасында "Аскерлердин огу жок экен, автоматтары жетпейт экен, Ташиев эмне кылып жатат, чалгыны иштебей жатат" деген сын айтылганын, Ташиев эмоцияга алдырганын айтты.

19:55 10.10.2022

Баткенде чек арадагы каргашада үй-жайын таштап чыгууга аргасыз болгон 6 миңден ашуун киши үйүнө кайта элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Мекеменин 10-октябрда тараткан маалыматында эвакуация болгон 137 миңдей кишинин көбү туруктуу жайгашкан жерлерине кайтып барганы айтылды.

Бүгүнкү күндө убактылуу кабыл алуу жайларында 1145 жаран жайгашкан. Алардын 13ү Ош шаарында, 17си Жалал-Абад облунда, 59у Ысык-Көл облусунда, 838 киши Чүйдө, 218и Баткен облусунда. Жарандардын үйлөрүндө 4975 киши убактылуу баш калкалап жатат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG