Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышта үй-жайы талкаланган тургундарга 300 миң сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам берилет.
Бул тууралуу 1-октябрда Баткен облусун калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйынында айтылды. Жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышып, суук түшө электе бузулган турак жайларды калыбына келтирүү зарылдыгын белгиледи.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев мамлекеттик банктарды жана өнүктүрүү фонддорун кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта жабыркаган бизнес чөйрөсүн калыбына келтирүүгө жардам берүүгө чакырды.
Төраганын орун басары 5-октябрда өнүктүрүү институттарынын Координациялык кеңешинин жыйынында билдиргендей, Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) аймактагы социалдык объектилерди каржылоону өзүнө алды.
Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта талкаланган турак жайлардын ордун тазалоо иштери уланууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 6-октябрдагы маалыматына караганда, облус боюнча 280 үйдүн орду урандыдан тазаланды. Тазалоо иштерине 200дөн ашуун адам тартылып, 55тей техника иштеп жатат. Жарандык коргонуу комиссиялары жабыркаган турак жайларды тактоо иштерин улантууда.
Тажикстандын Ворух анклавынын милициясы Баткен облусунун Ак-Сай айылынын тургундарына таандык 12 жылкыны жана эки автоунааны өткөрүп берди. Бул тууралуу облустук акимчиликтен кабарлады.