Баткендеги чек ара чырынан кийин ачылган атайын эсепке чогулган 312 млн. сомдук каражат үй-жайынан ажырагандарга бериле баштады.
Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди.
"Азырынча 200 миң сомдон берип жатабыз, бир аз убакыттан кийин дагы 100 миң сомдон берилет. Бул каражат үйсүз калган жарандар жаңы үйлөрү курулганга чейин жашап туруу үчүн гана", - деди Алимбаев.
БУУнун координатору Антье Гравени кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кандуу окуяга байланыштуу Жапаровго көңүл айтып, "БУУ Баткен облусунун жапа чеккен райондоруна мындан ары да зарыл жана тез арадагы жардам көрсөтүүгө даяр экендигин" билдирди.
Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаевге 7-октябрда аталган өлкөнүн ТИМи нота тапшырды. Буга Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысынын 5-октябрдагы билдирүүсү себеп болгонун «Озоди» радиосу жазды.
Маалыматты Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги да тастыктап, жакын арада нотага жооп даярдалып жатканын "Азаттык" радиосуна билдирди.
"Тажик тарап Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысынын мындай билдирүүсүн саясий маданият менен жөнөкөй дипломатиялык этиканын жоктугу катары баалайт", - деп жазылган Тажикстандын нааразылык билдирүүсүндө.
Тажикстандын ТИМ өкүлдөрү менен Кыргызстандын Дүйшөнбүдөгү элчиси Абдылдаев "маалыматтык мейкиндикте эки өлкөнүн коомчулугун адашууга алып барчу билдирүүлөргө жол бербөө" тууралуу пикир алышканын "Озоди" радиосу кабарлады.
5-октябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Чыңгыз Кустебаев Путиндин тажик президенти Эмомали Рахмонду орден менен сыйлаганы тууралуу Фейсбукта пикирин билдирип, "сыйлык "күнөөлүүнү" тапты" деп жазган.
Ага чейин Владимир Путин Эмомали Рахмонду 4-октябрда "Мекенге сиңирген эмгеги үчүн" III даражадагы ордени менен сыйлаган. Путиндин жарлыгында орден "Орусия менен Тажикстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мамилелерине жана шериктештикке кошкон чоң салымы жана аймактагы туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылганы үчүн" берилгени жазылган.
Кыргызстан Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) уставдык документтерине толуктоо киргизүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу 8-октябрда Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, 7-октябрда министрдин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев уюмга мүчө өлкөлөрдөгү кесиптештеринин Армениянын борбор шаары Ереванда өткөн жыйынына катышты. Анда ал, кыргыз ТИМи билдиргендей, “Тажикстандын Кыргызстанга карата аскердик агрессиясынын кесепеттери тууралуу маалымат берип, мындан ары куралдуу кол салууга жол бербөө жана бардык келишпестиктерди ортодогу келишимдин жана уставдын негизинде тынч чечүү үчүн уюм ичинде механизмдерди тез арада ишке киргизүүгө чакырды”.
Ниязалиев ушул контекстте биргелешкен билдирүү кабыл алууну жана ЖККУнун уставдык документтерине кошумча киргизүүнү сунуш кылганы маалымдалды.
Ереванда өткөн жыйынга уюмга мүчө өлкөлөрдүн башкы дипломаттарынын биринчи орун басарлары катышты. Алар тышкы жана коргоо министрлеринин, президенттердин пландалып жаткан жыйындарында карала турган маселелерди талкуулашты.