Баткенде жумушчу сапар менен барган Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров аталган облуска жалпысынан 3 миллиард сом бөлүнгөнүн "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, буга чейин резервде 2 миллард сом болгон жана бул каражатка дагы 1 миллиард сом кошулду.
АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Баткен облусунда жер которгонго дуушар болгон 400гө жакын үй-бүлөгө чукул гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн 8 млн. сомдон ашык (100 миң АКШ доллары) каражат бөлөт.
АКШнын Кыргызстандагы элчилиги 30-сентябрда кабарлагандай, каржылоо Кызыл чырым жана Кызыл жарым ай коомдорунун эл аралык федерациясы аркылуу жабыркаган үй-бүлөлөргө акчалай таратылат.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кыргыз жарандарын Дүйшөмбү аэропортунан кармап, Тажикстандын аймагына киргизбей жаткан учурларга байланыштуу билдирүү таратты.Анда Кыргызстандын жарандарына карата Тажикстанга кирип-чыгуу тартиби өзгөргөнү тууралуу эл аралык келишимдерде бекитилген тартипте маалымат бериле электиги айтылган.
Баткенде чек арадагы каргашада үй-жайын таштап чыгууга аргасыз болгон 10 миңден ашуун киши үйүнө кайта элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Мекеменин 1-октябрда тараткан маалыматына караганда, эвакуация болгон 137 миңдей кишинин көбү туруктуу жайгашкан жерлерине кайтып барышты.