Кыргызстандын Чек ара кызматы Баткен шаарындагы аэропорттун айланасы жана шаар четиндеги имараттар жалпы ракеталык аткылоого кабылганын маалымдады. Анда шаардагы жарандык обьектилер талкаланганы айтылат.
Чек ара кызматы 15-сентябрь саат 14:00гө карата маалымат таратып, Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы абал чыңалган бойдон калып жатканын кабарлаган. Анда кыргыз тарап Баткен, Лейлек райондорунда катуу уруш болуп жататканын маалымдады.
Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда саат 13.00гө карата жалпысынан бери дегенде 31 адам жараат алып ооруканага түшкөнүн, алардын саламаттыгы тууралуу кийинчерээк маалымат берилерин билдирди. Мекеме аймактагы медициналык жайлар, "Тез жардам" кызматтары күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөнүн, ооруканаларда кандын запасы, дары-дармек жетиштүү экенин кабарлады.
Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаалга байланыштуу маалыматтарды өз убагында, чукул таратып туруу үчүн "Кабар" маалымат агенттигинде атайын медиа штаб түзүлдү.
Аталган агенттиктен кабарлашкандай, штаб күнү-түнү иштейт жана тиешелүү мекеме-органдардын өкүлдөрү болот. Ошондой эле маал-маалы менен басма жыйындар, окуя болгон жерден түз алып көрсөтүүлөр уюштурулуп турат.
"Учурда медиа штабдын иши үчүн бардык шарттар түзүлүп, мамлекеттик мекеме-органдардын басма сөз катчылары, журналисттер, активисттер, эсперттер жана блогерлер чогулду",-деп айтылат маалыматта.
Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) мунун алдында чек арадагы чырга байланыштуу такталбаган, чагымчыл мүнөздөгү материалдарды таратпоого чакырган.
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине караштуу Чек ара кызматы 16-сентябрда түшкө жуук тажик тарап чек арада ракеталык комплекстерди жана тик учактарды, чопкутталган аскердик оор техникаларды колдонуп жатканын кабарлап, чек арада оор кагылышуу болуп жатканын билдирди.
"Тажикстандын куралдуу күчтөрүнүн чек араны бузуп кирүүсүнө жол бербөө үчүн жерден жана абадан урулган баардык соккуларга каршы чаралар колдонулуп жатат", - деп айтылат Чек ара кызматынын маалыматында.
"Озоди" Тажикстандын Чек ара кызматынын «Ховар» агенттигине берген маалыматына шилтеме кылып, Кыргызстандын аскерлери куралдын бардык түрүн колдонуп, тажик тарапты тынымсыз аткылап жатканын жазды.
"Учурда Тажикстандын кырдаалды тынчытуу аракети оң жыйынтык бербей, Кыргызстандын аскерлери тынчтык сүйлөшүү сунушун көңүл бурбайт жатат", - деген Тажикстандын Чек ара кызматы «Ховарга».