Жогорку Кеңештин 28-сентябрдагы жыйынында "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын төрагасы, депутаты Адахан Мадумаров Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев парламентке курал алып келгенин айыптады. Ал буга байланыштуу төрагага кайрылып, анын аракетине укуктук баа берилиши керектигине токтолду.
Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо парламенттин 28-сентябрдагы жыйынында атайын кайрылуу менен чыкты. Анда соңку кездери мыйзам чыгаруу органына чоңсунгандар, жаманатты кылып, басынтуу аракеттери көбөйгөнүн билдирди. Буга байланыштуу ал президент Садыр Жапаровго кайрылып, аны өлкөдөгү соңку жагдайга байланыштуу маалымат берүүгө чакырды.
Транспорт жана коммуникация министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышта жардырылган Ак-Суу дарыясындагы көпүрөнү калыбына келтирүү иштери уланып жатканын билдирди. Учурда 36 метрлик көпүрөдө унаа өтүүчү жол курулууда.
Буга чейин аталган министрлик Баткен районундагы "Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык автожолунун жетинчи чакырымындагы Дача – Чайхана тилкесинде Ак-Суу дарыясына курулган көпүрөнү тажик аскерлери жардырган" деп билдирген. Тажик тарап буга байланыштуу комментарий берген эмес. Көпүрөдөгү кыймыл 20-сентябрда кайра жанданган.
Баткенде кыргыз-тажик чек ара маселесине байланыштуу жергиликтүү тургундар менен президенттин облустагы өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев жолугушту. Алар Апаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрынын залында сүйлөшүүдө. Түшкү саат 11ге жакын башталган жолугушуу дагы эле уланып жатканын саат 15:00дө "Азаттыктын" кабарчысы жеринен кабарлады.